Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

БИШКЕКТЕ ҮЧҮНЧҮ ЭЛ АРАЛЫК БАЛЕТ ФЕСТИВАЛЫ БАШТАЛДЫ


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Бүбүсара Бейшеналиеванын урматына өткөрүлүп жаткан Эл аралык фестиваль тууралуу жана балет искусствосундагы учурдагы абал жөнүндө “Азаттык” үналгысына Опера балет театрынын башкы балетмейстри Догдурбек Бийсеев маек куруп берди.

-Кечээ Бүбүсара Бейшеналиеванын урматына уюштурулган үчүнчү эл аралык балет фестивалынын көшөгөсү эмне үчүн “Куйручук” балети менен эмес, “Раймонда” балети менен ачылды?

-Анткени Бүбүсара Бейшеналиева Ленинграддагы хореографиялык окуу жайын бүтүрүп жатканда “Раймонда” балетинин үзүндү вариакциясын бийлеп, СССР учурундагы искусство жетекчилерине белгилүү болуп чыккан. Кийин Кыргызстанга келип иштеп калганда атайын Бүбүсара эжебизге арналып “Раймонда” балетин койгонго биздин көркөм театрдын совети аракет кылышкан, “ушул балетти коебуз” деп. Бирок ошол балет көпкө жашабай калган. Бирок баары бир “Раймонданын” үзүндү вариакциясын бийлеп, Москвага, Ленинградга белгилүү болгон. Ошон үчүн биздин театрдагы көркөм советибиз ушундай чечимге келдик. Экинчи эл аралык фестивалды “Чолпон” балети менен ачканбыз, эми үчүнчүнү “Раймонда” менен ачалы дедик.

-Демек анда Бүбүсара Бейшеналиева “Раймонда” балети менен таанымал болгон турбайбы. Ал эми бул фестивалга башка өлкөлөрдөн балет өнөрүнүн атактуу бийчилери келет деген маалыматтар айтылууда. Алар кимдер?

-Москванын чоң театрынан Надежда Грачева келип биздин “Поэтесса” балетинин башкы ролун эртең бийлеп чыгат. Бүрсүгүнү Новосибирскиден Полковников “Лебединое озерону” бийлейт, 15-мартта “Дон Кихотту” Кремлевский балеттеги Грекова деген белгилүү бийчи аткарат. Баары тең биздин коноктор. Алардын арасында Эльза Виепа, Николай Цизкаридзе катышат. 17-мартта чогуу чоң концерт коюлат.

-Догдурбек мырза, бир кезде балет өнөрү менен сыймыктанган Кыргызстанда балет искусствосунда кризистик абал түзүлдү дешүүдө. Буга сиздин жообуңуз кандай?

-Азыр кризис деп эсептесек деле болот. Бирок эмне үчүн ушундай фестивалдарды уюштуруп атабыз, эмне үчүн сырттан башкы ролдорду бийлеген белгилүү артисттерди чакырып атабыз? Анткени ошонун аркасы менен кичине акча топтоп алып, өзүбүздүн театрга жетишпеген нерселерди алалы деп атабыз. Бут кийимге акча жетпей атат. Анан балет “Раймонданы” коюш үчүн акча керек болуп атат. Ошонун баарын топтоп, ушул фестивалды өткөрүп алсак, Кудай буюрса кийинки кое турган спектаклге кичине тыйын чогултуп алабыз.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG