Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:48

МАРКУМДАР МУРАСЫ ЖАНА МААРАКЕЛИК КӨРГӨЗМӨ


Фатима Абдалова Мамлекеттик сүрөт музейинде белгилүү театр сүрөтчүлөрү маркумдар Анатолий Арефьевдин, Акиндин Тороповдун, Асанбек Молдахматовдун жана опера-балет театрынын сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаевдердин мааракелик көргөзмөсү жүрүп жатат.

Театр сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү Кыргызстанда 40 жылдан бери уюштурулуп отурганы ушул. СССРдин эл сүрөтчүсү Анатолий Арефьев кыргыз драма театрларында Чайковскийдин “Пиковая дама”, “Евгений Онегин”, Власовдун “МАНАС” жана башка операларынын декоративдик жасалгаларын жараткан.

Ал эми Акиндин Тороповдун сүрөтчүлүгү менен 180 ден ашуун кыргыз, орус жана дүйнөлүк спектаклдер коюлган. Асанбек Молдахматовдун болсо айрыкча Власовдун, Малдыбаевдин, Ференин “Ажал ордуна” музыкалуу драмасынын жасалгасын белгилөөгө болот.

Аталган көргөзмө сүрөтчүлөр Анатолий Арефьев менен Акиндин Тороповдун 90 жылдыгына, Асанбек Молдахматовдун 85 жана Макен Сыдыкбаевдин 70 жылдыгына карата ачылды.

Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, опера-балет театрынын башкы сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаевдин көргөзмөгө 16 эмгеги коюлган.

Аталган көргөзмөнү ачуу мамлекеттик сүрөт музейинин живопись бөлүмүнүн башчысы Татьяна Попованын оюнда көптөн бери жүргөн:

-Бул сүрөткерлер кыргыз театр өнөрүнө - атактуу режиссерлордон, актерлордон кем эмес эмгек жасап, кыргыз театр өнөрүнө даңк алып келген сүрөтчүлөр. Себеби бул сүрөткерлер декорациясын жасалгалаган спектаклдердин атагы чет жактарга чейин жеткен. Булардын эмгегин кыргыздын король Лири Муратбек Рыскулов көп белгилер эле. Чынында режиссердун да, актердун да маанайы сценанын жасалгасына жараша болот. Театралдык декоративдик жасалгалардан турган театр сүрөтчүлөрүнүн мектебинен улам да Кыргызстанда руханий дүйнө учур кыйынчылыктарына карабай өлбөй жашап келатат,- деди Татьяна Попова.

Ал эми бүгүнкү күндө кайсы бир спектаклдин декоративдик жасалгасын ойдогудай ишке ашыруу оңойго турбай калды дейт опера-балет театрынын башкы сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаев. Анын баары келип эле финансылык каражатка такалат.
XS
SM
MD
LG