Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

МИТРОВИЦАЛЫК СЕРБДЕРДИН ЧАТАГЫ, НАТОнун БАШ КАТЧЫСЫНЫН САПАРЫ


Амирбек Усманов, Прага НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Приштина шаарына келди. Бул Скеффердин Косово --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/9FEAB556-D7DC-481A-A923-C9622C16DF09.asp 19-февралда өзүн Сербиядан күнкорсуз деп жарыялагандан берки биринчи ырасмий сапары. Ал эми Косовонун түндүгүндөгү Митровицада жергиликтүү сербдер БУУнун сотун басып алышып, имараттын төбөсүнө Сербиянын желегин орнотушту. Алар аймактын Сербиядан бөлүнүп чыкканына ынанбай, күн сайын нааразылык акцияларын өткөрүшүүдө.

Митровица шаарындагы Улуттар Уюмунун сотунун имаратын ээлеп алган 200дөй адамдын көбү аймактык соттун мурдакы мүчөлөрү экени маалымдалды. Сербдердин айтышынча, бул адамдар 1999-жылы НАТОнун күчтөрү аймактагы сербиялык аскерлерди сүрүп чыккандан кийин кызматсыз калышкан.

Косово полициясынын өкүлү Бесим Хоти Митровицадагы чатак жөнүндө мындай деп маалымдады:

- Митровица ооруканасынын кызматкерлери колдогон нааразы адамдар соттун имаратын курчап турган дарбазаны бузуп кирүү үчүн кеминде алты тез жардам машинесин пайдаланды. Топтун алдында аялдар менен кыздар туруп, алардын артына жашынган адамдар полицияга темир-тезектерди дембе-дем ыргытып жаткандыктан, Улуттар Уюмунун атайын күчтөрү ажаалданган топту токтото албады.

Митровицадагы соттун имаратын басып алуу 19-февралда Косово өзүн Сербиядан күнкорсуз деп жарыялаганда башталган тирешүүнүн уландысы.

Сүрмө топтун ичинде жүргөн Миодраг Раличтын билдиришинче, алар өз максатына жетмейинче, имаратты таштап кетишпейт:

-Биз азыркы соттун архиви шаардын түштүгүнө жөнөтүлүп, Сербиянын соту өз ишин баштамайынча имаратта кала беребиз.

Митровица шаарынын түштүк бөлүгүндө негизинен этникалык албандар жашайт. 120 миң чамалуу косоволук сербдердин негизги бөлүгү аймактын түндүк тарабында жайгашкан.

НАТОнун баш катчысы Скеффер Косоводогу сапары учурунда жергиликтүү сербдер менен да кездешет. Приштинада болсо Косовонун жетекчилиги, Улуттар Уюмунун миссиясынын башчысы, Евробиримдиктин элчиси менен жолугушат. Анын айтышынча, эларалык күчтөр, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1999-жылкы чечиминин негизинде, Косоводо кала берет.

Косовонун күнкорсуздугун 25 өлкө, анын ичинде АКШ, Британия, Франция, Германия тааныды. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү Россия жана Кытай Сербияны жактап, Косовонун эгемендигине каршы чыгышууда. Бул эки өлкө Улуттар Уюмунун Косоводогу миссиясын Евробиримдикке өткөрүп берүүнү колдобой жатат.

XS
SM
MD
LG