Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:56

ЧОЧУЛАТКАН ИНФЛЯЦИЯ, СЕСТЕНТКЕН ИНФЛЯЦИЯ


Эл аралык валюта корунун өкүлдөрү Кыргызстанда жакырчылыкты азайтуу, экономикалык өнүгүшкө өбөлгө түзүүчү программанын аткарылышы боюнча кезектеги билдирүүсүн жарыя кылды. Ал эми программанын кандай аткарылып жатканы Эл аралык валюта корунун аткаруу кеңешинин май айында өтүүчү жыйынында каралмакчы. Вашингтондон келген эксперттер өткөн жылы Кыргызстанда дурус дегидей экономикалык өнүгүү байкалганы менен, жетишкендиктерди инфляция басып кеткенин, быйыл чечкиндүү экономикалык саясат жүргүзүлбөсө өлкөнү чоң кыйынчылыктар саксактап турганын белгилешти.

Азык-түлүккө баалардын асмандап кетишинен өткөн жылы Кыргызстанда инфляция деңгээли 20% чапчып, аны өкмөт дүйнөлүк шарт-жагдайга байланыштуу түшүндүргөн. Эл аралык валюта корунун адистери быйыл деле азык-түлүк менен энергетика баасы кымбаттоонун үстүндө болорун болжолдоп, дүйнөлүк экономикада өнүгүү кыйла басаңдаган чакта Кыргызстандын алдыга суурулуп чыгышы кыйын экендигин белгилешти. Ошол себептүү алтын өндүрүшүн эсепке албаганда, экономиканы алдыга сүрөп келаткан тармактардын текши баарынын өнүгүүсү болжол менен 5% азайышы мүмкүн:

- Пессимисттик болжол боюнча өндүрүштүн ылдыйлашы 22% жетиши мүмкүн. Тоокен өндүрүшүндө да төмөндөө болушу ыктымал. Кайра иштетүү өнөр жайында экономикалык өнүгүү жайлашы ыктымал. Күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташынан айыл чарбасында деле алдыга жылуу байкалбайт, 2007-жылкы 1,5% өсүш бул жылы деле күтүлөт, - дейт Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин статс-катчысы Азиз Алиев.

Өкмөт быйылкы жылдын экономикалык өнүгүшү боюнча үч түрдүү болжолду сунуштоодо. Эл аралык валюта корунун адистеринин билдирүүсүндө белгиленген шарттардын кыйласы өкмөттүн пессимисттик божомолуна кыйла жакындап кетет. Мына ушул соңку божомол боюнча быйыл инфляция деңгээли 18% жетиши ыктымал. Экономика илим кандидаты Жумабек Жаиловдун ырасташынча, инфляцияны ооздуктоонун бир амалы экономиканын жалпы структурасын өзгөртүү болушу керек:

- Өзүбүз товар өндүрбөй сырттан алып келген товарларды эле сатып жатпайбызбы. Бизден чыккан пайда, тапчу кирешебиз сыртка кетип жатат. Башка мамлекеттердин товар чыгарган ишкерлерине колдоо көрсөтүп атабыз. Өзүбүздүн акчабызды өзүбүз ушул жерде колдоно албай жатабыз.

Кыргызстан экономикасынын 30% ашуун бөлүгүн түзгөн айыл чарбасында өткөн жылкы өнүгүш 1,5% ашкан жок. Жумабек Жаилов ушу тапта Кыргызстанда керектелинип жаткан эттин 20% сырттан ташылып келип жатканын кошумчалады. Анын пикиринде, азык-түлүккө карата дүйнөлүк баанын көтөрүлүшүнөн Кыргызстан деле четте калбайт. Ошол себептүү өкмөттүн айыл чарба саясаты болушу абзел:

- Биздин агрардык саясат өзүбүздөн көбүрөк товар чыгарышка багытталыш керек. Бизде мүмкүнчүлүктөр бар. Мамлекеттен жакшы жардам берилип жатат. Мына быйыл айыл чарбасына 700 миллион сом бөлүнүп жатат.

Экономикалык стратегия борборунун бөлүм башчысы Роза Ашымбаева инфляция деңгээли болжолдонгон чектен быйыл деле өтүп кетиши мүмкүн деп эсептейт.

- Биздин экономикабыз ачык экономика. Ошондон улам инфляция бираз көбөйүп кетиши мүмкүн.

Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун айтуусунда, быйыл инфляция деңгээли 12% тегерегинде болушу ыктымал:

- Өкмөттүн бирден-бир милдети - ушул инфляция мындан ары көтөрүлүп кетпешине аракет жасоо. Колдон келсе мындан да азайтыш керек. Ошондуктан биздин болжол боюнча инфляцияны 12% тегерегинде кармасак, биз өз милдетибизди аткардык го деп эсептейбиз.

Эл аралык валюта кору инфляциянын көтөрүлүп кетишинен сактануу аргасында кыргыз өкмөтү акча-кредит саясатын катуулатышы зарылдыгын белгиледи, баалардын туруктуу сакталышына жетиш керектигин көрсөттү. Андай милдетти өкмөт өткөн жылы деле көтөргөн.

XS
SM
MD
LG