Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

ЖЫЛМА МИГРАЦИЯНЫ МЫЙЗАМ МЕНЕН ТОСО АЛАБЫЗБЫ?


Кыргызстанда кошуна өлкө жарандарынын жылма миграциясына бөгөт коюну көздөгөн мыйзам долбоору даярдалууда. Долбоордун демилгечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Мурат Жураевдин айтымында, ал өлкө чек арасынын бошоң жерлерин бекемдөө максатында иштелип чыкты. «Кыргызстандын өзгөчө чек ара аймактары тууралуу» деп аталган бул мыйзам долбоору кечээ парламенттин конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинде каралды.

Мындай долбоорду иштеп чыгууга Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарында жылма миграция күчөп, тажик жарандары кыргыз жерин көздөй улам жылып кирип жатышы себеп болгон.

Депутат Мурат Жураевдин айтымында, тажик жаранадарынын Кыргызстандын аймагынан турак үйлөрдү сатып алуусу ушу күнгө чейин уланууда жана алардын бул жерлерден эми кеткиси жок. Минтип отурса бара-бара Кыргызстан бул жерлеринен кол жууп калышы мүмкүн. Бул мыйзам долбоорунда Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарында жашаган калкына бир катар жеңилдиктерди берүү каралган.

Бирок маселени кароо учурунда комитет төрагасы Зайнидин Курманов долбоор буга чейин үч комитеттен четке кагылганын айтып, чек аралар тактала элек кезде кайсы бир аймакты чек аралаш деп таануу туура эместигин белгиледи:

- Делимитация, демаркация иштерин жүргүзбөй туруп биз чек ара аймагы тууралуу мыйзам кабыл ала албайбыз. Себеби бул жерлер азыр талаштуу деп саналат. Чек араны таануу бир тараптуу жүргүзүлбөйт. Бул маселеде эл аралык чоң чыр чыгышы мүмкүн.

Мындай жүйөөгө дароо каршылыгын билдирген депутат Мурат Жураев азыркыдай шартта Кыргызстан Тажикстан менен чек ара боюнча эч качан макулдаша албастыгын, талаштуу делген аймактарды Тажикстан эчактан бери эле өздөштүрүп, ири курулуштарды салып жатканын айтып чыкты:

- Талаштуу жерлер деп жатасыңар, анда эмне үчүн мындай жерлерде биз жүз пайыз утулуп жатабыз. Талаштуу делген жерлердин баардыгында азыр тажик тарап имараттарды куруп жатат. Эмне үчүн биз унчукпайбыз, алар куруп жатат. Ошол жерде кармап калуу үчүн өз элибизге жеңилдиктерди берсек эмне, бул Тажикстан менен чыр-чатакка алып келеби? Биз жерибизди жоготуп жатабыз…

Ушундай талашып-тартышуудан соң депутат Автандил Арабаев долбоорду кайра толуктап иштеп чыгуу үчүн демилгечиге кайтарууну сунуштап, мындай сунуш көпчүлүк добуш менен колдоо тапты. Депутат Мурат Жураев болсо комитет мүчөлөрүн Баткендеги чек ара аймактарындагы абал менен жеринде таанышып келүүгө чакырды.

Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында чынында кырдаал оор экенин, жашоо-шарттын начардыгын жергиликтүү тургундардын айрымдары биз менен телефон аркылуу болгон маегинде билдиришти. Алардын айтымында, жергиликтүү бийликтерге, а түгүл өкмөткө кайрылуулардан да ушу күнгө чейин майнап чыкпай, тажик жарандары Кыргызстандын аймагынан үйлөрдү сатып алуусун күчөтүүдө. Баткендин Таштумшук айылынын тургуну Мурзапар Ысмайыловду угалы:

- Бүгүн да айылдын элинен өкүлдөр облус губеранторуна барып келди арыз-арманын айтканы. Бирок мындай кайрылуулардан эч кандай майнап чыкпай жатат. Чек арадагы кырдаал татаал. Бизде электр кубаты да жок азыр, ичкенге таза суу да жок. Эл үй-жайларын сатып, алардын ордун тажиктер ээлеп жатат. Келген чоңдорубуз кайра «сатпагыла деген мыйзам жок, жакшы акча берсе сата бергиле» деп кеткен баягыда.

Ошол эле учурда биз Кыргызстандын аймагынан үй сатып алган бир тажик жаранын да кепке тарттык:

- Биз бул үйлөрдү сатып алганбыз. Эч жакка чыкпайбыз. Бизде акча бар, үйлөрүн сатса дагы сатып ала беребиз.

Баткендин аталган айылынын Кубаныч аттуу дагы бир тургуну чынында эл кыйынчылыктан үйлөрүн сатып кетүүгө аргасыз болуп жатканын, мамлекет тараптан тез арада чечкиндүү чаралар көрүлбөсө болбостугун айтат:

- Бир дагы социалдык объект жок бул жерде, мектеп эки чакырым алыс. Свет жок, суу жок, эл эмне кылсын анан?… айласыздан кетет да…

Ошентип кыргызстандык конуштардын жашочулары башка жактарга орун которуп жатканынан пайдаланып, коңшу тараптын өкүлдөрү ээн калган жерлерди четинен ээлеп келишүүдө. Депутат Мурат Жураевдин айтымында бул маселе былтыр коопсуздук кеңешине да коюлуп, бирок андан эч кандай натыйжа чыкпай келет.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG