Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

Арменияда президенттик шайлоодон кийин кырдаал курчуп, полиция демонстранттарга күч колдонду

Жаңыдан шайланган өлкө башчысы Серж Саркисяндын коалициялык өкмөт куруу сунушуна оппозиция лидерлеринин бири Артур Багдасарян гана макулдугун берди. Бирок 19-февралдагы президенттик шайлоонун ырасмий жыйынтыгын тааныбай жаткан мурдагы президент Левон Тер-Петросяндын миңдеген тарапкерлери өз турумдарынан артка кайтпасын билдирип жатышат. Бүгүн эртең менен полиция Еревандагы демонстранттарды күч менен кууп таркатты жана Тер-Петросяндын өзүн үйүнө күчтөп жеткирди. Бирок оппозиция өкүлдөрү түштөн кийин кайра көчөгө чыгаарын айтууда.
XS
SM
MD
LG