Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

ӨРТТӨНГӨН ДАЧА, БУЗУЛГАН ҮЙБҮЛӨ


Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин мурдагы зайыбы Асел Айнидинова ага карата Шамшиевдин куугунтугун жана укук коргоо органдары тарабынан козголгон кылмыш ишин токтотууну өтүнүп кыргыз бийлигине кайрылды. Анын билдирүүсүн коомчулукка жарыялаган Айнидинованын апасы Жамалкан Эгембаеванын айтымында, Шамшиев президенттин кеңешчиси кызматынан пайдаланып кызына жана ага кысым көрсөтүп жалган айып тагууда. Ал эми белгилүү кинорежиссер болсо дачаны кайын журту менен мурдагы келинчеги өрттөдү деп эсептеп, бардыгы мыйзам алдында бирдей жооп бериш керектигин белгиледи.

Белгилүү кино чебери жана коомдук ишмер Болот Шамшиевдин мурдагы кайын энеси Жамалкан Эгембаева белгилегендей, Шамшиев дачаны аялы Асел өрттөдү деген шек менен жана үйүндөгү сейфтен 75 миң сомду уурдап алды деп укук коргоо органдарына арыз менен кайрылыптыр.

«Убакыт өткөн сайын ал акчанын саны миллион сомдон ашты, Болот бизге жалган айыптарды тагып жатат»,- дейт Эгембаева.

Ошол окуядан кийин 35 жаштагы кызы катуу ооруп учурда Москвада даарыланып жатканын, ага карата Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогонун калыстыкка жатпайт деп эсептейт.

-Кызымды коркутуп звонок кылып атат. Аэропорттон түшөрүң менен эле колуңа кишен салдырам, мына сага айып койдурдум деп атат. Адвокаттын катыштыгы жок ал кандайча күнөөнү кое алат. Ага чейин менин кызым жабырлануучу болуп келсе, анан түз эле айыпталуучу болуп калабы? Эмненин негизинде?

Шамшиевдин Ташмойноктогу үч кабат дачасы өткөн жылы ал Кытайда иш сапары менен жүргөндө 25-июндан 26-июнга караган түнү саат эки жарымдарда өрттөнүп кетип, үй-мүлкүнөн айрылыптыр.

Анын мурдагы жубайы Асел Айнидинова апасы Жамалкан Эгембаева менен үч кабат дачадан окчунурак эки бөлмө жер үйдө уктап жатышкан болот. Короо жайды кайтарган аскер бала да бар экен. Ал үй-мүлктүн өрттөнгөнүн бизден көрүп мурдагы күйөө балам Болоттун куугунтугуна кабылдык, дейт Жамалкан айым:

-Өрт болгондо мен, Асель, аскер бала үчөөбүз болуп атпайбызбы. Анан менин үйүмдү текшергенде үймүлктү конфискация деп менин дагы квартирамдын, 2005-жылы алган машинемдин техпаспортторун алдырып алып атпайбы.

Эгембаева Свердлов райондук соту Шамшиев менен кызы Аселди ажыраштырган чечим чыгарып, мурдагы күйөө баласы кызына үй-жай түгүл, кийим кечесин бербей көчөгө чыгарып салганын белгиледи.

Ал эми Болот Шамшиев болсо мурдагы кайын энесинин айткандары чындыкка коошпостугун, зайыбы Асел энеси жана бир туугандары менен мүлктөрдү жана көп суммадагы акчаны уурдашып, дачаны өрттөп салган деп эсептейт:

-Мыйзам бардыгыбызга бир. Кайсы адам болбосун, кайсы кызматта болбосун баарына мыйзам бир.Ошондуктан күнөөлүү адам жазасын тартышы керек. Булар менин үйүмдү өрттөп, акчамды андан башка килемдерди, мебелдердин бардыгын уурдап катып салышкан жерди көрсөтсүн деп аракет кылып жатам. Бирок тергөөчүлөр бул ишти алигиче созуп келатышат. Сегиз айдан бери мен тергөөчүлөр качан жакшы иштейт деп артынан жүрөм.

Болот Шамшиев жалаң чыгармачылык жана башка чоң иштерге алек болуп жүрүп кайын журтунун азгыруусу менен мурдагы жубайынын кылмыштуу жолго түшкөнүн байкабай калганына кейиди. Анын айтымында, уурдалган буюмдардын айрымдары табылып, Аселге жана анын энесине Башкы прокуратура Кылмыш-Жаза кодексинин үч беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Cүрөт "Дело №" гезитинен алынды.

XS
SM
MD
LG