Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:58

ООГАНСТАН: СҮРӨТ ЖАНА КИНО ООГАНДАРДЫ ОРДУНАН КОЗГОДУ


Ооганстанда акыркы эки күндөн бери Дания менен Голландияга каршы демонстрациялар өттү. Албууттанып көчөгө чыккандар бул эки өлкөдө орун алган айрым соңку көрүнүштөрдү ислам динин кордоо катары баалашты. Даниялык гезиттер Мухаммед пайгамбардын келбетин чагылдырган карикатураларды жакында кайра басышкан эле, ал эми Голландиянын улутчул маанайдагы саясатчысы Куран тууралуу сынчыл көз караштагы тасманы ушул айда экранга чыгарарын билдирген.

Ооганстандын чыгышында жайгашкан Нангархар провинциясындагы Жалалабад шаарынын жанында жекшемби күнү көчөгө чыккан миңдеген студенттер Пакистанды көздөй кеткен кан жолду бууп салышты. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун ооган кызматынын кабарчыларынын билдиргенине караганда, алар "Дания менен Голландияга өлүм!" деп кыйкырып, бул эки өлкөнүн желектерин өрттөп жатышты.

2006-жылы даниялык гезиттерде Мухаммед пайгамбардын башына бомба түспөлүндөгү селде оронгон кариктурасынын жарыяланып кетиши көптөгөн мусулман өлкөлөрүндө кандуу тополоңду пайда кылган эле. Араб дүйнөсүнүн айрым мамлекеттеринде кыжырдаган адамдар Даниянын элчиликтерине кол салып, даниялык товарларга бойкот жарыяланган.

Өткөн айда да ошол сүрөт бир катар даниялык гезиттерде кайра басылды. Мындай кадамын гезиттер ал сүрөттөрдүн авторун өлтүрүүнү көздөгөн деген шек менен үч адамдын камалганына байланыштуу ага тилектештик көргөзүү деп түшүндүрүшкөн. Голландияда болсо ушул айдын соңунда парламент депутаты, режиссер Гиирт Вилдердин Куранды сындаган кионосу экранга чыгарары күтүлүүдө. Фильмде Куранга тыюу салыш керек деген ой айтылат.

Жекшембиде Ооганстандын Жалалабад шаарында өткөн студенттик демонстрациянын бир катышуучусу жыйындын чечимин окуп берди:

-Биз ооган өкмөтүн Дания жана Голландия менен дипломатиялык алаканы токтотууга чакырабыз. Даниялык жана голландиялык аскерлер Ооганстандан чыгарылышы керек. Биз дүйнөдөгү бардык мусулмандарды исламга негизделген бир туугандыгын көргөзүп, даниялык жана голландиялык товарларга бойкот жарыялоого үндөйбүз.

НАТО күчтөрүнүн курмында Ооганстанда Голландиянын бир жарым миң, Даниянын алты жүздөн ашуун жоокери турат.

Ооган өкмөтү өз тарабынан даниялык басма сөздө карикатуралардын жарыяланышын исламга каршы чабуул катары баалап, мындай көрүнүштөр исламчыл согушкерлердин катарын калыңдатат деген тынчыздануусун билдирген. Ал эми Талибан карикатуралардын жарыяланышын, кино чыгып жатышын "крестүүлөр согушунун бир бөлүгү" деп атады.

Дания менен Голландияга каршы багытталган ураан-чакырыктар менен миңдеген оогандар ушул ишемби күнү өлкөнүн батышындагы Герат шаарында да көчөгө чыгышкан эле. Мохаммед Ахбар аттуу жигит "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысына буларды айтты:

-Биз, кимде-ким пайгамбарыбызды, жолбашчыбызды кордосо, жихад жарыялайбыз. Ага каршы чыгабыз.

Түрдүү деңгээлдеги ушул өңдүү нааразылык акциялар мурунку апталарда Ооганстандын калган аймактарында, анын ичинде башкаала Кабулда да болгон эле. Ооган парламентинин 200 депутаты Дания менен Голландиядагы көрүнүштөрдү исламга шек келтирүү деп атап, бул өлкөлөрдүн өкмөттөрүн ага жол бербөөгө чакырган. Ислам мамлекети катары эсептелген Ооганстанда Мухаммед пайгамбарды же куранды сындагандар өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

Сүрөт www.ferghana.ru интернет баракчасынан алынды
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG