Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:39

ТУЛПАРГА АРНАЛГАН АЛЬБОМ


Жакында белгилүү кинорежиссер Шамил Жапаровдун долбоору боюнча Республиканын эмгек сиңирген артисти, “Ордо сахна” фольклордук тобунун көркөм жетекчиси Нурлан Нышановдун жетекчилиги менен кыргыз музыкасынын тарыхында алгачкы жолу өркүндөтүлбөгөн нукура кыргыздын элдик музыкалык аспаптарынын аткаруусунда дүйнөлүк ысымдагы атактуу тарыхый улуу инсандардын минген аттарына, аргымактарына, тулпарларына арналган СД альбом жарык көрдү. Альбомго Македонскийдин, Наполеондун, Чыңгызхандын, Донкихоттун минген аргымактарын сыпатаган жана кыргыз, Түндүк Американын аттарына арналган кыргыз авторлорунун күүлөрү кирген. Бул саамалыкты “Азаттыктын” угармандарына кеңири тааныштырыш үчүн “Ат адамдын канаты” деген түрмөктүн алкагында айрымдары менен тааныштырмакчыбыз. Кабарчыбыз Балбай Алагушов альбомдун авторунун бири, көркөм жетекчиси Нурлан Нышанов менен маектешкен.

-Нурлан мырза, байыртан эле көчмөндүү калктар, ошонун ичинде кыргыздар да “Ат адамдын канаты” дешип бир күнүн да атсыз өткөрүшпөгөнүн жакшы билесиң. Айкөл баатыр Манас баштаган Курманбек, Эртабылды, Эртөштүк, Сейтек ж.б. элдин баатырлар да азыркы тил менен айтканда бир да мүнөтү, бир да сааты да атсыз өтпөптүр. Мына кечээ эле жарык көргөн колуңда турган альбом да аттарга арналыптыр. Алар кимдердин минген аргымактары? Алдыңарга койгон максаттарыңарды ишке ашыра алдыңарбы?

-Мына, менин колумда турган альбомго 11 чыгарма кирди. Негизинен СД альбомго кирген чыгармалар атактуу тарыхый адамдардын аттарына арналды. Мисалы үчүн Александр Македонскийдин, Искендердин Буцевал, орустун жомогундагы Конек Горбунок, Наполеондун Маренго, Чыңгызхандын Сетер, испандардын Рецент аттарын сыпатаган күүлөр бар.

Демек кыргыздын элдик музыкалык аспаптарында дүйнөлүк музыканын үлгүлөрүн ойноп, аспаптарыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн дагы бир жолу ачып, угуучуларга жеткирүү болду. Себеби көпчүлүктүн пикири боюнча кыргыздын элдик музыкалык аспаптары жармач, өзүбүздүн күүлөр менен обондордон башкаларды ойноого тиши өтпөйт деген ойдо жүрүшөт. Ушундай терс ойлорду жоюш үчүн өзүбүздүн аткаруучулук деңгээлибиз, аспаптарыбыздын канчалык өнүккөнүн көрсөткөнгө арналды.

-Нурлан мырза, СД альбомго кирген кыргыздардын, чет өлкөлүк угуучулардын жүрөктөрүн толкундата турган күүлөргө мүнөздөмө берип кетсең?

-Эки жарым жылдан бери чыгармалардын үстүндө иштеп жүргөн адам катары ушул күү элди толкундатат деп айта албайм. Себеби ал чыгармалар менен элдин алдына чыга элекпиз. Азырынча мен үчүн баары эле жакшыдай туюлуп атат. Эми кайсы жакшы, кайсы жаман экенин угуучулар өздөрү айтышсын.

Ар бир чыгармага мүнөздөмө бере кетсем, ар кандай мүнөздөгү чыгармалар бар. Маселен Тах деген атта Пржевальскийдин жапайы жылкысы экен. Азыр жок. Кээ бир гана зоопарктарда сакталат экен. Маселен, мен өзүм Германиядан көрүп келдим. Ал өзү куланга окшош бир караганда көрксүз экен. Теги болсо Жунгариядан тараптыр. Ал чыгарма “Тах” деп аталат.

-Маегиңе ырахмат.
XS
SM
MD
LG