Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

ЖӨЛӨК ПУЛДУ ЖӨН БЕРБЕЙ, СОЛ ЧӨНТӨККӨ СОЛОГОНДОР БАРБЫ?


Илим Жанузкаков, Бишкек Жер-жерлердеги көп балалуу энелер акыркы кездерде жөлөк пулдардын кыскарып кеткенине тынчсызданып жатышат. Маселен, Атбашы районунун Казыбек айылында жашаган көп балалуу энелер 2008-жылдан тарта жөлөк пулдар кыскарып, бир тобунуку тап-такыр жоюлуп кеткенине нааразычылыктарын билдирип, арыз жолдошкон. Бийлик өкүлдөрүнүн жакырчылык жылдан-жылга кыскарып атат деген кеп-сөздөрү суу кечпесин айткан энелер, азык-түлүк асмандап жаткан чакта жөлөк пулдардын азайышы катуу сокку болгонун айтышууда. Бийлик өкүлдөрү болсо жөлөк-пулдар жаатындагы саясат жөндүү эле жүргүзүлүп жатканын баса белгилешүүдө.

Атбашы районунун Казыбек айылында жашаган 128 көп балалуу эне кол койгон арызда жөлөк пулдардын азайып, айрымдарыныкы таптакыр жоюлуп кеткендиги тууралуу айтылат. Энелер өз арызында кышы жети айга чейин созулган, мөмө-жемиш өспөгөн, үлүшкө бөлүнгөн жерлерге азыркы тапта чөп араң чыгып аткан Атбашыда жергиликтүү эл пенсия менен жөлөк пулдарды эш тутуп жашай турганын, бирок бул жылы жөлөк пулдар кыскарып, бир топ адамдардыкы таптакыр жоюлуп кеткени катуу сокку болгонун баяндашат.

Акыры бул маселенин көтөрүлүшүн суранган энелер, “Жылдан-жылга жакырчылык азайып атат деген өкмөт эмнеге калп айтат”,- дешет. Дегеле өкмөттүн экономикалык жана социалдык тармактары элге маалыматтарды бербей, салык төлөөчүлөрдүн укуктарын тебелеп келатышат деген бир катар укук коргоочулар болсо маалыматтын жабыктыгы чоң коррупциядан кабар берип турганын каңкуулашат.

“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилованын айтымында, бүгүнкү бийликтин экономикалык жана социалдык маселелерге байланыштуу элдин арыздарына жана суроо-сопкуттарына жооп бергиси келбей турганы жашыруун деле эмес:

- Мен бир гана нерсени айтайын. Бүгүнкү күнү социалдык долбоорлор, программалар ачык эмес. Ошол эле алыскы аймактарда жашаган адамдар дегеле өлкөдөгү жардык-чечимдерди, каржы министрлигиндеги элет турмушуна байланыштуу маалыматтарды алып турушу керек. Бүгүнкүгө чейин ошол булактар ачык эмес. Анткени ал жакта да көп тоскоолдуктар бар, ачыктык жок. Ачыктык жок жерде коррупция болот. Ошондуктан жакыр адамдар жөлөк пулдарын жакшы ала албай атышат. Аймактарда элдер эмнеге радикалдуу болуп, бийлик менен элдин ортосунда чоң жарака бар? Себеби ачыктык жок.

Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин маалыматына ылайык 2008-жылы жөлөк пулдарды берүү механизмдери жана социалдык камсыздандыруу жаатындагы бир катар иштер өзгөртүлдү. 2007-жылы жалпы 450 миңден ашуун адам жөлөк пул алган болсо быйыл алардын саны 403 миңге чейин кыскарды. Министрликтин Социалдык коргоо жана гуманитардык тейлөө башкы башкармалыгынын башкы адиси Динара Орозбекова, быйыл жөлөк пулдарды берүүнүн жол-жосуну өзгөргөнүн айтты:

- Жөлөк пулдарды берүүдө нормативдик талаптар, шарттар мурунку жылдарга караганда жогорулап калды. Ошондуктан жөлөк пул алгандардын саны азайып кетти.

Ошондой болсо да жөлөк пул алуу үчүн кайрылгандардын саны жогору. Министрликтин адиси 15 жылдан бери өзү аракет кылбай, жөлөк пулга эле ишенип жата берген инсандар көп экендигин айтып, жөлөк пул жаатындагы саясаттын тууралыгын түшүндүрүүгө аракет кылды:

- Биз анализ кылып көрсөк, 10-15 жыл бою кээ бир үйбүлөлөр жөлөк пул алып коюп гана жүрө беришиптир. Кээ бир адамдар, кээ бир үйбүлөлөр жөлөк пул алып коюп эле эч нерсе кылбай, өз кирешелерин, өздөрүнүн жашоо-шартын жогорулатууга аракет жасабай, ошого ишенип жата беришкен. Ошондуктан биз ушул жагдайды карайлы, өзгөртөлү деп чечтик. Адам деген кандай болгон күндө да жакшы жашоого умтулуп, кичине өзү дагы аракет кылышы керек да.

XS
SM
MD
LG