-Кечээ Райондор аралык сот Кумтөр маселесин жума күнгө жылдырды. Анда карала турган маселенин чоо-жайын кененирээк угармандарга өзүңүз кабардар кылып кетсеңиз.
-Рахмат. Мен 15-февралда ушул Райондор аралык сотуна кайрылгам. Өкмөттүн 31-декабрь 2003-жылы кабыл алган №835 токтомун жокко чыгаргыла деп. Ал токтом Конституциянын 58-беренесине жана “Эл аралык келишимдер боюнча” деген мыйзамдын 11-беренесине карама-каршы келет. Себеби анда “Табигый байлыктар, жер байлыктары жөнүндөгү келишимдер чет мамлекеттик ишканалар жана инвестициялар сөзсүз түрдө парламенттен ратификациядан өтүп, мыйзам менен кабыл алынышы керек” деп жазылып турат. “Андай кабыл алынбаган келишимдер юридикалык күчкө ээ эмес” деп айтылат. Демек бул келишимди өкмөт мыйзамды бузуп туруп кабыл алган болуп жатат да.
Себеби бул токтом менен инвестициялык келишимди, Кумтөр менен өкмөт ортосунда түзүлгөн келишимди, андан кийин новация менен генералдык келишимди 2-декабрь 92-жылдыкын кошумча-алымчасы менен жокко чыгаруу деген 3 келишимди ушул токтом менен бекитишкен.
Негизи бул токтом 31-декабрда жалгыз гана Танаев тарабынан кол коюлган. Кечки саат 8дерде кол коюлган экен. Кечки саат 8дерде 31-декабрда өкмөттүн жыйыны өткөн эмес. Өкмөт бул коллегияльный орган болуп эсептелет. Бардыгы добуш менен чечилет. Ошол жерде өкмөт мүчөлөрү 18-19 болобу, сөзсүз түрдө төрагалык кылат. Бул протоколун дагы өкмөт мага көрсөтө алган жок. Анын үстүнө бул токтом мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына карама-каршы келет. Бул жөнүндө Мыйзам чыгаруу палатасынын 10-июнда 2003-жылы чыккан токтому бар болчу. Себеби 2002-жылы Канаданын “Камекосунан” кат келген. “Биз муну инвестиция кылалы. Бул Кумтөр кенин жакшылап иштетип чыгаралы” деген. Ошондо пайыздарыбыз азаярын билип, ошол убакытта Мыйзам чыгаруу палатасы өкмөткө айткан, “бул мамлекеттик кызматка каршы келип жатат. Муну сөзсүз түрдө кабыл албагыла” деп, президент Акаевге дагы кайрылган. Мындай токтомдон үч жолу чыккан, 2003-2004-2005-жылдарда дагы. Ошого карабай туруп өкмөт токтом кабыл алып койгон.
-Кубанычбек мырза, мурдагы премьер-министр Алмазбек Атамабаев баш болуп азыркы Экономика министри Акылбек Жапаров жетектеген жумушчу топ “Центтерра Голд Инк” компаниясы менен бир пикирге келиштик, маселе чечилди. Кыргызстан эми пайдага тунат деп чыгышпады беле. Алардын сүйлөшүүсү эми суу кечпей калабы?
-Мен булардын келишимин дагы адегенде колдой баштагам. “Жок дегенде 15 пайыз Кыргызстанга көбөйөт экен мурдагыга караганда, 31 пайызга жакын пайдага ээ болот экенбиз” деп. Бирок ошол маселелер талкууланып жатканда, Жогорку Кеңешке бул келишимдин эки долбоору келген. Анан бизде дагы суроолор пайда болду, ушул 3 комитетте каралып жатканда депутаттардын арасынан мен дагы кеңири суроо берсем кызык бир маселелер пайда болду. Зубков үч лицензияны кошумчаны берип коюптур. Бул мыйзам менен бекиле элек жатса, канадалыктарга приоритет катары эч кандай тендер өтпөй туруп дагы үч Борбордук деген алтын казып жаткан жерден тышкары жанындагы жерлерди дагы берип койгон экен. Бул мыйзам бузуу болот.
Андан сырткары 5 келишим бар деп жатышат. Экөө гана бизге келген. Калган үчөө кайда? Жанагы 15 пайыз биздин акция кандай, ким аркылуу качан, кимге, өкмөткө качан берилет, бул жөнүндө келишим бизге эч кандай берилген жок. Ошондон улам менде нааразычылык пайда болду дагы, ошол токтотмдорду карап чыктык. Бир топ мыйзам бузуулар болгон. Азыр болсо ошол өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу боюнча мен сотко кайрылдым.
-Кубанычбек мырза, коомчулукта айрым маселелер айтылып жатат, ушул Кумтөр маселесинде кандайдыр бир саясий оюндар башталды деп. Ушуга пикириңиз кандай?
-Мен саясий оюндарга аралашкан жокмун. Мен жаран катары Граждандык кодекске таянып туруп, 27-главасынын негизинде сотко бердим. Кыргызстандын пайызы өсүш керек. Генералдык келишимге келсек, токтом жокко чыгарылса, 67 пайызга биз кайра ээ болобуз. Атургай 2007-жылы 10-майда бул фабрика кыргыз өкмөтүнүн карамагына өтмөк. Биздин максатыбыз ошол токтомду жокко чыгарып эле, жанагы генералдык келишим менен иштөө керек.
-Маегиңизге ырахмат.