Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

БОКС БОЮНЧА ӨЛКӨ ЧЕМПИОНДОРУ АНЫКТАЛДЫ


Кечээ кечинде Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча өлкөнүн быйылкы чемпионатынын күч сынашуулары жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Себеби былтыр АКШнын Чикаго шаарында өткөн дүйнө чемпионатында жана февралда Тайланд Королунун Кубогунда кыргызстандык тогуз боксчунун бири да Бээжин олимпиадасына жолдомо албай калышкан. Ошондуктан жаңы тандалма команданы түзүү зарылдыгы келип чыгып, бокстун деңгээли төмөндөп кеткени да сынга алынууда.

Быйылкы чемпионатка Кыргызстандын тандалган бир жүз алтымышка жакын булгаары мээлей чебери күч сынашты. Чемпионаттын жеңүүчүлөрү кечээ жума күнү кечинде аныкталды.

Быйылкы өлкө чемпионатында жеңип чыккан бокс чеберлеринен тандалма команданын курамы түзүлмөк, ошондуктан бардык облустардын өкүлдөрү келишти.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Шайбек Карагазиевдин айтымында, бул чемпионатты Бээжин олимпиадасынан кийин күзүндө өткөрүү максатка ылайык болмок. Себеби олимпиадага жолдомо алууга акыркы үмүт жандырган Астанадагы Казакстандын президентинин Кубогуна барып, намыс талашканы турган жигиттер эбак аныкталган. Алар бул чемпионатка катышканы менен жаракат алып, же кайра калыбына келбей табын жоготуп калуу кооптонуусу менен бир-эки таймаштан кийин оюндан атайын чыгарылган.

Өлкөнүн бокс боюнча эр-азаматтары ринг үстүндө күч сынашып, он бир салмак боюнча Кыргызстандын чемпиондорун аныктоо үчүн мыктыларды иргеп алуу таймаштары болду.

Жеңил салмакта караколдук спорт чебери Медер Мамакеев өлкө чемпиону аталды. 51 кг. салмактагы финалда токмоктук Закир Халдарбеков менен оштук Ыйманбек Бийзаев беттешмек. Закир Токмоктон келатып жол кырсыгына кабылып, эртең мененки таразага түшүүгө жарым саат кечигип калган. Жүйөөлүү себепке карабай калыстар тобу аны рингге чыгарбай, жеңишти оштук Ыйманбекке ыйгарып коюшканына бокс күйөрмандары нааразы болушту.

54, 64 жана 81 кг. салмактарда оштук спорт чеберлери Авасбек Абдуллаев, Акмат Мадаминов жана Рашид Аманкулов жеңүүчү деп табылды. Чүйлүк боксчулар Эрмек Сакенов жана Мохмад Шидаев да чеберчилигин көрсөтүү менен чемпиондук наамга арзыды.

Бишкек шаарынын намысын коргогон Мелис Исмаилов, Фархат Юлбасаров жана Марат Жумалиев да финалда утуп алуу менен биринчи орундарды камсыз кылышты.

75 кг. салмакта жалалабаттык Марат Шамаматов баш байгенин ээси болуп, өлкө чемпиондугунун алтын медалын тагынды.

Кыргызстандын бокс федерациясынын вице-президенти, бокс ардагери Райхан Алканов быйылкы эң маанилүү таймаш-март айында Астана шаарында өтө турган Казакстандын президентинин Кубогуна арналган турнир, деди. Себеби мында биринчи жана экинчи орунга жеткен бокс чеберлерине быйыл августта боло турган Бээжин жайкы олимпиада оюндарына жолдомолор ыйгарылат.

Быйылкы чемпионат калыстык менен өтпөй Астанага барып, Бээжин олимпиадасына жолдомо алуу үчүн таймашууга барганы жаткан жигиттер анык таймаштарда тандалбай тааныш-билиштик менен иргелип алынганын эл аралык спорт чебери, Азия чемпионатынын коло байге ээси Кымбатбек Рыскулов айтып, федерациянын иш-аракетин сынга алды.

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Орзубек Назаров, Андрей Курнявка, Нурлан Абдыкалыков, Алмаз Райымкулов , Таалай Кадыралиев жана башкалардын чоң спорттогу тушоосу да ушундай өлкө чемпионатынын мелдешинде кесилип, алар спортко тагдырын арнаган. Эгемендүүлүк алганы кыргыз боксунун таасири жанып, деңгээли төмөндөп кеткендигин адистер айтышууда.

Дагы айта кетчү жаңылык, өлкөнүн бокс федерациясынын президенти экс-депутат, учурдагы чукул кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев ишинин көптүгүн айтып, федерацияны башкаруудан баш таркан арызын берди. Федерациянын чукул чакырылган чогулушунда президенттикке СССР спорт чебери, учурда өлкөнүн транспорт прокурору Бакыт Калмурзаев шайланды.

Бокс федерациясын учурда мурдакы өкмөт башчы Апас Жумагулов, президенттин администрациясынын учурдагы башчысы Медет Садыркулов, экс-президенттин уулу Айдар Акаев да жетектеп, ушул коомдук уюмга президент болуп турушкан. Спорт коомчулугу бул чиновниктерден бокско каражат жагынан жардам берип, колдоого алат деген үмүт менен президент кылып шайлашкан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG