2006-жылдын мартындагы президенттик шайлоодо Александр Лукашенкого атаандаш катары чыккан Александр Казулин ошол жылдын июлунан бери камакта. Ал шайлоодон кийин өкмөткө каршы демонстрацияларды уюштурганы үчүн айыптуу деп табылып, беш жарым жылга түрмөгө кесилген болчу.
Ошол жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Казулин ушуну менен абакта экинчи ирээт ачкачылык кармоодо. Лукашенконун бийлигине каршы биринчи ачкачылыгы 53 күнгө созулган. Маалыматтарга караганда, эгер бийликтер эмчектин рак дарты менен узак убакыт боюу күрөшүп каза тапкан жубайы Иринаны акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө катышууга уруксат бербесе, ал өз жанын өзү кыйуу үчүн шейшембиден тарта суу ичүүнү да токтоторун эскерткен. Ал эми медицинада белгилүү болгондой, ачкачылыкты кургак кармагандар бир аптадан ашык жашай албайт.
Адатта Беларуста үй-бүлөсүндө жаманчылык болуп калса, айыпкерди түрмөдөн убактылуу бошотушат. Бирок Казулин отурган Витебскидеги түрмөнүн өкүлдөрү ал жүрүм–туруму эрежелерин бир нече ирээт бузгандыктан улам Минскиден атайы уруксат берилмейинче бошотулбасын билдиришкен.
Беларус бийликтери азырынча Казулиндин эки кызынын өтүнүчүнө жооп берише элек. Анын мурдагы адвокаты Ихар Рынкевич ал жубайын акыркы сапарга узатууга катыша аларына үмүт бар экенин айтат:
-Аймактардан көп адамдар чалышып, саясий нааразылык өткөрүү үчүн борбордо чогулууга даяр экенин айтышууда. Бирок биз аларды мындайга барбоого үгүттөп жатабыз. Анткени биз бийликте мыйзамды урматтоо сезими жаралат, Александр Казулин үй-бүлөсүнө келүүсүнө уруксат берилет деген ишеничтебиз.
Соңку окуядан улам Александр Казулиндин жактоочулары ал абактагы акыркы саясий айыпкер экенине басым жасашууда.
Акыркы бир нече аптада беларус бийликтери күтүүсүздөн камактан алты адамды: ишкерлер Юрий Лявона менен Михаил Аутуковичти, оппозициянын жаш активисттери Артур Финкевич менен Змитсер Дашкевичти, журналист Александр Здвижко жана оппозициячыл саясатчы Андрей Климауну бошотушту. Алардын баары Батыш тарабынан абийир туткундары деп таанылган болчу.
Беларус бийликтери азырынча алардын эрте бошотулушунун так жүйөөсү боюнча түшүндүрмө берише элек. Оппозициячыл маанайдагы Жаштар фронту деген уюмдун лидери Артур Финкевич өзүнүн бошотулушун президент Александр Лукашенконун Батыш менен мамиле түзүүнү көздөгөнүнө байланыштырат:
-Бул эмне үчүн ишке ашты? Жаштар фронтунун активисттери жана адамдар менин тагдырыма тынчызданышып, күн сайын нааразылык билдирип турушту. Репрессиялангандарды коргоо комитети жана башка уюмдар дипломатиялык каналдар аркылуу иштеп, ушундай чечим үчүн аракеттеништи. Муну ошондой эле Лукашенконун Европага чегинүүгө баруу аракети катары да чечмелөөгө болот.
Айткандай, АКШ менен Евробиримдик "Европанын акыркы диктатору" атыккан Александр Лукашенкону саясий айыпкерлердин баарын бошотуу менен диссиденттерди репрессиялоо саясатын токтотууга такай чакырып келген. Адам укукгун бузуулардан улам Батыш беларус бийликтери менен бизнесине карата айрым санкцияларды киргизгенге да барган эле.
Лукашенконун режими жакындан бери Батышты көздөй башка кадамдарды да жасагандай болду. Ушул айдын башында Еврокомиссияга Минскиде бөлүм ачууга уруксат берилди. Еврокомиссия муну 2005-жылдан бери күтүп жаткан. Анткен менен айрым саясий аналитиктер Батыштын ишенимине кириш үчүн Беларус радикалдык реформаларга муктаж деген пикирде.
Айтор, президент Александр Лукашенконун Батыш менен мамилени оңдоо нитети чын болсо, Александр Казулиндин окуясы муну дагы бир ирээт сыначудай. Беларус бийликтерин ага жубайын акыркы сапарга узатууга катышуусуна жол берүүгө Евробиримдиктин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро–Вальднер да чакырды.