Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

13:56 Аксыда элдик сот уланууда


16 кишиден турган сотко Эдил Керимкулов төрагалык кылууда. Учурда айыптоочулар Сартбай Жайчыбеков, Төлөкан Исмаилова, Дооронбек Садырбаев судьялардын суроолоруна жооп берүүдө. Маселен, Төлөкан Исмаилова Аксы окуясынын негизги себеби катары Үзөңгүкууштун берилиши, адам укуктарынын бузулушун атады. Ал ошондой эле Аксы окуясына расмий бийлик тарабынан адилет баа берилбей келатканын кошумчалады. Элдик соттун курамына киргизилген укук коргоочу Рамазан Дырылдаев Аксы окуясын тергөөдө кемчилик кетирген тергөөчүлөрдү айыпталып жактан 42 адамдын катарына киргизүүнү сунуштады. Элдик сотто Аксы окуясын териштирүү уланууда. Бул тууралуу Аксыдан кабарчыбыз Замира Кожобаева маалымдады.(AiT)

XS
SM
MD
LG