Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

ООГАНСТАН: УЛУТТАР УЮМУ АЗЫК-ТҮЛҮК ТАРАТА БАШТАДЫ


Быйыл адаттан тыш ызгаарды баштан кечирген Ооганстанда да азыр азык-түлүктүн, асыресе буудайдын баасы кескин кымбаттаган. Мындан улам Улуттар уюму өлкөнүн абал татаалыраак аймактарында гуманитардык кризисти алдын алуу аракетин көрүп, чукул жардам тарата баштады.

Улуттар уюмунун азык–түлүк программасы башкаала Кабулда жана анын айланасынан 650 миңдей тургунга ун, буурчак жана өсүмдүк майынан турган топтомду ушул апта ичи таратууну белгилөөдө. Андан кийин негизги азык-түлүктүн ушул түрлөрү алыскы аймактарга кетет.

Азык–түлүк программасынын Кабулдагы кеңсесинин маалымат катчысы Ибадулла Ебаддын "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун ооган кызматына билдиргенине караганда, аталган уюмдун эсебинен жылына алты миллиондой ооган жардам алат:

-Биз эсептеген алты миллион адамдын 3,5 миллиону биздин азык-түлүккө такай муктаж. Биз азыр алыскы аймактардын тургундарынан тынчызданып жатабыз. Эгер биз бул алыскы аймактардагы адамдарга азык-түлүктү өз убагында жеткире албасак, гуманитардык кризис жаралышы мүмкүн деген ойдобуз.

БУУнун азык–түлүк программасынын өкүлү Ибадулла Ебад белгилегендей, эл аралык базардын шарапаты менен акыркы бир жыл аралыгында Ооганстанда ундун баасы 70%га көтөрүлүп кетти. Мындай жагдайдан улам оогандардын жакыр-жалчы катмары үчүн жок дегенде негизги азык–түлүктү сатып алуу кыйынга туруп калды:

- Буудайдын бир килосу былтыр 15 афгани эле. Быйыл 27-28 афгани же дээрлик 50 америкалык центтин тегерегинде.

Буудайдын кымбатташы оогандардын жакыр-жалчы катмары үчүн чоң сокку экенин Улуттар уюму мындан үч ай мурда эле эскертип, Ооганстандын муктаждыгы үчүн кошумча 77 миллион доллар каражат чогултуу өтүнүчү менен донор өлкөлөргө кайрылган болчу.

Бул кошумча жардам кымбатчылыктан улам жок дегенде унду өзү сатып алууга кудуретсиз болуп калган 2,5 милиондой ооганды аз болсо да тоюндуруу үчүн багытталмак. Азык-түлүк программасынын өкүлү билдиргендей, донор өлкөлөр азырынча кошумча жардамдын 40 миллион долларын беришти, калган 37 миллиону убада кылынган, бирок келе элек.

Программанын Ооганстан боюнча директору Рик Корсинонун айтымында, жардамды таратуу быйылкы түшүм жыйнала баштаганга чейин аякташы керек. Анткени тыштан кошумча келген азык–түлүк жардамы ооган дыйкандарын ички базар үчүн буудай өндүрүүдөн айнытпаганы өтө маанилүү.

Дүйнөлүк базардагы кымбатчылык Улуттар уюмунун азык–түлүк программасынын өзүн да быйыл оор абалга кириптер кылды. Уюмдун аткаруучу директору Жозетт Ширандын өткөн аптада Европарламентте билдиргенине караганда, алардын быйылкы бюджетинде 500 миллион доллар таңкыстык жаралган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG