Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

ЭМИ ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫ КӨК БӨРҮ ТАРТЫЛУУДА


Кыргызстандын энергетика тармагынын менчикке берилиши өлкөгө пайда алып келеби же электр жарыгы үчүн болгон баанын өсүшүн жаратабы? Энергетика тармагын менчикке берүүнүн канчалык зарылчылыгы бар, башка бир жол менен кетүүгө болобу? Бул тармакты жеке колго өткөрүү реалдуулукпу же кайсы бир күчтөрдүн жеке кызыкчылыгыбы? Дал ушул багытта кечээ Бишкекте тегерек үстөл өтүп, адистер, бийлик өкүлдөрү, саясатчылар жана жарандык коомдун өкүлдөрү маселенин күңгөй-тескейин талкуулашты.

Энергетика тармагын менчикке берүү демилгесине коомчулукта ар кыл пикирлер айтылууда. Бийлик өкүлдөрүнүн ырасташынча эгерде “Түндүкэлектро” акционердик коому, Бишкек жылуулук тармактары жана Бишкек жылуулук борбору сыяктуу ири ишканалар менчикке өтсө бул тармактагы кырдаал оң жагына өзгөрмөк. Тескерисинче бир катар адистер жана саясатчылар тармак менчикке кетсе электрдин баасы көкөлөп, 60-70 пайыз эли жакыр жашаган Кыргызстанды каатчылык каптайт дешет.

Жогорку Кеңештин Социал-демократтардан шайланган депутаты Бакыт Бешимовдун айтымында, менчикке берүүдө ачыктык болбогондон кийин, электр тармагын талкалагандар кызматта тургандан кийин тармакты менчикке берүү арзыбаган иш:

- Биз суунун башында туруп, гидроресурстарга абдан бай болуп туруп ушул тармакты абдан жаман абалга жеткирдик. Мурунку заманда энергетика тармагын ушундай абалга жеткиргендер кимдер болгон? Ошол эле Балкыбеков иштеген да, туурабы? Азыр Балкыбеков ушул реформанын башында турат. Так ошол киши реформаны элдин пайдасына өткөрөт деп ишенесизби? Мен ишенбейм! Ошондуктан бийликтин заты өзгөрмөйүнчө, бийлик чынында таза болуп, эл пайдасына иштей баштамайынча бул тармакта деле абал өзгөрбөйт.

Мамлекеттик мүлк комитетинин алдындагы стратегиялык объекттерди менчиктештирүү башкармалыгынын жетекчиси Абдрашит Муканбетовдун пикиринде азыркы тапта бул тармакты менчикке берүүдөн башка жол жок:

- Менчикке алган киши өз чөнтөгүнөн өзү уурдабайт да. Азыр тилекке каршы ушундай болуп атат. Кээ бир энергетика тармагындагы туура эмес иштеген адамдар, анан элдер уурдап атат. Эми бул бизде эле ушундай кадам болуп аткан жок. Башка өлкөлөр деле ушуга барышкан. Барбашка айла жок.

Ал эми айрым адистер бардыгын кайрадан ачык тактап, эсептеп, таразалап, шашпай турууну сунуштап жатышат. Энергетика боюнча адис, техникалык илимдердин доктору, профессор Карыпбек Алымкуловдун пикиринде, менчиктештирүү маселесин жакынкы айларда токтото туруу керек:

- Өзүбүздүн максатыбызды аныкташыбыз керек адегенде. Азыр ар ким ар кандай аныктап атат. Шашып эле сатып ийген болбойт. Кээ бир кишилер муну жеке кызыкчылыкка алып келип такап атышат. Ошондуктан менчиктештирүү маселесин июлда, августта аныктап салабыз дебей, шайшай жасашыбыз керек.

Экономист Айылчы Сарыбаев болсо, энергетика тармагын менчиктештирүүдөн мурда өлкөдөгү экономикалык карым-катыштардын кандай жүрүп келатканын эске алуу керек дейт. Анткени коррупциялашкан система жашап аткан маалда өтө ири, абдан чоң каражат жаткан тармакты ачык-айкын сатуу мүмкүн эмес:

- Биринчиден, мамлекеттик менчикти элдик менчик деп түшүнүш керек. Эгерде жеке менчикке өткөрүп берсек, ал өткөрүп берилген төрт-беш кишинин менчиги болуп калат дагы, энергосистеманы башкаруу укугунан бүткүл кыргыз эли ажырап калат. Экинчиден, азыркы өтө борбордоштурулган, өтө чоң деңгээлдеги коррупциялык башкаруу системасынын мезгилинде менчиктештирүү эч качан таза жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлбөйт.

XS
SM
MD
LG