Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:01

ИРАК: ДОЛЛАРДАН КОРКСОҢ, ДИНАРДЫ АЛ


Иракта өлкөнүн улуттук акчасы – динардын жаңы үлгүсү жүгүртүүгө киргизилгенине төрт жылдан ашып калды. Кубаты барган сайын кетип бара жаткан АКШ долларына карата акыркы жылдары анын наркы да кыйлага өстү. Муну айрымдар өтө эле жагымдуу жагдай деп эсептешет. Бирок ирак валютасынын баалуулугу артуусунун чын эле экономикалык негиздери барбы?

"Сиз сатып алып жаткан ар бир динар Ирактын жаркын келечегинин үлүшү"

Бул - ирак валютасын сатуу менен алектенген компаниялардын биринин интернет баракчасында турган чакырык. Муну менен алар потенциалдуу инвесторлорду ынандырууга аракеттенүүдө. Динар саткан фирмалардын интернет баракчалары шилтеме берген окшош факт - коңшу Кувейттин төмөнкү мисалы.

1990-жылы Ирак Кувейтке басып киргенде, Кувейттин динары кургуйга кулап, америкалык 10 центке гана бааланып калганы менен саналуу жылдан кийин бир кувейт динары 3 доллардан ашып кетти. Бул Перси булуңундагы биринчи согуш учурунда салынган 1000 $ инвестиция, 30 000 $ киреше берди дегенди туюндурат. Ушул эле көрүнүш Ирактын динары менен да кайталанышы мүмкүнбү?

Анын жаңы банкноттору 2003-жылдын октябрында жүгүртүүгө чыгарылгандан бери долларга карата наркы 60%га өстү. Анда1 $ =2,050 динар турчу, азыр болсо 1 $ =1,230 динарга эле барабар. Британиянын "Economist Intelligence Unit" иликтөө борборунун Ирак боюнча аналитиги Роберт Пауэл бул улуттук валютага карата суроо-талаптын эмес, инфляцияга каршы стратегиянын натыйжасы деген ойдо:

-Динардын баалуулугун көтөрүү көбүнесе улуттук банктын саясаты. Муну алар аукцион аркылуу сатышат. Демек кээде алар динарды сатыкка чектелген суммада гана коюшат. Бул валютанын наркын көтөрөт жана албетте бир нерсе менен камсыздоо азайганда, анын баасы жогорулайт.

2006-жылдан бери Иракта да борбордук банк инфляция деңгээлинин өсүп кетүүсүн, долларлашуу же башкача айтканда соода кылууда жергиликтүү акчага эмес, долларга ыктоонун күчөшүн алдын алуу үчүн бир катар чараларды жасады. Андай чаралардын бири – борбордук банктын кредиттер боюнча үстөк пайызынын өлчөмүн көтөрүшү.

Айтор интернеттеги жарыяларга караганда, ирак динары менен соода кылгандар анын долларга карата наркы алдыдагы жылдары да өсөт деген үмүттө. Алар муну Иракта стабилдүүлүк жакшырарына, экономика чыңдаларына байланыштырышат. Ал эми Ирак боюнча британиялык аналитик Роберт Пауэлдин ишениминде, буга али узак убакыт бар:

-Чынын айтканда, жакынкы келечекте үстөмдүк кылуучу суроо мындай болуш керек? Эгер менин колумда ирактык динарлар турса, аны ким сатып алат? Балким узак мөөнөттө, эгер Иракта туруктуулук орносо, эгер Ирактын экономикасын оңунан кетсе, эгер Ирактын мунай өндүрүшү мүмкүнчүлүгүн толук көргөзө алса, анын акчасынын баркы өзгөчө жогорулашы ыктымал. Бирок азыркы баскычта эле мындайга таянуу - ашып кеткен чайкоочулук. Кувейт алты айда эле бошотулган, Ирактагы кырдаал болсо беш жылга бара жатат. Балким иши оңунан чыккан жана стабилдүү Иракты биз көргөнгө чейин али узак, узак мезгил бар.

Британиялык аналитик Роберт Пауэл "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде болжолдогондой, 2007–жылга салыштырмалуу алдыдагы эки жылда ирак динарынын долларга карата наркы жай өсөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG