Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:20

Б.НАРГОЗУЕВ: АКСЫЛЫКТАР ЭМИ ЭЧ КИМГЕ КУРАЛ БОЛБОЙТ


Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек Аксы окуясынын алты жылдыгы жана Аксыда бүгүн башталган Элдик сот тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Жогорку Кеңештин депутаты Бегаалы Наргозуев жооп берди.

-Бегаалы мырза, мына бүгүн Аксы окуясына 6 жыл болду. Ага карата Аксы районунун Каражыгач айылында Элдик сот өтүп жатат. Анда Аксы окуясына күнөөлүүлөрдүн атын элин атап, моралдык жактан жаза ала тургандай болсун деген милдет алдыга коюлуп жатат. Сиз жериңиз аксылык депутат катары бул Элдик сот кандуу окуяны аягына чыгарууга түрткү берет деген ишенесизби?

-Бизди аксылык туугандар айласы кеткенде өздөрүнүн өксүгүн чыгарып алабыз деген максатта жасап жатышса керек. Буга мынчалык каршылык көрсөтүүнүн керекги жок. Алар өздөрүнүн ойлорун айтышаар. Бирок мен ойлойм бара-бара бул окуяга тарыхта сөзсүз түрдө чекит коюлат. Мурунку бийликтин эмне үчүн буга чекит койбогону түшүнүктүү болчу, анткени өздөрү аралашкан болчу.

Азыркы бийликти меним оюмча бир гана нерсе токтотуп жатса керек: эгер ошого күнөөлүү укук коргоо органдарын жазалап жатсак, дагы кайсы бир балээ чыгып кетсе, ошого кантип жумшайбыз, ошондо укук коргоо органдары биздин тилибизди алабы деп, ошого эле калкалап келе жатат деп ойлойм. Бирок буга акырындап чекит коюлат, алар өз жазасын алат деп ойлойм. Себеби кан качырбайт деп коет. Өзүңүздөр билесиздер ошол Аксы окуясынан кийин Акаев бийлигинин ооматы кетип, ошондон кийин качып кутулду. Менин оюмча мунун аягына чекит коюлат.

-Ушул Элдик сотто мурдагы тергөөдө белгисиз жаңы бир жагдайлар айтылып, бийликке, тергөө органдарына сунушталса, аны бийлик эске алат деп ойлойсузбу? Же парламент бул окуяга кайрылабы? Бул маселени сиз көтөрөсүзбү?

-Жаңы эч нерсе деле айтпайт болуш керек. Себеби ким күнөөлүү экени, кандайча болгону бардыгына эле белгилүү да. Күнөөлүү кишилер жүрөт, алардын аттары айтылып жатат, аксылыктар деле атап жатышат. Баягы эле Акматалиев, ошол эле Карыпкулов сыяктуу ошол кездеги билермандар болчу.

Ал кезде бийликтегилердин бир философиясы болгон да. Бийликке каршы акаарат айтып жаткандардын беш-алтоосун торойто атсаңар эле тынчып калат деген философия менен ит аткандай атып салышкан. Ошон үчүн бул жерде эч кандай жаңылык болбойт, күнөөлүүлөр белгилүү. Убагы келгенде өз жазасын алат деп ойлойм.

-Бирок жаңы бийлик келгенден бери үч жыл өтсө дагы бул окуя аягына чыкпай келет. Ушул алты жылдан бери чубалып келе жаткан бул окуя Кыргызстандын саясий турмушунда укуктук аң-сезимдин жогорулашына, бийликтин жоопкерчилигин күчөтүүгө чоң салымын кошту деген пикир бар. Ошол эле кезде Аксы окуясын саясатка айландырып, аны курал кылып алган күчтөр бар деген пикир мурунку бийлик учурунда да айтылган, азыркы бийлик учурунда да айтылып жатат. Чынында эле кээ бир саясатчылар аны куралга айлантып, аксылыктар курал болуп жатат деген пикирдин негизи барбы?

-Негизи бар. Ушул эки пикир тең туура деп ойлойм. Ошондой бир куралга айландырып алышты. Бирок мен шайлоо учурунда болдум, Аксы элинин аң-сезими аябай өстү, абдан өзгөрдү. Мындан ары мен ойлойм көп деле ар түрдүү саясатчыларга курал болуп бербейт. Бийликке дагы, оппозицияга дагы курал болуп бербейт деп ойлойм. Алардын өз ою бар экен. Мен ойлойм ушул сот деле жогорку деңгээлде аң-сезимдүүлүк менен өтөт.

-Сиз “Ак Жол” партиясынан депутат болом деп Аксыда үгүттөө иштерин жүргүзүп жүргөн учуруңузда жабырланган адамдар күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча суроо-талап менен кайрылышты беле? Аларга жообуңуз кандай болду?

-Таң калыштуусу Аксы маселеси боюнча мага кайрылышкан жок. Мен бир айдан ашык күнү-түнү ошол жерде жүрдүм, Аксы маселеси боюнча талап коюлган жок. Негизинен экономикалык маселелер гана коюлуп жатты.

Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG