Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Ж.ЖОЛДОШЕВА: ШАЙЛОО ТУУРАЛУУ ПРЕЗИДЕНТКЕ ТУУРА ЭМЕС МААЛЫМАТ ЖЕТКЕН


Кечээ президент өзүнүн укугундагы БШКнын алты мүчөсүн дайындады. Андан мурдараак парламент дагы алтоону шайлаган. “Азаттык” үналгысынын буга байланыштуу суроолоруна Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, “Курманжан Датка” фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошева жооп берди.

-Сиз БШКнын мурдагы мүчөсү катары анын ишин илгерилетүү үчүн жаңы курам кайсы маселеге көңүл бурушу керек деп ойлойсуз? Анткени буга чейин эле БШКнын дарегине көп сындар айтылып келбедиби...

-Мен 28-январда президент Курманбек Бакиев менен жолугушкан элем. Ошондо жеке өзүмдү БШКнын мүчөлүк курамынан чыгарып коюу өтүнүчү менен кайрылгам. Себеби негизги максатым - чоң комплекстин 20-жылдык жана “Курманжан Датканын” 200-жылдык мааракесине даярдануу. Экинчиден, БШКнын төрагасы жана мүчөлөрү таза, өз ишин билген, чоң саясий өнөктүктөрдө өзүн алып жүрө алган, билими терең адам болуш керек экендигин баса белгиледим. Эми азыр жаңы курамы куралды. Мен бул курамга ийгилик, мыйзам чегинде жана адамдык өз абийири алдында иш алып баруусун каалайм.

-Жылдыз айым, БШКнын жаңы курамына парламенттин бир партиянын тандоосундагы алты мүчө келди. “Ак Жол” партиясын негиздеген президент дагы алты мүчөсүн бекитти. Башка партиялар арасында бул өтө кооптонууну жаратып жатканын өзүңүз билип, көрүп, угуп жатасыз. “БШК чөнтөккө ыңгайланды, келерки шайлоонун калыстыгы тууралуу сөз кылбай деле койсок болот” деген сөздөр айтылып жатат. Буга сиздин пикириңиз кандай болот?

-Албетте парламент тарабынан ар бир партиянын мүчөсү өтсө жакшы болмок. Себеби биз канчалык демократиянын принциптерин сактасак, ошончолук тактык болуп, туура багыттарга бармакпыз. Чынында парламент тарабынан ким келди, президент тарабынан кимдер барганын кечээ гана учкай угуп калдым. Бирок мен ойлойм, кандай гана шайлоо болбосун, ошол шайлоого эч ким кийилигишпей, БШК өзү өткөрсө жакшы болмок. Президент менен жолугушканда көп нерсени байкадым. Президентке Жогорку Кеңеш жөнүндөгү шайлоолордо көп так жана туура эмес маалыматтар жеткен. Мисалы мен ал менен маегимде байкадым. Ошон үчүн жаңы курам өзүнүн көз карандысыз көз караштары менен мыйзам, адам абийиринин, Кудайдын алдында жоопкерчилик менен иштесе жакшы болмок.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG