Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:21

БУУДАЙ ТАҢСЫКТЫГЫ БАШТАЛДЫ, УН КЫМБАТТОО КОРКУНУЧУ БАР


1-марттан тарта Казакстан дан экспорттоого чек койду. Бул болсо Кыргызстандагы дан, ун жана нандын баасына таасирин тийгизүүдө. “Азаттык” үналгысынын “Адам жана базар” аттуу экономикалык түрмөгүнүн бүгүнкү чыгарылышы мына ушул маселеге арналды.

Өткөн жумада эл аралык Minneapolis Grain Exchange биржасында жогорку сапаттагы дандын баасы 25%га кымбаттады. Бул казак өкмөтүнүн данды сыртка экспорттоого койгон чегинен кийин болуп жаткан көрүнүш. Казак өкмөтү 1-марттан тарта өсүмдүк майы менен данды экспорттоого чек коерун билдирген.

Казакстандын айыл чарба министри Ахметжан Есимов унду сыртка экспорттоону көзөмөлгө алууну буйруп, казак элинен ашканын гана сатууну буйруган эле. Керектөөчү дандын негизги бөлүгүн Казакстандан алып келген Кыргызстан үчүн бул да терс таасирин тийгизүүдө. Ун, дан менен иш алып барган ишкерлердин айтуусунда, ушул тапта эле Казакстандан дан сатып алуу кыйынчылыкка туруп жатат. Мындай акыбал Кыргызстанда эле эмес, Казакстандын түштүгүндө да өкүм сүрүүдө.

Жакында болгон сел кырсыгынан кийин түштүк Казакстандагы кампаларда бир жарым айлык гана дан калгандыгы, аны толтурууга эч кандай мүмкүнчүлүк болбой жатканы маалым болууда. “Дани-нан” ишканасынын президенти Гайбилла Ерметов жаңы жылга чейин эле тоннасы 240 доллар болуп жаткан буудайдын баасы бүгүн 350 долларга чыкканын, бирок ушул акчага да буудай табууга мүмкүн эмес экендигин маалымдаган. Ушул тапта Казакстанда 1-сорттогу ундун орточо баасы 70-80 тенге турат.

Казакстандын унуна караганда жергиликтүү тегирмендин уну кымбат

Ал эми биздеги 1-сорттогу ундун килограммы 19-20 сомдон болууда. Эмки жумадан тарта баа дагы көтөрүлөрү маалым болууда. Тегирменчилер буга аргасыздан барып жатышкандыгын, буудайдын таңсыктыгы, дан баасынын кымбаттыгы ундун кымбатташына алып келип аткандыгын баса белгилешүүдө.

Калкынын көптүгү жагынан Бишкектен кийин турган Ош шаарында да ун менен дандын баасы өстү. Шаардын базарларында 1-сорттогу ундун 1 кг. 25 сомго чейин чыкты. 1-сорттогу 50 кг ун 1050 сом, жогорку сорттогусу 1300 сомдон кем эмес. Бул өткөн жумадагы баадан 25% кымбат.



Оштук тургундар баанын күн санап өсүп жаткандыгына нааразы. Карасуу районунун жашоочусу Тургунай Шамшидинова унга кошо самын, май, ширеңке сыяктуу күнүмдүк турмушка керек болуучу буюмдар да кымбаттап жатканы түшүнүксүз дейт:

-Ун го мейли, түшүм болбой калды дейли. Ал эми мобу самын менен майга эмне жок? Булар да кымбаттап атпайбы. Май айында өзүбүз айдаган семичке менен пахта чигиттен сыгып алып атышат, кудайга шүгүр, булардын түшүмү жакшы эле болду го.

Ал эми ун саткан соодагерлер болсо сырттан келип жаткан ундар калып эле, жергиликтүү тегирмендер чыгарган ун кымбат келип жаткандыгын белгилешүүдө.

“Баалар көтөрүлбөйт” деп ким кепилдик берет?

Азык-түлүк коопсуздугу өкмөттүн да тынчын алууда. Жума башында облус губернаторлору, райондордун акимдери менен болгон жолугушуусунда өкмөт башчы Игорь Чудинов былтыркы жай мезгилиндегидей баалардын секирип кетүүсүнө жол бербөө үчүн азык-түлүк бааларына өз убагында мониторинг жүргүзүп турууну тапшырды. Ошондой эле премьер-министр быйылкы жазда айдоо аянттарын көбөйтүүгө жергиликтүү бийлик өзгөчө жоопкер экендигин белгилеген.



Кыргыз өкмөтү өткөн жылы жайкы кымбаттоо учурунда адистердин катуу сынына кабылган. 2005-жылдан бери мамлекеттик резервдик кампада тиешелүү өлчөмдө дан жоктугу Кыргызстанда дандын тартыштыгына, ун менен нандын баасынын кескин өсүшүнө алып келген.

Азыртан башталган дандын таңсыктыгы кайра ошол көрүнүшкө алып келбейт, деген кепилдикти биздик өкмөт бере албайт, деген пикирлер да бар. “Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңешинин мүчөсү Темир Сариев өкмөт буудайды күзүндө эле кампаларга толтуруп койгондо жакшы болмок, деп эсептейт:

-Былтыр иш-чараларды көрүү керек эле, бирок биздин өкмөт ал учурду кое берип ийишкен. Мурдагы парламент атайын токтом кабыл алып, сентябрь айында өкмөткө айтканбыз: күз келип калды, эгиндер бар, баасы арзан, азыр алып койгула, деп айтканбыз. Бирок алар акчаны, ал акчанын үстүнөн берилчү шапкесин чече албай, мамлекеттик комиссия албай калган.

Темир Сариев үзүкчүлүк убакта, апрель, май айларында дан жана нан азыктары кескин кымбатташы мүмкүн деген тынчсыздануусун кошумчалады.

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстандын ички базарын канааттандыруу үчүн 1 млн 300 миң тоннага чукул дан керек. Ошол эле министрлик өткөн жылы 700 миң тоннага чукул дан эгини жыйналганын маалымдаган.



Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министринин орун басары Ахматжан Махамаджановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча быйылкы жылы буудай аянттарын көбөйтүү өзгөчө милдет болууда:

-224 миң гектар жерге күздүк буудай айдалды. Жазында 175 миң гектар жерге жаздык буудай эгилет. Азыр мына ушул маселенин үстүндө региондор менен иштеп атабыз. Менимче быйыл дагы 700-800 миң тонна буудай алабыз, -дейт айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министринин орун басары Ахматжан Махамадов.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча ушул тапта мамлекеттик материалдык резервде 72 миң тонна буудай сакталып турат. Ага кошумча дагы 50 миң тонна буудай алып келүүгө каражат бөлүнгөн. Бул өлчөмдөгү буудай жакынкы арада мамлекеттик кампага келип түшөт, ошондуктан баалар кескин кымбатташы күтүлбөйт, деген ойду бизге экономиканы өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров айтып кетти. Анын сөзү боюнча баалар кескин кымбаттайт деп чочулоого негиз жок:

-Бизде 72 миң тоннадан ашуун буудай бар, жакында дагы 50 миң тоннага акча бөлүнүп атат. Эгерде жазгы себүүлөр орду менен бүтө турган болсо, күзүндө кырдаалдан өзүбүз чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ал эми ун жана дан менен иштеген ишкерлердин айтуусунда ушул тапта Кыргызстандын өзүндө буудайдын запасы жок, болсо да аз. Ал эми Казакстан тарап бир жума мурда тоннасы 360-370 доллар турган данды бүгүн 400 долларга баалап жаткандыгын тынчсыздануу менен белгилешүүдө ишкерлер.

Замира Кожобаева, Бишкек
Алишер Токсонбаев, Ош

XS
SM
MD
LG