Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

“АКЫЙКАТ ҮЧҮН” КЫЙМЫЛЫ НАРЫН ШААРЫНДА ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ


Кыргызстанда «Акыйкат үчүн» коомдук кыймылы алгачкылардан болуп Нарын шаарында жыйын өткөрүп, анда 29-мартта өтүлүшү күтүлүп жаткан республикалык элдик курултайга 107 делегатты шайлашты. Чогулуш болуучу “Соңкөл” жаштар сарайы ачылбагандыктан жыйын ачык асман алдында өткөрүлдү.

Оболу Нарын шаарындагы “Соңкөл” жаштар сарайынын алдында топтолгон жүздөн ашуун адамдарга “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Накен Касиев мындай деп кайрылды:

- Кыргызстанда элдик курултай өткөрүлөт деген ой-пикир бар. Ошол курултайда акыркы убактагы Кыргызстандагы экономикалык-саясий акыбалдарды талкулоо, бийликтин үч жылдан берки жүргүзгөн иштери боюнча көз караштарын айтуу. Анын жакшы жагы бар, жаман жагы бар.

Өлкөдө уюшулган коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаев депутат учурунда азыркы президент Курманбек Бакиев электр энергияны жеке секторго сатууга каршы болгондугу тууралуу буларга токтолду:

- Эң жок дегенде ушул суу энергетикасын сактап калалык деп аракет жасаганбыз. Мына ошондой ойдогу адамдардын бири мен сиздерге ачык айтып коёюн. Курманбек Салиевич Бакиев да ошондой ойдо болгон. Анткени ал убакта мен жетектеген жыйындын катардагы депутаты болуп турган. Атүгүл ал коммунисттер менен бирге “Кыргызстан” деген бизде депутаттык топ бар эле. Бирдикте он үч депутат Акаевге да каршы кат жазышкан.

Ал эми “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылынын ана башчыларынын бири Аликбек Жекшенкулов бийлик кылмыш дүйнөсү менен кызматташып кетти деп билдирди:

- Тилекке каршы бийлик коррупцияга батып кетти. Криминал менен катуу кызматташып кетти. Көп чиновниктердин арасында ар кандай таза эмес адамдар көбөйүп кетти. Ошон үчүн мен ойлойм биз бир эл болуп чогулуп, биригип, өзүбүздүн оюбузду ачык айтып, Кыргызстандын келечегин ойлонушубуз керек.

2007-жылдагы апрель митинг маалында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында табышмактуу каза болгон Бектемир Акуновдун уулу Урмат Акунов биринчи болуп сөз алды:

- Казакстан менен Орусия 33 тыйындан төлөсө, биз суунун башы болгон Нарындын эли 62 тыйындан төлөп жатабыз. Бул жерде экспорт Орусия менен Казакстанга эмес, тескерисинче экспорт Нарынга болуп жатат.

“Абдулразак” коомдук уюмунун лидери Абдыразак Шермамбетов.

- Борбордук шайлоо комитетинде иштегендер биздин ар бирибизди таптап, биз салган бюллетендерибизди дааратканага ыргытып жиберишти. Андан бери үч ай өтүп бара жатат. Андан бери бир тыянак жок.

Кийинки сөздү Нарын шаарынын тургуну Алымбек Акунов алды:

- Кырдаал курчуп эле келе жатат. Эл аябай эле нааразы. Баягы Акаевдин убагынан да нааразы. Ушунун баарын эске алып, жалпы элди бир ынтымакка чакырбасак чыдабаган эл кайсы жерден жарылып кетет алдын ала айтыш кыйын болуп калды.

Өзүн Москва районунун тургунумун деп тааныштырган Уран Рыскулов буларга токтолду:

- Кыргыз качан энесин, баласын сатты эле. Азыр карылар үйүнө барсаңар 60-70 % кыргыздын чал-кемпирлери. Эмне болгон улут болуп бара жатабыз. Мына азыр эмне болдук 20 жашар бала энесин өлтүрдү 20 миң долларга.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Эрлан аттуу студент:

- Азыр биз кандай коомдо жашап жатабыз. Азыр биз “жедим, жуттум, коррупцияны туу туттум” деген коомдо жашап жатабыз. Демек биздин дагы убагыбыз келет бийликке барабыз, биз дагы ошондой адам болобуз. Бирок биз аны каалабайбыз.

Ардагер Анипа Жутабаева:

- Элди тоноп бүтүштү. Эми эл калды. Элди кимге сатат деп да кулак түрүп турабыз.

Жыйында мамлекеттик кызматта иштеген Жумабек Осмоналиев да сөз алып пикирин билдирди:

- Мен азыр ушул кезде чиновникмин. Бир мекеменин жетекчисимин. Менин артымда мэрия турат, обладминистрация турат. Өткөндө кызматыңды алабыз, “Ак Жолго” добушуңду бер дешти. Мейли өткөрүп берейин дедим. Анан кызматтан коркуп отурсак, жеп жаткан бир кесим наныбыздан коркуп, көлөкөгө жашынып алып жүрө берсек болбойт.

Ал эми Нарын шаарынын мэри Бейшенаалы Боогачиев “Соңкөл” жаштар сарайында жыйын болоору тууралуу бир дагы расмий кайрылуу “Акыйкат үчүн” кыймылы тарабынан түшпөгөндүгүн маалымдады.

XS
SM
MD
LG