Ал эми Боготадагы Венесуэла элчилигин жабууга көрсөтмө берди. Венесуэла менен Эквадордун Колумбиядагы элчиликтерин чакырып алуусу – Колумбия бийлигинин ФАРК кыймылынын жетекчилеринин бирин өлтүргөнүнө нааразылык катары болду. Колумбиядагы партизандык кыймылдын лидери Рауль Рейести колумбиялык аскерлер Эквадордун аймагында өлтүрүшкөн. Уго Чавес Колумбия Эквадордун чегарасын бузду деп белгилеп, бул- Түштүк Америкада согуш чыгып кетүү коркунучун туудурат, деп айтты. Ал Эквадор да аскерлерин Колумбиянын чегарасына жиберүүсү тууралуу президент Рафаэль Корреа менен сүйлөшкөнүн маалымдаган. (ZKo)