Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

ЭЛ ЫРЧЫСЫ ҮЧҮН УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯГА ЖОЛ ЖАБЫКПЫ?


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова жакында АКШга кыргыз элдик ырларын тааныштыруу үчүн сапарга аттанган жатат. Ал ушул тапта филармониядан жумуштан чыгарылып, өкмөттүк, майрамдык концерттерге катышпай калды. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысынын айрым суроолоруна ырчы өзү жооп берди.

-Саламат айым, жакында сизди АКШга чыгармачылык сапар менен барат экен деп эшиттик. Ошол сапарыңыз тууралуу азын-оолак айтып берсеңиз.

-Америкада “Folks Production” деген компания менин атымды таанып, моюндаганына мына эки жылдын жүзү болуп баратат. Ошол аркылуу мага кызыкдар улуттук өнөрдү изилдеген адамдар Америка тарапта бир топ, алар менин атымды жакшы билишет. Ошол Лос-Анжелесте өтө турган июль айындагы чоң фестивалга келерим күтүлүүдө деп мага кат келди. Өзүмдүн интернет сайт аркылуу окудум. Буюрса даряданып жатам.

-Мына сизди филармониядан өз каалоосу менен жумушунан бошоду деген кептер айтылууда. Жумуштан кетүүңүзгө эмне себеп болду?

-Эми анын себебин айтып отуруу үчүн абдан көп убакыт кетет. Чечмелеп айтып отурбайын. Бирок чындыгында кетүүгө мажбур болгон үчүн кеттим. Ден соолукка тынчтык издеп, өзүмө дагы, башкаларга дагы. Мындай бир майда-барат нерселерге киришпейин деген жакшы эле ойдо чыгып кеткем убагында, бир жылдай болуп калды.

-Ал эми кайра филармонияга жумушка кирүүгө сиздин кызыкчылыгыңыз барбы?

-Албетте, сөзсүз. Мен ошол эс тарткандан баштап кынтыксыз, темирдей бекем мүнөзүм менен өз алдыма мыкты талаптарды коюп алып, колумдан келишинче ийгиликтерди жаратууга аракеттенип, чоң максаттардын үстүндө иштеген эмгегимди таразалап отуруп, көз жүгүртсөм кайра барганым оң окшойт деген өзүмө өзүм акыл кошуп, ошол бир эмес, эки жолу кирип чыктым. Улуттук филармониянын азыркы мезгилдеги башкы директору жолдош Керим Мырзалиевичке эки жолу алдынан өтүп, “айланайын иним, эгер менден кетсе, жаңылбас жаак болбойт, мудүрүлбөс туяк болбойт, кайрадан ишимди улантууга кандай карайсыз?” дедим. Мына бүгүн эки айдын жүзү болду, “орун жок” деген боюнча кандайдыр бир мени салкын кабыл алып, ушундай бир жагдайда туруп калдык.

-Ал эми таланттардын таламын талашкан Маданият министрлиги бар эмеспи. Сиздин жумуштан бошотулганыңызга алар кандай реакция кылып жатат?

-Дегеле укса укмаксан, көрсө көрмөксөн. Чындыгын айтканда, мен таң калып жатам. Бүгүнкү күндө эгерде чындыгында эле биздин коомдо адамдын аброюна, анын жасаган эмгегине кичинекей кытымдай да кызыкдар адам болсо, жакшы сөз калган ата-бабалардан “бабанын өмүрүн билген киши караңгыда шам чырак” дейт. Бирок мен жетекчиликтин баары бир көрмөксөнгө салып отурганына таң калдым. Кирип чыктым. Мына ошол эле башкы директор Тураповду жакшы билесиздер, азыркы полномочиесин андан бешбетер бышыктап кайра келип отурбадыбы, президенттин кеңешчиси болуп. Ошол жагынан алганда дагы мен ойлойм, ал киши ал жерде мага күн санап, ар кандай пикир, ар кандай ушак-айыңдарды топтогондун ордуна тескерисинче, мен жумуштан чыгып кеткен күндө дагы “акыбалыңыз кандай болуп жатат, эжеке?” деп кайра чакырып, менин жагдайымды сураса, мен бул мыкты жетекчинин менин жагдайыма кызыгып жатканы деп ыраазы болуп калат элем. Тескерисинче, эч кимиси “былк” этпей отурушат.

-Саламат айым, эл ырчысы эл алдында жагымдуу ырларын тартуулай береби, же ырларыңызды тартуулоо укугуңуздан дагы чектелип калдыңызбы?

-Азырынча билбейм. Мен эч нерсеге дагы таң калбай калдым. Жакын арада “Улуттук филармонияны Тураповдун менчигине белекке өткөрүп бериптир” десе дагы таң калбаймын. Күндөн-күнгө бизге окшогон ырчылардын тагдыры, жагдайы, кызыкчылыгы корголбостон, тескерисинче жетекчилик тарабынан ушак-айыңдын арты менен оокат кылып жатканына караганда билбейм, Кудай сактасын. Мен өзүм менен өзүм эле үйдө отуруп алып, казак туугандарына барып келип, оокатымды кылып жатам. Жагдайым ошондой. Рахмат сиздерге. Мен азыр мүмкүнчүлүгүмдөн пайдаланып “Азаттык” үналгысынын жалпы чыгармачыл жамаатына акыркы бир жылдын ичинде менин турмушума, менин жагдайыма кызыкдар болуп, тез-тез менин акыбалымды сурап жатканыңыздарга эл алдында, угуучуларымдын алдында сиздерге ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Рахмат сиздерге.

-Сизге дагы маегиңиз үчүн рахмат. Ишиңиз илгери болсун.
XS
SM
MD
LG