Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:26

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ: ЮРМАЛАДА “ЖАҢЫ ТОЛКУН” СЫНАГЫ


“Кыргызфильм” киностудиясы заманбап кинокамералуу болду. “Кыргызкино” концерни “Кыргызфильм” үчүн сатылып алынган бул кинокамеранын баасы 4 млн. 250 миң сомдун тегерегинде. Адистердин айтымында, бул жабдык эң акыркы технологиялар менен тасма тартууга мүмкүнчүлүк берет .

Улуттук “Кыргызкино” концернинин жетекчиси Замир Эралиев аймактарда кинотармагын өнүктүрүү боюнча долбоорду сунуштоодо. Бул тууралуу өкмөткө кайрылуу жөнөттүк деп билдирди маалымат жыйында Эралиев. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпысынан 48 кинотеатр бар. Анын көпчүлүгү өлкөнүн аймактарында жайгашып, оңдоп-түзөөгө муктаж.



Ушул жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан турган 7 томдук жыйнак чыгаары күтүлүүдө. Кыргыз жана орус тилиндеги бул жыйнакка 3 млн. сом керектелет. Мындан сырткары жазуучунун өмүр баянын чагылдырган, кыргыз, орус, түрк, кытай, англис жана башка тилдердеги чакан китепчелер чыгат деп билдирди Маданият жана маалымат министрлиги.



Жаш таланттардын “Жаңы толкун” эл аралык сынагы Юрмала шаарында 23-июлдан тарта 28-июлга чейин өтөөрү күтүлүүдө. 18-19-мартта Москвадагы “Метелица” эс алуу комплексинде жарым финал болот. Мына ошол жарым финалда сынакка татыктуу катышуучулар тандалат.

“Жаңы толкун” эл аралык сынагынын байге фондун 120 миң доллар түзөт. Ошондой эле Алла Пугачеванын атынан 50 миң доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлык коюлган. Мындан сырткары көрүүчүлөрдүн купулуна толгон катышуучуга атайын байге белгиленген. Бул сынакка жылдагыдай эле Орусиянын белгилүү ырчылары менен катар чет өлкөлөрдөн коноктор келмекчи.


Дорис Лессинг

Нобель сыйлыгынын лауреаты Дорис Лессингдин 2007-жылы жазган “Тар капчыгай“ романы орус тилине которулду. “Амфора” басмаканасы ошондой эле жазуучунун 12 чыгармасын которуп чыгарганга уруксат алган. Маалыматтарга караганда эми жазуучунун бир катар чыгармалары орус тилинде басылып чыгат.

Кытай Эл Республикасында бул жумада Нью-Йорк филармониялык оркестринин экинчи концерти өттү. Анда музыканттар Мендельсондун “Октет” композициясын, ошондой эле АКШдагы музыкалык мектептердин биринин окуучулары жазган “Бейпилчилик” чыгармасын аткарышты.

Бурят опера жана балет театрында Жорж Бизенин “Кармен” операсы коюлду. Ал чыгарманы коюу үчүн атайын Санкт-Петербургдан режиссер Вадим Милков чакырылган. Милков буга чейин Австрия, Германия, Венгрия, Орусия жана башка өлкөлөрдө 60тан ашык оюн койгон.

Бул жылы Мааринск театры 225 жылдыгын белгилейт. Мааракеге арналган расмий салтанат жайында өтөөрү күтүлүүдө. Анын алкагында “Буурул түндөрдүн жылдыздары” фестивалы болот.

“Санкт–Петербург Опера” музыкалык камералык театрынын көркөм жетекчиси Юрий Александровго Орусиянын эл артисти деген наам ыйгарылды. Ал эми белгилүү австриялык маэстро Петер Гут Санкт-Петербургдагы музыкалык-комедия театрына дирижерлукка чакырылды. Бул туурасында театрдын жетекчиси Юрий Шварцков билдирген.
XS
SM
MD
LG