Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

“БИЗ ЖАНДҮЙНӨ ТАШТАНДЫЛАРЫНАН ТАЗАЛАНЫП ЖАТАБЫЗ”


Бүгүн жарык көргөн “Общественный рейтинг” гезити аялзатынын алдыдагы жаз майрамын утурлап, “Лица” гезитинин башкы редактору, таланттуу журналист Бермет Букашева менен аңгемелешкен.

Бермет айым, ушу тапта гезиттердин баарынын эле нускасынын азайып жатышы элдин саясаттан чарчаганы жана азык-түлүктүн кымбатташы деп белгилеп, кабарчынын “Маалымат эркинби?” деген суроосуна, “эстеп көргүлөчү, ошол 2005-жылдагы 24-март алдындагы ММКларды, алар түздөн-түз эле революцияга чакырык таштап чыгып жатпады беле. Ошондо “Азаттыктын” үнүн жакшы угуздурбай, ар кандай үндөргө толтуруп, “Пирамида” телеканалын жаап салышкан. Азыркы бийлик болсо бардык телеканалдарды сатып алып, өз көзөмөлүнө алып койду. Бирок ММКлардын арасында “эркиндиктин аралчалары” да жок эмес. Алардын бири Акаев убагында эле эркин жазып келген “Лица” гезити” деп жооп берип, Бермет айым: “Эми мындан ары 2006-жылдагыдай митингдер болбойт, эл-журт алдында оппозициянын моралдык кадыр-баркы калган жок, Каттани аталган Субаналиев апрель митингине алып чыккан балдар бүгүн түрмөдө олтурса, өзү губернаторлук күрсүдө олтурат. Ошентип Кыргызстан акырындап өз денесиндеги таштандылардан арылып жатат. Менин оюмча, Теңир бизге революциядан кийин мына ушинтип ар ким өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтсүн деп атайылап ушул күндөрдү берген сыяктанат. Көз алдыбызда жалган баатырлар, жандүйнөсүн жалаң чүпүрөк гана жашырып-жаап келген жалган патриоттор, эбак эле кирдеп, эскирип, дат басып бүткөн жүздөр эми даана көрүнө баштады. Алар бүгүн элдин жүрөгүнөн, ой-тилеги менен үмүтүнөн от өчкөнсүп өчүп баратат. Бизге бүгүн таптакыр жаңы адамдар, саясатчылардын жаңы мууну керек. Ал эми азыркы эл бийлегендер, элди бийлегиси келгендердин баары коммунисттик бай-манаптардын илик-жиликтери. Референдум бурмаланды деп кыйкырып чыккан оппозиция ошондо эле парламенттик шайлоого бойкот кылып барбай койгондо элдин таянычынан мынчалык ажырамак эмес”, - деп айтты ал.

Гезит ошондой эле көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин “Суу алтындан кымбат. Кыргызстандын суу ресурсу - анын улуттук байлыгы” деген китебинен үзүндү жарыялады.

“Президент Бакиев жакырчылыкты 3 жылда 30 пайызга азайтам деп айткандай болду. Экономикалык өнүгүү министрлигинин эсеби боюнча элет жериндеги жакырчылык 50 пайыздан кем эмес. Кедейчиликтен арылуу үчүн эмне кылуу керек” деген гезиттин суроосуна “Эркин муун” альянсынын мүчөсү Тимур Шайхутдинов: “Жакырчылыкты жоем деген ниеттин өзү жаман эмес. Бирок айрым социалдык катмардагылар менен ишкерлердин мойнуна минип олтурган чиновниктердин кысымы астында ар кандай жакшы тилектер бир заматта кыйрап түшөрүн көрүп эле келетпайбызбы, баарын мезгил таразалайт”, - десе, “Кыргыз эл” кеңешинин орунбасар төрагасы Бакыт Өмүрзаков: ”Кедейчиликтин деңгээлин азайта турган атайын формуланы менен көралбай турам”, -деп, КР президенттик администрациясынын экономикалык эксперти Элмира Ногойбаева: “Мамлекет башчысынын мына ушундай милдет коюп сүйлөгөнү мыйзам ченемдүү көрүнүш, анткени өнүгүү жолу батыштыкынан башкача болгон биздин өлкөдө мамлекет коомду эмес, коом мамлекетти куруп жатат. Мына ушундан улам президенттин айткан сөзү биринчи иретте жергиликтүү өзүн өзү башкаруучу органдарга эмес, мамлекеттик маховиктин бурамасы болуп эсептелген чиновниктердин дарегине багышталып атканын түшүнсө болот”, - деп айтты.

“Де-факто” гезити “Өзбек тууган газын, казак тууган нанын кымбаттатты”, “Элдик курултай борбордук аянтта өтүшү ыктымал”, “Мурдагы парламент азыркыдан төөлүк өйдө болучу”, “Жаныш Бакиевге жана уулуна дубай салам” деген өзөктүү темалар менен жарык көрдү.

2007-жылдын 21-мартында “Жибек жолу” көчөсүндө бир эмес үч машинанын тебелендисинде калып каза болгон Акбар Молдокулов жана анын канкакшап калган үйбүлөсү жөнүндө жазганбыз. Ошондо да бул ишке Асылбек Салиев түздөн түз күнөөлүү дегенден алыспыз деп айтканбыз. Ушул макалада бүтүндөй Кыргызстанды курутуп, бирок колунда барларды эмес, колунда жок бечараларды кууратып аткан күч органдары менен тергөө органдарындагы акыйкаттыктын жоктугун, балдары жетим, аялы жесир калып 8 ай бою акыйкаттык издеп какшап турган үйбүлөнү боздотуп жаткандар тууралуу баяндаганбыз. Жаныш Бакиев мырза уулун коргогондон мурда күч органдарындагы коррупция менен тааныш-билиштин азабын жеп аткан катардагы үйбүлөнү коргоп чыкса гана атаганат! Уулуңуз Асылбек бизге берген доо арызында, “Ушул макалага кайгырып бөлмөмдөн чыкпай чөгүп кеттим. Тамак ичелбай, түнкүсүн уктай албай калдым. Депрессия болдум” деп жазыптыр. Азыр бүтүндөй Кыргызстан депрессияда. Жаныбек Салиевич, уулуңуз адвокатын таштап, өзү Казанга окуусуна кетип жатып:”Сот орус тилинде өтүшүн суранам” деп кеткен экен. Уулуңуз кыргыз тилин түшүнбөйбү? Өнүккөн өлкөлөрдө президенттин туугандары эркин басма сөздөрдү сыйлап эч качан соттошпойт. Сиз болсо эки гезитти бирдей сотко бергениңиз президент Курманбек Бакиевдин аброюна көлөкө түшүрбөс бекен деп жазды “Жаныш Бакиевге дубай салам” деген макаласында “Де-факто” гезити.

Ушул эле гезит Улуттук банктын төрагасы Марат Алапаевдын айлык акысын депутаттар 76 миң сом экенин айтып чыгышса, ал “силер мындай цифраны кайдан алдыңар, мен болгону 42 миң эле сом айлык алам” деп айтканын, Бишкектин четиндеги “Ак ордо” конушуна эптеп-септеп үй чүргөп алгандардын башпаанек кылып турган турак-жайларын Бишкек шаар башчысы Данияр Үсөнов четинен түрттүрө баштаганын, бир кезде шаар башчысы болуп туруп ушул сыяктуу бечералардын үйүн Феликс Кулов да түрттүргөн мисалы тарыхта калганын, “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын 73 пайыз акциясын “Кыргызкредитбанк” алгандыгы белгилүү болгонун, ошентип акыры Муратбек Мукашевдин банкын да алып тынышканын маалымдады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG