Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:54

БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ ПАРА АЛГАН ДЕП АЙЫПТАЛУУДА


Таластагы Бакайата районунун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Кенжаалы Орозалиев аталган райондогу бир мектептин директорунан пара алган деп айыпталууда. Ал эми Орозалиевдин айтымында, бул ага карата атайын каршы жасалган иш. Кенжаалы Орозалиевди кармашкан облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бул тууралуу азырынча “Азаттыкка” маалымат берүүдөн баш тартышты.

Азырынча атын жашырган Бакайата районуна караштуу бир мектептин директору “Бакайата райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Кенжаалы Орозалиев кызматка келгенден баштап эле менден пара доолап келген”, - дейт:

- Менден кызматка келгенден бери эле пара доолап келатат. Менин атымды өзгөртүп бергиле, учуру келсе бетме-бет чыкканга даярмын, корко турган эч нерсе жок.

Ушул жылдын 6-мартында облустук Ички иштер башкармалыгынын экономикалык кылмыштар боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери 5 миң сом акчаны атайын порошокко салып, жогоруда айтылган мектептин директоруна беришет. Ал акчаны Кенжаалы Орозалиевге алып барып бермек. Акчаны Орозалиев алгандан кийин ошол замат аны кызматтык бөлмөсүнөн укук коргоо кызматкерлери кармашмак. Бирок мектептин директорунун айтымында, ал акчаны Кенжаалы Орозалиевге бергенден кийин Орозалиев айылдагы бир жыйынга чыгып кетип, укук коргоо кызматкерлери Орозалиевди таппай калышкан дейт:

- Жыйынга чыккандан кийин эле балдар кетип баратат деп жоготуп коюшту. Кармай албай калдык. Ал жыйынга кетти. Балдар айтты, жыйындан барып кармайлы деп. Мен айттым, жыйындан кармаганга болбойт, анын жанынан акча чыкпайт, уят болобуз деп.

Мектептин директору акчаны Кенжаалы Орозалиевге бергенден кийин ал өзүнүн жазуу китепчесинин ичине салып койгондугун жана ал жыйындан келгенден кийин гана Орозалиевди укук коргоо кызматкерлери кармашканы тууралуу кеп кылды:

- Мына ушуну менен иштешели деп колуна берсем, алдыдагы китепчеге салып койду. Кабинетинен аңтарышып таппай калышты. Бир сааттай издешип, анан кабылдамасына чыкканда кабылдамадан табылды. Дароо тартканда эле колунун отпечаткалары чыкты, анан понятойлордун көзүнчө камерага тартышты.

Ал эми Бакайата райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Кенжаалы Орозалиев аталган мектептин директорунан пара доолабаганын жана жогоруда жасалган иш ага каршы атайын уюштурулган провокация катары карайт:

- Мен андан акча сурамак түгүл, аны менен сүйлөшө турган адам эмес. Бир убакта күтүп туруп, мага кирип колумду кармады, ошол учурда анын колунда миң сомдой акча бар экен. Колумду бир-эки жолу тартты, кийин ойлоп калдым, бул киши мени жакшы көрчү эмес эле, мамилеси да жок эле, кандай эле мага жалпаңдап келип калды деп. Көрсө менин колума акчанын краскасын түшүрүп кетсе керек.

Кенжаалы Орозалиев укук коргоо кызматкерлери акчаны анын кызматтык бөлмөсүнөн таппай, натыйжада кызматтык бөлмөсүнүн жанындагы кабылдамага акчаны таштап коюшуптур дейт:

- Мен эшике чыгып баратсам эле кабинетимди тинтип калышты. Менден эч нерсе чыккан жок. Кийин акча кабылдамадагы столдун үстүндөгү китепчеден чыкты. Ал киши ошол жерге салып кетиптир. Акчаны көк боекко сала койсо эле ичинен жаркылдаган “взятка” деген жазуулар чыга калды.

Бул маалыматты Кенжаалы Орозалиев облустук ооруканада дарыланып жаткан жеринен айтып берди. Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Абай Кожокулов азырынча мыйзамдын негизинде аталган иш боюнча тергөө иши аяктамайынча маалымат бере албастыгын “Азаттыкка” билдирди:

Тергөө иши бүтмөйүнчө бул боюнча маалымат бере албайбыз, - деди Абай Кожокулов.

XS
SM
MD
LG