Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

Ж.АКИМАЛИЕВ: УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ РЕФОРМАГА МУКТАЖ


Бүгүн Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын президентин шайлоо өтөт. “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Улуттук илимдер академиясынын академиги, коомдук жана саясий ишмер Жамин Акималиев жооп берди.

-Жамин мырза, Улуттук илимдер академиясына өкмөт бир гана талапкерди көрсөтөт. Учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан Шарипа Жоробекованын президент болуп шайлануу ыктымалдыгы канчалык, же башка талапкер коюлушу мүмкүнбү? Сиздерде кандайдыр бир божомол, же маалымат барбы?

-Сөзсүз, биздин академиянын уставы боюнча президенттин талапкерин өкмөт көрсөтөт. Бүгүн өкмөт кайсы талапкерди айтаарын көрөбүз. Акыры жүрүп отуруп, академиктердин катышуусу менен жабык жыйналышта добушта берилет. Биздин академиктердин арасындагы 41 кишиден президент болууга татыктуулары бар. Ошондой болсо дагы биз бүгүн президенттин милдетин аткарып жаткан академик Жоробекова Шарипаны шайлап алсак, талапка ылайык болмок. Кеп ал кишинин аялзатынын өкүлдүгүндө эмес. Кеп ал кишинин илимий ишинде. Бул киши көрүнүктүү окумуштуу. Эл аралык байланыштарды алдыга жылдырган, бизге абдан керек болуп турган химия илимдеринин, химия технологиясынын өкүлү.

-Жамин мырза, жаңы президент келсе, ушул академиянын ишин илгерилетүүгө, реформалоого кандай салым кошо алат? Сизде кандайдыр бир ишеним барбы? Анткени Илимдер академиясы көптөн бери эле реформага муктаж деп, академиянын дарегине абдан көп сындар айтылып келет. Ушуну чечүү үчүн кандайдыр бир үмүт байласа болобу?

-Болот, ким гана президент болуп шайланбасын, анын алдында Улуттук илимдер академиясын өзгөртүү, жакшыртуу жана түп тамырынан бери реформалоо өңдүү абдан орчундуу маселе турат. Бул жөнүндө биз эки жылдан бери какшап айтып келе жатабыз. Бирок эч кандай жылыш жок.

-Сиз реформанын муктаждыгын эмнеден көрүп жатасыз?

-Каражаттын аздыгынан биздин Улуттук илимдер академиясы бардык илимдер менен иштебестен, Кыргызстанга керек багыттарды алып, ошонун натыйжасында каражатты, күчтү жумашап, эң негизгиси биздин эл чарбабызга тийиштүү, натыйжалуу пайдасын бериш керек.

-Азыр өзүңүз билесиз, Улуттук илимдер академиясы чоң илимий ачылыштарды жасаганга кудуретсиз болуп жатат деген сындар айтылып жатат. Сиз ушундай пикирлерге кошула аласызбы?

-Сөзсүз. Сын-пикирлер абдан көп. Азыркы Улуттук илимдер академиясынын акыбалы абдан кыйын. Бирок чынын айтыш керек, кийинки кездерде биздин өкмөт, мамлекет академиянын бюджетин эки эсеге көбөйтпөдү, бул чоң жаңылыштык. Бирок кандай гана каражат бөлүнбөсүн, эгер илимдер академиясы ишин абдан жакшы багытка буруп, элге, жерге пайда бере турган иштерди жасап албасак, анда илимдер академиясынын келечеги жок болуп калышы мүмкүн.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG