Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

АКШны ООГАНСТАН, ИРАН, ПАКИСТАН КООПТОНДУРАТ


Кошмо Штаттарынын улуттук чалгындоо кызматынын директору Майк Макконнел Ооганстанды, Иранды жана Пакистанды коопсуздукка коркунуч түзгөн үч очок катары сыпаттады. Сенаттын аскери маселелер боюнча комитетинде ал АКШнын чалгындоо кызматтарынын жылдык отчету менен тааныштырды. Макконнелдин айрым пикирлерин Кабул өкмөтү четке какты.

АКШ аскерлери Улуттар Уюмунун мандаты менен Ооганстанга киргени алты жыл болду. Бул өлкөдө НАТОнун коопсуздукка көмөктөшүү контингенти да бар. Бирок алиге чейин президент Карзайдын өкмөтү түздөн-түз өлкөнүн үчтөн бир бөлүгүн же отуз процентин гана контролдойт, дагы он проценттейи толугу менен “Талибандын” колунда, ал эми калган аймактардын баарын жергиликтүү уруулар башкарат. Муну сенатта чалгындоо органдарынын жаңы доклады менен тааныштырып жатып Майк Макконнел ырастады.

Макконнелдин бул ырастоолорун Ооганстандын коргоо министрлиги төгүнгө чыгарды. Карзайдын саясий кеңешчиси Себгатулла Санжар өлкөнүн түштүгүндөгү козголоңчул эки-үч аймакка борбордук өкмөттүн амири өтпөй жатканын ырастады. Бирок калган бүткүл райондор менен провинциялар түздөн-түз өкмөттүн көзөмөлүндө турат, деп айтты ал.

Макконнел “Талибан” күчтөрү соңку жарым жыл ичинде түштүк провинцияларын бүлгүнгө салганы аз келгенсип өлкөнүн батышындагы кыйла байистүү аймактарда, атүгүл Кабулга жакын райондордор операцияларын активдештире баштаганын белгиледи. Ал Кабул өкмөтүнө бүт өлкөнүн аймагын өз бийлигине каратуу үчүн улуттук парламент, провинциялардын жетекчилери жана уруу башчылары менен тыгыз кызматташууну сунуш кылды.

Макконнел Пакистандагы саясий кризиске токтолуп, анын жалпы коопсуздуккка азырынча анчейин коркунучу жоктугун, анткени өлкөнүн атомдук куралдары армиянын колунда турганын айтты, ошол эле учурда ойго келгис окуялар болуп кетиши ыктымал экенин да жокко чыгарбады.

Чалгындоо кызматтарынын быйылкы докладында Иранга көбүрөөк көңүл бурулган. Тегеран өзүнүн аскери программасын мындан төрт жылдай илгери толук токтоткону тууралуу мурдагы тыянактарды жаңылап, Макконнел иран режими бул ишти былтыр жайдан тартып кайра уланткан окшойт дегендей түкшөмөл жасады. Иран азыр эки багытта иштеп жатат – бир жагынан уран байытып, экинчи жактан баллистикалык ракеталарын түзүүдө. Бирок Макконнел жакын аралыкта Иран атом куралына ээ боло албайт, бир болсо муну эмдиги он жылдыктын орто ченине барып жасаганга жетишет деп эсептейт.

АКШнын чалгындоо кызматтары даярдаган докладда Борборазия өлкөлөрүндө, айрыкча Өзбекстанда социалдык-экономикалык чөйрөдөгү нааразылыктар ислам радикализмине,анын күч алышына түрткү болушу мүмкүн экени да эскертилет.

XS
SM
MD
LG