Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

СУУ-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК АКАДЕМИЯ ТҮЗҮҮНҮ ЕВРОПАРЛАМЕНТ КОЛДОЙТ


Президент Курманбек Бакиевдин суу-энергетикалык эл аралык академия түзүү демилгесин Европарламент колдоого алганын Тышкы иштер министрлиги расмий билдирди. Анда мындай академия түзүлсө, Борбор Азиядагы суу-энергетика маселелерин дүйнөлүк тажрыйбалардын алкагында чечүүгө болоор эле деген пикир айтылып, «Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан менен Европарламенттин энергетикалык жана экологиялык кызматташуусу жакшырат эле» деп белгиленген. Бирок муну айрым адистер Акаевдин бийлиги учурундагы бийик айтылып, аткарылбай калган иш-аракеттин бири болушу ыктымал деген пикирин айтышууда.

Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин башчысы Баатыркан Сыргабаев, президенттин Эл аралык суу-энергетикалык академия түзүү демилгесин Европарламент колдоого алганын билдирип, быйыл жыл аягында Кыргызстанда ушул маселелерге байланыштуу Эл аралык суу-энергетика саммити өтөөрүн да кошумчалады.

Өлкөнүн дыйкан чарбачылык институтунун жетекчиси, академик Жамин Акималиевдин пикиринде, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү суу-энергетикалык маселелерди иликтеп, илимий негизде, дүйнөлүк тажрыйбалардын алкагында чечүү үчүн Эл аралык суу-энергетика академиясын түзүү зарыл жана пайдалуу.

Окумуштуулардын айтымында, 21-кылымда эң кымбат байлык таза суу болот. “Эл башы болгуча суу башы бол” деген макалдын мааниси терендеп, суу көйгөйү башталган заман келатат. Адамдын организминин 70 пайызын суу түзөөрүн илимпоздор айтып, жаратылышка, жаныбарларга, өсүмдүктөргө суу өтө зарыл. Ал эми иче турган таза суу дайым актуалдуу, дүйнөлүк маселе болуп келген.

Нарын облусунун мурдагы губернатору, коомдук ишмер Кемел Ашыралиевдин айтымында, бул демилгени Европарламент колдоого алганы менен экс-президент Аскар Акаевдин учурунда дагы ушул сыяктуу бийик максаттар көтөрүлүп, бирок ишке ашпай кала берген.

Улуттук илимдер академиясынын Кыргызстандын суу көйгөйлөрү жана гидро-энергетика институтунун жетекчиси, академик Дүйшөн Маматканов өлкөдө суу-энергетика адистерин даярдаган жогорку окуу жайлары жетиштүү, илим изилдөө тармагы да мындай эл аралык академияга муктаж эмес дейт. Бирок анын айтымында, эл аралык суу-энергетика академиясы магистр адистерди даярдоо үчүн пайдалуу болушу ыктымал.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG