Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:24

АМЕРИКАЛЫК ОРКЕСТР ТҮНДҮК КОРЕЯДА ТАРЫХЫЙ КОНЦЕРТ БЕРДИ


Нью-Йорктун филармониялык оркестри тарыхта алгачкы жолу Түндүк Кореяда концерт берди. Оркестрдин жетекчиси Лорин Маазель концерт АКШ менен Түндүк Кореянын жакындашуусуна “чакан салым” кошот деген үмүтүн билдирди. Вашингтон менен Пхеньяндын дипломатиялык мамилелери жок экенин белгилей кетели.

Бул концерт тарыхка кирип калаары шексиз. 1948-жылы Корея жарым аралы экиге бөлүнүп калгандан бери ушундай деңгээлдеги америкалык маданий топ коммунисттик Кореяга бара элек болчу.

Концерт эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткаруудан башталды. Кас өлкөнүн гимнине кол чапкан түндүк кореялыктар – сейрек кездешчү көрүнүш.

Публикага даңазалуу оркестрдин аткаруусунда Рихард Вагнердин “Лоэнгрин” операсынан үзүндү, Жорж Гершвиндин симфониялык сюитасын жана Антонин Дворжактын 9-симфониясы тартууланды.

Чыгыш-пхеньяндык чоң театрда өткөн концерт өлкөнүн мамлекеттик радио жана телевидениесинде түз эфирде көрсөтүлдү.

-Музыка дайыма элдердин жакындашуусу үчүн сахна болуп келген. Биздин концерт жакшы кабыл алынса, эл биздин музыка аларга арналганын сезсе, угуучулар музыканы эл үчүн аткарып жатканыбызды билип, толкунданса, демек биз элдердин жакындашуусуна чакан салым кошкон болобуз, - деди концерттин алдында оркестрдин дирижеру Лорин Маазель.

Музыка спорт менен катар жабык коомдор, диктатордук режимдер өкүм сүргөн өлкөлөрдүн көшөгөсүн ачууга жардамдашкан учурлар тарыхта мурда да болгон.

Алсак ушул эле оркестр 1959-жылы Советтер Союзуна келип, окуя Никита Хрущевдун жел аргы жылдары келгенинен кабар берген.

1971-жылы Вашингтон менен Бээжиндин мамилелери өтө суук абалда болуп турган кезде америкалык үстөл тенисчилери Кытайдагы мелдешке катышып келишкен.

Нью-йорк филармониялык оркестринин музыканты Стив Фрииман концертке даярданып жатып буларды айтты:

-Менимче, бул позитивдүү нерсе. Биздин дүйнө кооптуу болуп калды. Ар бирибиз аны коопсуз кылууга колубуздан келгенди жасасак, жакшы болот.

Ушу тапта Бээжинде жүргөн АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс бул ойго кошулат.
Түндүк Кореянын эли сырткы дүйнө менен таанышып, турмушта башка нерселер бар экенин билишсе, жакшы болот, - деген Райс өткөн аптада.

Кытайдагы сүйлөшүүлөрдө ал Пхеньяндын атомдук программасынын айланасында сүйлөшүү өткөрмөкчү.

Бүгүн болсо маданий дипломатия аркылуу “Лидер дайыма биз менен”, “Японияга каршы согуштагы улуу жеңиш” же “Пхеньян - эң мыкты” деген симфонияларга көнгөн түндүк кореялыктар дүйнөлүк музыкалык казынага кирген чыгармаларды даңазалуу америкалык оркестрдин аткаруусунда уга алышты.
XS
SM
MD
LG