Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

БОРБОР АЗИЯ ЖАШТАРЫ УЛУТЧУЛДУККА КАРШЫ БИРИГЕТ


Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек “Мен ишенбейм” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/02/E0470ACD-2C33-4A92-9613-FBDFFA1AB821.asp акциясы, Орусиядагы улутчулдук жана АКШнын Кыргызстандагы аба базасы тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна “Эркин муун” либералдык жаштар альянсынын теңтөрагасы Мирсулжан Намазалиев жооп берди.

-Мирсулжан мырза, “Эркин муун” либералдык жаштар альянсы башка бир топ жаштар уюмдары менен бирге парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразылык ирээтинде “Мен ишенбейм” деген акция өткөргөн элеңиздер. Акциянын катышуучуларын камакка алуулардан кийин акыркы мезгилде эмнегедир тынчып калдыңыздар. Бирок шайлоонун жыйынтыктарын БШК дагы эле расмий жарыялай элек. Ушундан улам акцияны кайрадан жандандыруу зарылдыгы болушу мүмкүнбү?

-Биздин оюбузча бул акцияны кайрадан жандандырыш керек. Акыркы акциядан кийин жарым айдан көбүрөөк убакыт өттү окшойт, ошол маалда биз кичине тынчыраак болгонбуз. Бул учурда биз өзүбүздүн стратегиябызды кайрадан карап чыгып, өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүздү оңдоп, ошол эле кандайдыр бир каржылык маселелерин дагы аз-аздан чечип жаттык. Азыр Аксы окуясына алты жыл болуп калган экен, анын үстүнө кечээ парламенттик шайлоолордун өткөнүнө үч ай болду. Андыктан биз ага карата акциябызды дагы баштаган жатабыз. Ушул жумада сөзсүз түрдө биздин акцияларыбызга дагы күбө болосуздар.

-Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына ишенбеген жаштардын акциясы өлкөдөгү жаштардын көпчүлүгүнүн пикирин билдирди деген көз караш бар. Ошонун чындыгы барбы? Бишкектен башка жактардагы жаштардын маанайы кандай? Анан жаштарды тартип коргоо органдары камакка алып коет деген коркунуч жокпу?

-Негизинен бизге көптөр телефон чалат, региондордон же башка өлкөлөрдө жашаган кыргыз жаштары бизди колдоп жатканын айтып, электрондук даректерибизге дагы кат жазып турушат. Ал эми көпчүлүк учурда эмне үчүн региондордо же Бишкекте жаштар көп чыкпай жатат? Себеби милиция кызматкерлери камап коет, андан кийин университетте же башка жакта кандайдыр бир кыйынчылыктар болуп калат деп корккон үчүн көпчүлүк азыр чыгууга батына албай жатат.

-8-мартта Москвада ушул жыл башынан бери онунчу кыргыз жараны киши колдуу болуп каза болду. Мындай окуяга нааразылык билдирген укук коргоочу Максим Кулешовдун акциясына жаштар дагы колдоо көрсөтүштү. Жаштар уюмдары Орусиядагы ушундай уюмдар менен байланышып, ушул такырбаштардын жосунун токтотуу боюнча кандайдыр бир аракеттерди көрүп жатасыздарбы, же бул жердеги нааразылык акциялары менен эле чектелесиздерби? Деги колдоо көрсөтүүгө же тыюу салууга ушундай мүмкүнчүлүк бар бекен?

-Бизде бул жактагы акцияларды өткөргөнүбүздү билгенден кийин ушул айдын акыркы күндөрүнө Казакстандагы Алматы шаарына чакырышты. Ал жактан Борбордук Азия боюнча жаштардын жолугушуусу болгон жатат. Ошол жерден биз чогуу кандайдыр бир стратегиябызды талкуулап, фашизмге каршы кантип туруштук бере алабыз, мына ушуну талкуулап, бирге кандайдыр бир ачык кайрылуу жасаган жатабыз. Ошол аркылуу дагы биз Борбордук Азиянын күчтөрүн бириктире алсак анда көп жардам болот деген ойдобуз.

-Азыр апрель айы жакындап келе жатат. Айрыкча такырбаштар ушул апрель айында күч алышат эмеспи. Ошолорго байланыштуу Орусия дагы жаштар менен кандайдыр бир байланыштарды жүргүзүп жатасыздарбы?

-Азырынча тилекке каршы андай жумуштарды жүргүзө элек болчубуз. Бирок менин оюмча жүргүзүү зарыл. Себеби ал жактагы биздин кээ бир досторубуз антифашисттик уюмдарда турушат. Ошол аркылуу дагы биз көп иштерди жасай алабыз деп ойлойбуз. Алар менен сөзсүз түрдө байланышабыз го.

-Дагы бир суроо. Бүгүн Сергий Радонежский жана Айкөл Манас деген уюм Манас аэропортундагы америкалык аба базаны чыгаруу талабы менен жөө жүрүш жасаган жатат. Жаштар аны колдойбу, же каршыбы?

-Менин оюмча сөзсүз түрдө кандайдыр бир позиция бар деп айтуу кыйын. Себеби мен аларды колдобойм. Мен колдобогондон кийин демек жаштардын бардыгы колдойт деген сөз туура эмес болуп калат. Ошондуктан менин позициямды колдогон адамдар дагы бар.

Азыркы учурда аба базасын “кет” деп жатсак, демек биз көптөгөн суммадагы акчадан баш тартып жатабыз, АКШ өкмөтүнүн кандайдыр бир жардамынан баш тартып жатабыз. Эгерде аба базага каршы чыксак, анда Орусиянын базасы турат, аны дагы кетириш керек болот. Биз өзүбүз дагы бул террорчулукка, наркотрафикке каршы чыгышыбыз керек. Ошол маалда көпчүлүк учурда бул Манас аба базасы кандайдыр бир жардамды көрсөтүп жатат.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG