Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

ТАЗАЛЫК, ЖАРЫК ЖАНА БЕЙИШ


Кыргызстанга жылуу күн нурун чачып жаз дагы кирип келди. Аны аялдардын 8-март майрамы ала келди. Бул жарыкчылыкка көрк, шаң, көтөрүңкү дем берген айымдарды, селкилерди жана бийкечтерди, энелер менен эжелерди “Азаттык” үналгысы чын жүрөктөн Жаз майрамы менен куттуктайт.



Байчечекейдей бажырая ачылып, табият жаз демине көшүлүп турган чакта айлана-тегерекке сулуулугу, аруулугу жана тазалыгы менен жарык маанайын тартуулаган аялзатына бекем денсоолук, үйбүлөлүк бакыт каалап, жүзүңөрдөн бул жашоонун көркүнө көрк кошуп турган жылмаюу кетпесин деп айтабыз.



Түрк тилдүү элдерде “Эненин буттары тийип кеткен эле жер - бейиш” деп коюшат эмеспи. Андыктан жаз илеби жана эне мээрими дайыма көкүрөгүбүздөн жоголбосун.

Майрамыңыздар менен!

”Азаттык” үналгысынын жалпы жамааты
XS
SM
MD
LG