Газ европалык баада сатылчу болсо, бир миң куб метр көгүлтүр отундун наркы 350-400 долларга чейин чыгат. Москва буга дейре Борбор азиялык газ өндүрүүчү өлкөлөрдүн газдын баасын жогорулатуу талабына моюн толгоп жүргөн. Алсак, Россиянын газ монополисти - «Газпром» компаниясы 2006-жылдын башында 1000 куб газ үчүн 70 доллар, 2007-жылы 100 доллар төлөсө, быйыл жыл соңуна 150 доллар төлөйт. Бирок «Өзбекмунайгаздын» жетекчилеринин бири Сабир Садимов айткандай, «Газпром» өзү газды Батышка эки эселеп кымбат сатчу:
-Газдын баасы ар башка эле. Биз бир бааны, түркмөндөр башка баада сатышчу. Биз 120 доллар десек, Россия 300 доллардан сатчу. Өзбекстан эми абалды оңдоп алат. Өзбекстан өз позициясында бекем турса, «Газпром» ага макул келет.
Кыргызстан жана Тажикстан 1 000 куб өзбек газын 145 доллардан сатып алат. Эмки жылдан газ эки эсеге кымбаттаса, бул эки өлкө үчүн чоң сокку болот. Кыргызстандын мурдакы вице-премьер-министри Базарбай Мамбетовдун айтымында:
-Эгер баа эки эсеге жогоруласа, анда 300 доллар болот. Кыргызстанда 1 миң куб метр газды 300 долларга сатып алгандай дарамети да, акчасы да жок.
Өзбекстан карызга шылтап, Кыргызстан сыяктуу эле Тажикстанга да газ берүүнү маал-маал токтотуп коюп жүрөт. Газ кымбаттаса баякы эле карапайым элге кыйын болорун айтат Дүйшөмбү шаарынын атын атабаган тургуну:
-Биз жалчыбаган маяна алабыз. Газ дагы кымбаттачу болсо, адамдар эмне кылат? Газдын баасы өссө, андан биз гана жапа тартабыз.
Борбор Азия газынын баасы жогоруласа, андан ортодо далдалчы болуп жүргөн «Газпром» чыгаша тартпайт. Лондондогу Jane маалымдоо борборунун серепчиси Матью Клементтин пикиринче:
-Борбор Азия газын Батыш керектөөчүлөрүнө сатып далдалчылык кылып жүргөн «Газпром» чыгыша тартпасы анык. Баа өссө, ал батыштык керектөөчүлөр үчүн бааны көтөрүп коет.
Москвалык талдоочу Александр Яковлев болсо «Газпром» чыгашасын ошондой эле украиндердин эсебинен жабат дейт:
-«Газпром» эч нерсе жоготпойт. Ал чыгашасын украиналык керектөөчүлөрдүн мойнуна жүктөп койот.
Матю Клемент газдын баасын жогорулатуу боюнча «Газпром», Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан кол койгон келишимди Россия астейдил уюштурган иш катары баалайт. Алар ортосундагы Газ келишими Батыштын Каспий деңизинин астынан өтчү боро куруу планын кечеңдетиши ыктымал деп, боолгойт лондондук талдоочу:
-Планды биротоло өлтүрөт деп айта албайм. Менин оюмча, европалыктардын көздөгөнү арзан газ эмес, Россия толук ээ чыга албаган булактардан газ алууга жетишүү.