Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

ТИБЕТТЕГИ АНТИКЫТАЙЛЫК АКЦИЯ КҮЧ МЕНЕН БАСЫЛДЫ


Амирбек Усманов, Прага Тибеттин борбору Лхастагы антикытайлык демонстрация кандуу кагылышуу менен аяктады. Тополоңдо кеминде 80 кишинин каны төгүлгөнүн сүргүндөгү Тибет өкмөтү билдирди. Кытай бийликтери 10 киши набыт болду деп билдирди. Бээжин олимпиадасынан эки жума мурда болгон калабалуу окуя Кытайдагы адам укугунун абалына эларалык коомчулуктун көңүлүн бурду.

Тибеттиктердин руханий көсөмү Далай Лама жекшемби күнү эларалык уюмдарга кайрылып, Лхастагы кан төгүүнү иликтеп берүүнү өтүндү:

- Болгон окуяны өз күчүңөр менен текшерип берсеңер оң болмок. Бул проблеманы тыш өлкөлөрдөгү адамдар, анын ичинде мен түздүмбү? Аны билүү үчүн, эгер мүмкүн болсо, айрым абройлуу эларалык уюмдар эң оболу чатакты жана ага алып барган жагдайды кылдат текшерсин.

Далай Лама өлкөдөн мажбур чыгып кеткенден бери Индиянын Дамсала шаарында жашап, сүргүндөгү Тибет өкмөтүн жетектейт. Бул өкмөт түрдүү булактарга таянып, Лхастагы чатакта 80ден ашуун адам набыт болгонун кабарлады. Кытай тарап 10 киши өлдү деп ырастоодо.

Тибетке чет элдиктер өткөрүлбөй жаткандыктан көзкарандысыз булактар бул маалыматты тастыктай элек.

Кытай бийликтеринин маалымдашынча, тибеттиктер жума күнү Лхастагы кытай улутундагы адамдардын там-жайларын өрттөп, өздөрүнө кол сала баштагандан улам күч колдонулган. Кечилдер баштаган антикыйталык акция ага чейинки төрт күндө тынч өтүп жаткан.

1950-жылы Кытай армиясы Тибетти басып алган жана ошондон тарта аймакка хан кытайлар топ-тобу менен көчүрүлүп келе баштаган. Андан улам, тибеттиктердин маданияты аргындашып кетүү коркунучу алдында турат дейт Далай Лама:

-Кытай өкмөтү мойнуна алабы же жокпу: Тибетте проблема бар. Проблема мындай: тибеттиктердин байыркы маданий мурастары өтө олуттуу коркунуч алдында турат.

Гонконгдун кабелдик телевидениеси жекшемби күнү Лхаска ар бирине 60ка чейин жоокер жүктөгөн 200дөй аскерий машине келген тасманы көрсөттү. Күбөлөрдүн айтышынча, элге микрофондон «Душманды достон ажырата билгиле, тартипти сактагыла» деген үндөөлөр дембе-дем жасалууда.

Лхастык дүкөнчү аял тартипти Кытай армиясы камсыздап жатканын айтат:

-Менде эч кандай коркунуч жок. Себеби Кытай боштондук армиясы көчөнүн эки башын күзөтүүдө. Анүчүн бул жерде коопсуз. Менде да коркунуч жок.

Кытайдын куралдуу күчтөрү Лхаста тынчтыкты орноткону менен, кандуу калаба Тибетке коңшулаш төрт провинцияда жашаган тибеттиктер арасында нааразылыктарды пайда кылганы маалымдалды.

Тибеттиктердин Индияда жайгашкан Адам укугун коргоочу тобунун билдиришинче, Сычуан провинциясынын Абэ аймагында акциянын жети катышуучусу окко учкан. Полиция бул кабарды калпка чыгарды. Бирок 200дөй адам полициянын жергиликтүү кеңсесине чабуул жасап, өрттөп жибергенин Ройтер агенттигине билдирген.

Ассошиэйтед пресс агенттиги болсо Ганзу провинциясынын Цяхе шаарында нааразылыкка чыккан 1 миңден ашуун тибеттиктерди полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонуп таркатканын күбөлөргө шилтеп кабарлады. Провинциянын Таксанг шаарында да нааразылык акциясы өткөн.

Кытай бийликтери Лхастагы антикытайлык чыгуулар үчүн өлкөдөн сыртта жашаган Далай Лама башындагы топту күнөөлөдү.

-Бул бизди терең ойлонткон маселе. Ыкласы жакшы бардык адамдар тынчсызданышы керек. Ички жана тышкы антикытайлык күчтөр Жалпы улуттук элдик конгресстин сессиясы тушунда тополоң башташты. Биз муну көңүлдөн тыш калтырбашыбыз керек. Тибет өкмөтү жана Тибеттин эли абалдан чыгуунун туура жолун табарына ишенебиз, - деп билдирди Кытай боштондук армиясынын өкүлү, генерал-майор Фенг жекшемби күнү.

Эл аралык коомчулук Тибеттин байтактында болгон калабаны катуу деле сындабады. Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Жак Рогге эки жумадан кийин Бээжинде башталчу жайкы олимпиада оюндарына бойкот жарыялоого бейкүнөө спортсмендер жабыркайт деп каршы чыкты.

Евробиримдик Кытайга кайрылып, Лхастагы демонстрациянын катышуучуларына катаал мамиле жасабоону сурады.

АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс болсо Кытай бийликтеринин Лхасага ашыкча көп аскер жана полиция киргизилгенине тынчсыздануу билдирди.

XS
SM
MD
LG