Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

А.БЕКНАЗАРОВ: ЭЛДИК СОТ АКСЫ БОЮНЧА САЯСИЙ БАА БЕРЕТ


Аманбек Жапаров,Бишкек Аксылык жабырлануучулардын өтүнүчү менен 17-мартта Кербенде элдик сот өткөрүлөт. Бул тууралуу “Асаба” партиясынын лидери Азимбек Бекназаров бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Өз сөзүндө Бекназаров өлкөдө саясий окуялар курчуп баратканда президент Курманбек Бакиев февралдын соңунда жарым жашыруун жыйырма күнгө Германияга дарыланганы кеткенине тынчсызданганын белгиледи. Президенттин басма сөз катчысы Нурланбек Шакиев болсо президент жашырынбай эле кыска мөөнөттөгү эмгек өргүүсүн алып Германияда өткөрөөрүн маалымдады.

Революциялык комитет Аксы окуясында жабырлануучулардын кайрылуусун колдоо иретинде Кербенде 17-мартта элдик сотту уюштурууну чечти, деп билдирди «Асаба» партиясынын лидери Азимбек Бекназаров. Анын айтымында, аксылыктар Коомдук парламент аныктаган соттун курамына ишеним көрсөтүп, элдик соттун чечиминен кийин президенттен жана Жогорку соттон Аксы окуясы боюнча бардык кылмыш иштерди кароону токтотууну суранышкан. «Элдик сот укуктук күчкө ээ болбойт, бирок анын чыгарган жыйынтыгы саясий адеп-ахлактын чечими болот», дейт Бекназаров.

-Себеби Аксылык жабырлануучулар чарчап бүтүштү. Азыр Садыркулов команда берип, аларды алдоо жолуна өтүштү. Чүйгө келгиле, Бишкектен жер участогун беребиз, квартира беребиз, деп азыр айыл өкмөттөрү, акимдер иштеп жүрүшөт.

Бекназаров белгилегендей Аксы окуясынын беш жылдык эскерүү жыйынында азыркы бийлик да укуктук чечим чыгарууга кудурети жетпестигин айтканда, президент Курманбек Бакиев бир айда Аксы окуясын аягына чыгарууга убада берген. «Азыркы бийлик менен мурдагы бийликтин адамдары чырмалышып алган соң бул окуяга чекит коюлбайт»,- дейт Бекназаров.

Ал ошондой эле 19-мартта Коомдук парламенттин отурумунда президент Бакиевдин 24-марттан кийинки жүргүзгөн саясатына, аткарган иштерине баа берилерин белгиледи. «Асабанын» лидеринин айтымында, 29-мартта өтүүчү элдик курултайда өлкөдөгү экономикалык-социалдык абал, чекара маселеси, миграция, электр тармагы боюнча чоң талкуудан кийин оппозиция кандай кадамдарга барарын коомчулукка ачык жарыялайт.

Өз сөзүндө Бекназаров өлкөдө саясий чоң окуялар болоору күтүлүп жатканда президент Курманбек Бакиев жарым жартылай жашыруун Германияга дарыланганы кеткенине тынчсызданып жатканын айтты.

-Бүгүнкү күндөрү Кыргызстанда кандайдыр бир чоң саясий окуялар болот деп коомчулук бышып атканда, президенттин жарым жашыруун түрүндө чет өлкөгө жыйырма күнгө кетип калганы тынчсыздандырат. Мына өзүңөр жакшы билесиңер февралдын аягында президент жашыруун Германияга дарыланганы кеткен. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда президент жок. Эл шайлаган президент жок дегенде бир күндүк, эки саатык сапарын дагы ачык айтып кетиши керек. Дарыланганы кеткен күндө дагы минтип жашыруун кеткени болбойт.Мамлекет азыр саясий жарылуунун алдында турат. Азыр президент жогунда Садыркулов менен Чудинов эмне «чудолорду» жасап жиберет ким билет. Балким ал тапшырма берип кеткендир, мен келгенче Бекназаровдун көзүн тазалап койгула деп. Анан баягы Акаевге окшоп айтат. «Мен тиякта жүрсөм, келсем ушинтип калыптыр» деп колун жайып отуруп алат -деди Бекназаров.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Нурланбек Шакиев Бекназаровдун айткандары чындыкка коошпостугун, президент 3-марттан 16-мартка чейин катардагы кыска мөөнөттөгү эмгек өргүүсүн Германияда өткөрөөрү тууралуу аталган кызмат расмий маалымат таратканын билдирди.

-Азимбек Бекназаровдун эч кимге айтпай, жышыруун кетиптир дегени чындыкка дал келбейт.Президенттин маалымат кызматы өлкө башчысынын кыска мөөнөттө эмгек өргүүсүн алып Германияга кеткени тууралуу расмий маалымат тараттык.

Ал белгилегендей мамлекет башчысы Бакиев үч жылдан бери толук кандуу эмгек эс алуусуна чыккан эмес. «Анын эмгек кодексине ылайык эс алууга кетишин ашкере саясатташтыруунун кажети жок», дейт Шакиев.

XS
SM
MD
LG