Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:16

ОШ ОБЛУСУНДА КУШ ТУМОО КОРКУНУЧУ БАР


Түштүк аймактык ветеринария башкармалыгы Ош облусунда куш тумоо коркунучу бар болгонун билдирди. Мындай кырдаалга жергиликтүү тургундар да тынсызданышууда. Ал эми облустук мамлекеттик бийлик кабатырланууга жүйөө жок деп эсептейт.

Түштүк аймактык мамлекеттик ветеринария башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мажит Эргешов Кытайдын Турпан калаасында куштумоо катталгандыгына, бул дарт Кыргызстанды карай канаттуулар миграциясы жана Эркечтамдагы бажы посту аркылуу ооп келиши ыктымалдыгына токтолду:

- Бир гана канаттуулардан эмес, транспорт жана башка контакт болгон нерселер менен ташып келиниши мүмкүн. Биздин Эркештамдагы чегарада бажычылар бар, ветеринардык контролдук пункту бар. Бирок ошол пункт бажы зонада туруш керек эле. Тилекке каршы алар бажы зонага киргизбей, сыртта туруп калып атат. Мына ошол жагынан чоң коркунуч туулуп атат. Экинчиден, узактан учуп келаткан куштардын оорулары болуп калышы мүмкүн, азыктанганы конуп калышы мүмкүн, ошол учурда куш тумоосунун козгогучун таркатып кетиши мүмкүн .

Түштүк аймактык чекаралык ветеринария кызматынын башкы адиси Ахун Абдубапов бардык товарлар, анын ичинде азык-түлүктөр көбүнчө Эркечтам аркылуу Кыргызстанга кирээрин, тилекке каршы, андагы бажы бекетине караштуу текшерүү пунктуна мал доктурларды жолотушпагандыктан көп жагдайлар белгисиз бойдон калып жаткандыгын ачыктады:

- Биздин ветврачтар ал жердеги келген бизге тиешелүү жүктөрдү өзүлөрү көрүп анан өткөрүш керек. Бизде ошол жүктөрдүн баарын көргөнгө мүмкүнчүлүк жок болуп атат. Себеби бажы зонага баарын эле киргизе бербейт .

Ош бажы башчысынын орун басары Султан Мамасадыков:

- Бардыгыбыздын укугубуз бирдей. Бардыгыбыз өзүбүздүн ишибизди кылабыз. Контролдой турган жүк келсе, алар барып көрөт дагы, болобу, болбойбу деп айтышат, - деп дарегине айтылган дооматтарды четке какты.

Карасуу районунун тургуну, Оштогу «Коомдук кыймылдын» мүчөсү Төлөгөн Кедибаев Кытай тараптан контрабандалык продукциялар, ошондой эле шектүү куштар келип жаткандыгына кабатырлангандыгын «Азаттыкка» берген маегинде айтты:

- Биздин аймагыбыздан ар түрдүү канаттуулар учуп өтөт, кээ бири көлдөрдүн боюна түнөп атат, же болбосо өлүп калып аткан фактылар кездешип атат. Андан сырткары тоокторубуз ооруп атат. Буларга каршы вакциналарды бербей жатышат. Кытайдан контробандалык жолдор менен жумурткалар, тооктун эттери келип атат. Бул боюнча ветеринария тармагы бүгүнукү күндө өтө алсыз.

Ош облус губернаторунун орун басары Болот Бүргөев тынсызданууга негиз жоктугун, куш тумоонун алдын алуу чаралары күчөтүлгөндүгүн маалымдады:

- Бул маселе боюнча биз алдын ала иш чараларды жүргүзүп жатабыз. Бизде куш тумоо оорусу менен ооруган факты жок. Куштар өз сезонунда учуп келет, ошондо байкоо жүргүзүп, эгерде өлгөндөрү табыла турган болсо, анализ жасашып, жер-жерлерде байкоо жүргүзүлөт .

XS
SM
MD
LG