Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

АКШ: АДАМ УКУКТАРЫНЫН ДҮЙНӨДӨГҮ АБАЛЫ


АКШнын мамлекеттик департаменти дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын абалына арналган кезектеги жылдык докладын жарыялады.Анын мазмуну менен мамлекеттик катчы Кондолиза Райс тааныштырды. Былтыркы жылы адам укуктары өзгөчө одоно бузулган өлкөлөрдүн арасында документте Пакистан, Россия, Ооганстан, Иран, Өзбекстан, Белоруссия жана башкалар аталган.

Кондолиза Райс жакшы шарт-жагдайлар тушунда деле демократиянын идеалдарын натыйжалуу институттарга айландыруу бир топ кыйын болорун моюнга алды. “Өзгөрүүлөр чынында эле убакытты талап кылат. Бирок өзгөрүүлөр сөзсүз болот,- деп айтты ал. - Дүйнөдө жарандар адам укуктарынын универсалдуу принциптерин коргоп жатканда буга үмүт бар. Ошондуктан Кошмо Штаттарында биз адам укуктарын каармандык менен коргоп жаткан эркектерге жана аялдарга колдоо көрсөтүүнү өз милдетибиз катары санайбыз”.

Мамлекеттик катчынын демократия жана адам укуктары маселелери боюнча орунбасарынын милдетин аткарып жаткан Жонатан Фаррар өткөн жылы бир катар өлкөлөрдө жылыштар байкалганын, ошентсе да терс көрүнүштөр көбүрөөк катталганын белгиледи. Бу жагынан ал Пакистанды атап, “чукул абал учурунда конституциянын күчү токтотулганын, оппозиция менен саясий партиялардын активисттери,укук коргоочулар, адвокаттар менен судьялар, баары болуп 6 миңдей адам камалганын” бөлүп көрсөттү.

“Адам укуктары чөйрөсүндө керагар кеткен абалдын дагы бир көрүнүктүү мисалы Россия болду, - деп улантты сөзүн Фаррар. – Аткаруу бийлигинин борборлоштурулушу, Мамлекеттик думанын көз карандылыгы, коррупция, укук колдонуу органдарындагы адилетсиздик, коомдук уюмдарды каттоонун татаалдаштырылган эрежелери,жарандык активисттердин куугунтукталышы,массалык маалымат каражаттарынын чектелиши – ушунун баары бийликтин коомчулук жоопкерчилигин азайтты”.

Фаррар белгилегендей, былтыр ички же эл аралык жаңжалдардын айынан бир катар өлкөлөрдө, айркыча Иракта,Ооганстанда жана Ливанда адам укуктарынын абалында байкаларлык жылыштар болгон жок, тескерисинче,жагдай кыйла начарлап кетти. Ал эми бийлик жаалы катуу жалгыз адамдын колуна топтолгон өлкөлөр адам укуктары одоно жана такай бузулган аймак бойдон калышты.Мындай режимдердин катарында Фаррар Түндүк Кореяны,Бирманы,Иранды,Зимбабвени, Кубаны,Белоруссияны, Өзбекстанды, Эритерияны,Суданды жана башкаларды атады.

Отчетто Өзбекстандагы абал өзгөчө начар деп бааланат. Түркмөнстандагы кырдаал да жакшырган жок. Эки өлкөдө тең адам укуктары катуу басмырланат,активисттер түрмөгө салынат, кыйноого алынат. Азербайжанда өткөн жылы алты журналист камалды, бийлик басма сөз эркиндигин кескин ооздуктоого өттү.

Докладда Кыргызстанда былтыр бийликтер жарандардын тынч жыйын өткөрүү укуктарын чектегенге аракет жасашканы , нааразылык акцияларды уюштургандар камалганы, конституция шашылыш кабыл алынганы белгиленет. Эркин маалымат каражаттарына кысым күч алды, бирок жалпысынан сөз эркиндиги сакталууда, деп көрсөтүлөт отчетто. Мамлекеттик департамент былтыр декабрдагы парламенттик шайлоону эл аралык стандарттарга ылайык өткөн жок деп баалаган.

XS
SM
MD
LG