Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:31

ТҮРКИЯ ЖИКЧИЛ КҮЧТӨРДҮ ТАЛКАЛАМАЙЫНЧА ТҮНДҮК ИРАКТАН КЕТПЕЙТ


Түркиянын армиясынын Түндүк Иракта күрддөр партиясынын жикчил согушчандарына каршы операциясы уланууда. Вашингтон операциянын чукул арада соңуна чыгаарына үмүтүн билдирген менен бирге Түркияда айрым чөйрөлөр ПКК биротоло талкаланып жок кылынмайын аскерлер ал жерден кайтпаш керек деген пикир билдирүүдө.

Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн Түндүк Иракта ПКК уюмуна каршы кургакта баштаган ири операциясы бир жумадан бери кычыраган кыштын кыраан чилдесинде тынымсыз уланып келүүдө. Операцияны утурлап, НАТОдогу өнөктөшү, Иракты окупациялап турган күчтөрдүн башы АКШ менен кеңешип алганы билдирилген Анкара өкүмөтү операция бир гана ПКК террор уюмунун согушкерлерин бутага алганын, Түркиянын мундан сырткары башкача эч кандай бир тымызын күн тартиби болбогонун жана алдыга коюлган аскердик миссия ишке ашары менен операция бүтүрүлө турганын ишендирип келет.

Кечөө партиясынын парламенттеги тобуну алдында өкмөт башчысы Эрдоган: “Армиябыз пландалган максаттар ишке ашкандан кийин эң эле кыска аралыктын ичинде өлкөгө кайтып келе турганында шек жок. Түркия Жумуруятынын өкүмөтү ушу тапка чейин эч кандай бир жеңилдике баруулардын эсебинен бул чечимин чыгарган жок. Өкүмөт көзү жеткен үчүн аймактын жана өз өлкөсүнүн беипилдигин ойлогон үчүн ар бир кадамын билип жасап келди” деп билдирди.

Эрдоган бул сөздөрү менен “Иракты оккупациялап турган АКШ Түркияга бул операция үчүн бекеринен бата берген болбосо керек. Эрдогандын өкүмөтү Вашингтондун ыраазычылыгын алыш үчүн кандайдыр бир жеңилдиктерге барган болушу ажеп эмес” деп айрым оппозициялык чөйрөлөрдө айтылып жаткан түкшүмөл ойлорго жооп кайтаргысы келди. Айта кетсек, айрым чөйрөлөр, анын ичинде өлкөдөгү бир катар стратегиялык изилдөө борборлорунун адистери, февралдын башында Түркияга АКШ армиясындагы штаб башчылардын бириккен комиттетинин төрагасынын орунбасары генерал Жеймс Картврайттын келиши, анан көп өтпөй АКШ Сенатынын тышкы-карым катнаштар комитетинин төрагасы, Демократтар Партиясынын сенатору Джое Биден, демократ Джон Керри жана Республикачыл партиядан Чак Хагелден турган бир делегациянын Анкарада жетекчи чөйрөлөр менен сүйлөшүүлөр өткөрүшү, ошондой эле АКШнын коргоо министири Роберт Гейтстин бүгүн, а вице-президент Дик Чейнинин март айынын алгачкы аптасында Анкарага келе турган фактысына талдоо жүргүзүү менен, “ПКК операциясына жашыл от берген Вашингтон Иран операциясы тууралуу Анкараны эпке көндүрүү өнөктүгүнө баштаган болуш керек” деген болжолдуу жыйынтык чыгарышууда.

Ушул арада Ирак өкүмөтү Түркияны Ирактын суверендүү укуктарын бузуп жатат деп айыптап, операциянын дароо бүтүрүүнү талап кылды. Өкүмөттүн басма сөз өкүлү кечөө чыгып сүйлөп, “Өкүмөт Түркиянын, Ирактын суверендүүлүгүн бузгандык катары эсептелген аскердик интервенциясын айыптайт жана четке кагат” деди.

Ал эми Түрк өкүмөтүнүн басма сөз өкүлүлү мамлекеттик министир Жемил Кикек болсо Ирак тараптан кэлгэн сындоолорду четке кагып, операция Ирактын суверендүүлүгүн эмес, бир гана ПККны бутага алганын билдирди. Басма сөз жыйынында министр өкүмөт куралдуу күчтөргө чегаранын сыртында жасалуучу операциялар алып келе турган ар кандай ыктымалдуу жагдайларды эсепке алган саясий бир жарлык бергенин айтып, Түндүк Иракта жөн-жай карапайым буталар аткыланып жатканы жөнүндөгү Багдат өкүмөтүнүн доосун төгүнгө чыгарды.

“Түркия мындан ары анын тынчын алуусун каалабаит. Бул максат ишке ашкандан кийин албетте аскерлер кайтып келишет. Ылайым максат тез ишке ашса экен деген гана тилек, бирок ал качан ишке ашарын алдын ала болжоп айтыш кыйын”,- деген Чичек мырза Түркия Түндүк Иракта өзү үчүн буфердик коопсуздук зонасы түзгөн атат деген кабарларга да токтолуп, “Түркия улуттар-аралык норма жана укуктардын чегинде өз ишин алып барууда” деди.

Кечөө Вашингтондо мамлекеттик департаменттин 3-адамы болуп эсептелген Ник Бурнс Анкаранын турумун колдоп, АКШ ПКК уюмун террордук уюм катары кабыл алаарын дагы бир жолу кайталады.
ПКК Ирактын түндүгүндө баш паанектеген себептүү, Ирактагы күрт лидерлер дагы жоопкерчиликти аркалашы талап кылынаарын белгилеп ал ПКК ондогон жылдардан бери жөнжай түрк жарандарын жана аскерлерин өлтүрүп келаткандыктан АКШ өзүн Түркияга жакын сезеерин билдирди.

XS
SM
MD
LG