Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫ “КЫЛЫМ ШАМЫНА” КЫЗЫГА БАШТАДЫ


УКМК “Кылым шамы” адам укугун коргоо борборунун ишмердүүлүгүнө кызыга баштады. Кечээ 5-март күнү УКМКнын кызматкери келип, уюмдун иштерин текшерүүгө аракет кылган. Муну коопсуздук кызматкерлери өлкөдө тыюу салынган “Хизб-ут-тахрир” партиясы менен “Мен ишенбейм” акциясынын күчөй баштаганы менен түшүндүрүп жатышат. Укук коргоочулар --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/02/39490358-E748-4813-A584-B9084814FAAA.asp мындай иш-аракетти сынга алышып, көз карандысыз уюмдарды куугунтуктоо аракети болуп жатканын айтышууда.

Кечээ күнү кечки саат алты чамалаш “Кылым шамы” адам укугун коргоо борборунун кеңсесин УКМКнын кызматкери ага-лейтенант Искендер Капаров текшерүүгө аракет кылган. Бейөкмөт уюмдун жетекчилиги бул текшерүүнү куугунтук катары балап жатышат. Уюмдун жетекчиси Азиза Абдрасулованын пикиринде, “Кылым шамы” бейөкмөт уюму турган имараттагы башка уюмдар текшерилбей, бир гана алардын уюму текшерилип жатканы шектенүүнү жаратпай койбойт. “Анын үстүнө текшерүүнүн себебин, “Хизб-ут-тахрирдин” күчөшү менен байланыштырып жатышат, ага биздин кандай тиешебиз бар”,- дейт укук коргоочу:

- Келгендеги максатын өзү түшүндүрүп айта албады. УКМК деген улуттук коопсуздукту камсыз кылган, улуттук коопсуздукту бекемдөөчү орган болгондон кийин бизге окшогон кичинекей өкмөттүк эмес уюмдарга жөндөн-жөн эле келе бергени болбойт да. Сөзсүз бир себеби болушу керек. Эми башкаларына да кирип, кеңселери менен таанышып атышса түшүнөт элем. Бирок бизге гана кирип атышпайбы. Анан эч нерсени түшүңдүрө албай, “өзүңүз билесиз, азыр Хизб-ут-тахрир” деген уюм күчөп атат. “Мен ишенбейм” деген уюм күчөп атат, ошол себептүү келдик” деди. Бирок биздин “Хизб-ут-тахрирге” же “Мен ишенбеймге” кандай тиешебиз бар экендигин түшүндүрө алышкан жок.

УКМКнын жетекчилиги алар өлкөдөгү уюмдардын эмне менен иштеп аткандыктарын билип турууга милдеттүү экендиктерин айтып, кайсы бир уюмга барып маалыматтарды тактоого болгон мыйзамдуу аракетти көбүртүп-жабыртпоо керектигин айтышууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Бишкек шаары боюнча жетекчиси Ойталбек Осмоновдун айтымында, учурда “Хизб-ут-тахрир” жашыруун партиясы күчөп аткандыктан, коопсуздук кызматкерлери ар кыл уюмдар менен таанышуу, маалымат алмашуу иш-чараларын уюштуруп жүрүшөт. “Биздин балдар өлкөдө кайсы уюм кандай иштеп, эмне кылып атканын билип турушу керек да”, - дейт ал.

Бир катар укук коргоочулар активдүү иштеп келаткан жарандык коомчулуктун өкүлдөрүн бийлик органдары тизгиндеп коюу аракетин башынан тажрыйба кылып келатканын айтышат. Айрым байкоочулардын баамында Азиза Абдрасулова Аксы окуясы сыяктуу талылуу маселелер жаатында тынымсыз иш алып барып келаткандыктан, ага моралдык басым көрсөтүп, эркин майтарууга аракеттер көрүлүп жатат. “Эр айдоочу” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Качкын Булатов бул тууралуу мындай дейт:

- Азыркы тапта жарандык коомчулукту басыш керек болуп атат бийликке. Анткени Азиза Абдрасулова аябагандай активдүү иштеп, Аксы окуясы боюнча да күбө өтүп атпайбы. Ошондуктан анын активдүүлүгүн токтотуу аракетинде жасалып аткан иш. УКМКнын өз ишмердүүлүгү сырткы коопсуздукту сактоо болсо да, аны жасабай эле биздин президенттин кызматы болуп, анын бийлигин сактап калыш гана аракети болуп атпайбы.

XS
SM
MD
LG