Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

АМАНГЕЛДИ МУРАЛИЕВ: ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫНДА КОРРУПЦИЯ ЧОҢ


Кыргызстандын өкмөтү быйыл «Түндүкэлектро», Бишкек жылуулук түйүнү ишканаларын менчиктештирүү боюнча чараларды көрүп баштады. Коомчулукта энергетикалык ишканаларды менчиктештирүүнү жактагандар менен катар каршы чыккандар да болууда. Жакында эле бийликке оппозициядагы партиялар уюштурган Коомдук парламент бул маселеде коррупция аралашкан деп бийликтин аракеттерине таптакыр каршы болгон. Мына ушул маселе боюнча «Азаттык» мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевге бир нече суроо менен кайрылган.

- Президент Курманбек Бакиев жыл башында менчиктештирүү процессин тездетип калганына, кээ беркилерди мамлекеттен ажыратууну сунуш кылбадыбы. Анын ичинде электр тармактары да туруп жатат. Бул демилге сизди канчалык ынандырууда ушул тапта?

- Негизинен энергетиканы менчиктештирүү багыты биринчиден эски эле доордон келатат. Мурунку президентибиз деле ушул маселеге көп көңүл бурчу. Эми азыр болсо бул маселени абдан кылдаттык менен караш керек. Эмне үчүн? Тамак ашка, газга, күйүүчү майларга, курулуш материалдарга баалардын баары өсүп атат. Эми биздин элибиздин айлык акысы анча деле өскөн жок, инфляция барын жеп атат. Азар болсо энергетика тармагын менчиктештирүү маселеси чечилсе, анда маселен Северэлектронун кожоюндары жоготуулардын үстүнөн иштебей, дароо эле тарифтерди көтөрүшөт. Тарифтерди көтөрсө анда биздин элибиздин турмушу абдан начарлап кетет. Энергетика биздин негизги тармагыбыз.

- Амангелди мырза, сиздин башкача кандай сунушуңуз бар. Мисалы, өкмөт айтып атат, биз менчиктештирбесек жанагыдай эскирип кеткен жабдуулардын баарын кайра калыбына келтире албайбыз деп?

- Мындай тажрыйба бар. Маселен Россияда РАВЭС деген электр компаниясы бар, монополия негизинде иштеп атат. Алар жакшы иштеп атат, ГЭСтерди да куруп атышат, энергетиканы да оңдоп атышат. Билесиз Москвада эки жыл мурун аябай чоң кризис болгон, ошонун баарын оңдоп чыкпадыбы. Мен ойлоп атам, азыр жоготуулар бул тармакта 40 пайызга чейин жетет. Ошол 40 пайыз деген бул абдан чоң резерв, кошумча биздин байлыгыбыз. Ошонун үстүнөн иштеш керек, тартипти, жоопкерчиликти көтөрүш керек. Маселен, энергетика тармактарда иштеген адистерди карасаңар, эң бийик деңгээлдеги айлык ошолордо. Жоготууларды 25 пайызга чейин жеткирсе, анда бир топ кошумча акча болот, ошонун баарын оңдоп кетсе болот. Менин оюмча, бул шылтоо. Бул шылтоого көңүл буруш керек, эмне үчүн дегенде амортизация, капремонт деген сөздөр бар. Анын баары сметада болуш керек.

- Бул жерде оппозициялык партияларды бириктирген коомдук парламент айтып атпайбы, менчиктештирүү деген коррупциялык схема менен баратат деп. Сиз ушул менчиктештирүү болуп калса таза өтөөрүнө ишенесизби?

- Мен ага ишенбейм. Эмне үчүн дегенде маселен бир эле Бишкек ТЭЦин алсак, ушуну да сатабыз деп атпайбы. Мына быйыл кыш бизде аябай кыйынчылык менен өтүп атат. Мына Тажикстанда кризис болуп атат, Россиянын айрым жерлеринде электр энергия жетишпей жатат. Бирок Бишкек ТЭЦинин генераторлору бар, электр энергия ошол ТЭЦти толук иштетсе, анда бизге жеңилдик болот эле. Бишкек ТЭЦи өзүбүздүн Каракече көмүрүн пайдаланбайт, Казакстандан алып келишет. Мен ойлоп атам, бул жерде да коррупция бар деп.

- Маегиңизге ырахмат.


Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек

XS
SM
MD
LG