Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

ТАЛАСТЫН ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛЫНДА СЕЛ ЖҮРДҮ


Таласта облусунун Бакайата районундагы Өзгөрүш айылында 1-мартта сел жүрүп, азыркы тапка чейин элдер өкмөттөн жардам күтүшүүдө. Айрым жашоочулар үйлөрүн толугу менен жарактан чыгып калганын, жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар бөлүм кызматкерлери тамак-аш менен элди камсыз кылууга каражат жок, бирок башка жардамдарды элге көрсөтүп жатабыз дейт.

Өзгөрүш айылынын көчөлөрүн аралап жүргөнүбүздө айрым жерлеринен өтүш кыйын. Суу каптап, ылай болуп, жергиликтүү тургундар таштанды, үйлөрдүн ичинен араба менен ылайларды сыртка чыгарып төгүп жатышканына күбөө болдук. Өзгөрүш айылынын тургуну Салымбек Арыкбаев тамы толугу менен жарактан чыгып, суу каптап жаткан мезгилде сууну тосуу менен алек болуп, үйүндө ооруп жаткан апасынан айрылып кала жаздадым дейт:

- Тамдын аркасынан суу келип тамга кире баштады. Бул жерде көпүрөбүз дагы талкаланган. Үйдөгү апам 86 жашта, биз суу менен алек болуп жүргүчө, ал аз жерден өлүп кала жаздаптыр. Аны араң алып чыгып кеттик.

Тамынан, жазгы үрөөн жана жазында айдоого жумшайын деп жаткан күйүүчү майынан да айрылган Сырга Каракочиев өкмөттөн башка жардам сурай турган жерим жок дейт:

- Подвалда картошка, фасоль бар эле, аларды агызып кетти. Соляркалар бар эле, алар да жок. Эми бул там керектен чыгып калды, жашоого болбойт. Ишенгенибиз эле өкмөт тарабынан жардам.

Бакайата районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башкы адиси Шарамидин Сатыкулов тамак-аштан башка жагына жардам берип жатабыз дейт:

- Техникага жана ликвидациясына жардам беребиз.

Облустук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Жамбул Жумагуловго кайрылып, ушундай кырсыктарды алдын ала болтурбоого кандай иш аракеттер жүргүзүлүп келген деген сурообузга, аракеттер болуп жатат, бирок айрым айыл өкмөт башчылар өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кайрылган каттарына кайдыгер мамиле жасашканын айтууда:

- Бул боюнча биз жылдын башынан эле айыл өкмөттөргө, администрациянын башчыларына кат жүзүндө кайрылып, аларга тапшырма берилген болчу. Бирок ага карабастан кээ бир айыл өкмөттөрүнүн иштебегенинен болду деп ойлойм, күзүндө сууларды бурган эмес. Ошонун кесепетинен ушундай кырсыктар болуп атат.

Өзгөрүш айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Эркинбек Ниязалиев облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысынын койгон айыптарын суу башкармалыгына буруп, алар арыктарды жакшылап карабагандыгынан эл жабыркап жатат деп сөздү башка жака бурду:

- Суу чарбаларынын иштебегенинен болуп атат.

Облустук сугат башкармалыгынын башчысы Көкүмбек Таштаналиев айыл тургундар ички арыктарды күзүндө толук бекитпей, мал сугарганга деп калтырып коюшкан, ошол себептен ушундай кырсыктар болуп жатат деп түшүндүрдү:

- Эл өздөрү мал сугарганга дренажга суу таштап койгон, анан карды суу ээригенден кийин ашып кеткен. Малга кышында калтырбаш керек эле. Кийин жыгайын десе тоңуп калган.

Ал эми айыл өкмөт бышчысынын айтымында, жалпы 30 там жабыркап, анын 15и толугу менен жашоого мүмкүн болбой калган. Азыркы тапта канча там жарактан чыккан тууралу маалыматты так алыш кыйын. Себеби күн жылыган сайын айрым тамдардын асты ээрип, үйлөрдөн жаңы жаракалар пайда болууда.

XS
SM
MD
LG