Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

БОЗГУНДАГЫ ТИБЕТ ӨКМӨТҮ КЫТАЙ БИЙЛИГИН АЙЫПТАДЫ


Бозгундагы Тибет өкмөтү бүгүн (ишембиде) Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылып, Тибет аймагындагы одоно укук бузууларды тез арада иликтөөгө чакырды. Тибетте бир нече күндөн бери кытай бийлигине каршы нааразылык иш-чаралары өткөрүлүп келди. Бүгүн таңга маал да кагылышуу болгону кабардалды. Кечээки кагылышуудан бери дегенде он киши мерт болгону кытайлык расмий булактар тарабынан тастыкталды. Батыш мамлекеттери Бээжинди сабырдуулукка чакырды.

Тибеттин (Tibet) борбору Лхаса (Lhasa) шаарында кытай бийликтеринин бул аймактагы саясатына каршы өтүп жаткан нааразылык чаралары жума күнү жана бүгүн таңга маал кагылышуулар менен коштолду.

Шаардагы бир катар дүкөндөр жана башка жайлар, автоунаалар полициянын каршы аракетине нааразы болгон айрым демонстранттар тарабынан өрттөлдү.

Кытай бийлиги жума күнү ири нааразылык жыйынын күч менен таркатты.

Полиция жаш агызчу газ колдонду. Күбөлөрдүн маалыматына караганда, Тибеттин борборунда атышуулар орун алды, өлгөндөр жана жаракат алгандар бар.

Өкмөттүк Синхуа кабар агенттигинин маалымдашынча, кагылышуу маалында он киши мерт болду.

Бозгундагы Тибет өкмөтү (Дхарамсала / Dharamshala шаары, Кангра өрөөнү, Индия) болсо Лхасада бери дегенде жүз киши өлгөнү тууралуу такталбаган маалымат келгенин билдирүүдө.

Кытай бийлиги тополоң кылып, мектеп, оорукана, дүкөндөрдү өрттөгөндөр кармалып, айоосуз жазаланаарын эскертти. Эгерде тополоң кылгандар дүйшөмбүгө караган түн ортосуна чейин колго түшүп беришсе: аларга ырайым кылынаарын да расмий Бээжин жарыя кылды.

Далай Лама (Dalai Lama), бозгундагы тибеттик рухий жолбашчы, расмий Бээжиндин бул соңку ири тополоңду уюштурган тарап катары өзүнө карата айыптоосун четке какты.

1935-жылы туулган, 1950-жылдан бери бозгунда жүргөн Далай Лама, ошондой эле, кытай бийликтерин демонстранттарга каршы күч колдонбоого, сүйлөшүү жолуна чакырды.

Батыш (АКШ, Европа Биримдигинин өлкөлөрү) тараптарды сабырдуулукка чакырып, расмий Бээжинди карапайым калайыкка каршы күч колдонбоого үндөдү.

Нааразылык чаралары дүйшөмбүдө башталган.

Соңку кабарларга караганда, дүйшөмбү күнү (10-мартта) бутпарас кечилдер баштаган нааразылык чараларына динчилер гана эмес, башка карапайым адамдар да арбындап кошулууда.

Тибет 1950-жылы Коммунисттик Кытай тарабынан басылып алынып, анын бир автономиялык аймагына айланган. Тибеттиктердин бир бөлүгү аймактын эгемендиги үчүн күрөшүп келет.

10-мартта тибеттиктер 49 жыл мурда башталып, айоосуз басылган улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн жылдыгын белгилеп, Лхасада жүрүшкө чыгышкан.

Бул - Тибетте соңку жыйырма жылга жакын убакыттан бери орун алган эң ири нааразылык чарасы болуп калды.

Бул нааразылык аракеттери быйыл жайкы олимпиаданы өткөрүүгө беленденип жаткан Кытайдын адам укуктарынын оор жагдайы эл аралык коомчулук тарабынан кескин сынга алынып жаткан учурда орун алды.

Бутпарас динине өткөн америкалык кино жылдызы Ричард Гир эгерде Кытай бийлиги Тибеттеги зомбулугун токтотпосо, анда быйылкы Олимпиадага бойкот кылаарын жарыялады.

Сүрөт www.lenta.ru интернет баракчасынан алынды

XS
SM
MD
LG