Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:55

КЫРГЫЗ ЫРЛАРЫНЫН ЖАРЧЫСЫ ЭЛЕ


Советтер Союзунун көптөгөн ыр сүйүүчүлөрүнө таанылган белгилүү ырчы Анатолий Зайцев Кыргызстанда туулуп өскөн орус шайырларынын ичинен бүтүндөй чыгармачылык өмүрүн кыргыз обончуларынын, композиторлорунун ырларын кыргыз, орус тилдеринде ырдап жүрүп өттү.

Жазында гана чыккан гүл кайыр,
Жалындап өсөт күн сайын.
Жаныңда гана булбул сайраса,
И койчу жарашат гүлүм ансайын.

Гүлдүн гүлдөр кези экен,
Гүлдүн маалы жаз экен.
Жазгы гана гүлдөй жайнасаң сен,
Жаштардын маалы ушу экен, - деп, атактуу Атайдын айтылуу ырын кыргызча күйүп ырдаган орус ырчысы Анатолий Зайцев. Ал Кыргызстанда туулуп өскөн орус жаштарынан айырмаланып, кыргыз жерин, элин, тилин, дилин, ырларын, каада салттарын өзгөчө сүйүп, кыргыз тилин, элдик ырларын үйрөнгөн.

Анатолийдин мектептен кийинки алгачкы билими инженер-гидротехник болсо да 1960-жылы М.Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын ырдоо классын ийгиликтүү бүтүрөт. Өзү бүткөн окуу жайында мугалим болуп иштейт.

Анатолийди Кыргыз Улуттук Т.Сатылганов атындагы филармониясынын куттуу сахнасына алып чыгып ыр дүйнөсүнөн бактысын ачкан залкар дирижер, Эл баатыры Асанкан Жумакматов болчу.

- Анатолий М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында вокал (ырдоо) бөлүмүндө окуган студенттерге сабак берүүчү. Үнү лирикалык тенор эле. Мен 1962-жылы филармониянын башкы дирижеру, көркөм жетекчиси болуп иштеп калдым. Жаш ырчыларга Атайдын, Мусанын, өзгөчө Б.Эгинчиевдин ырларын иштеп чыгып оркестрдин коштоосунда ырдата баштадым. Бирок ошол кезде элдик ырларды ырдай турган кыргыздын жаш ырчылары жокко эсе эле. Ошондуктан Анатолийди оркестр менен иштөөгө чакырдым. Кыргызча жакшы сүйлөөчү. Ал Кыргызстанда туулган. Анатолий кыргыз ырларын жан дүйнөсүн таштап коюп үйрөнө баштады. Анатолий кыргыз обончулардын көптөгөн ырларын аткарды. Угуучулар да жаш ырчынын аткаруусундагы ырларды өзгөчө таңдануу, артыкча суктануу менен кабыл алышты. Анатолий музыкалык билими бар жигит эле. Ага мен үйрөнө турган ырлардын сабын берем. Ал мен берген сапты үйрөнүп келет. Анан мен ал үйрөнгөн ырды К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине салам, анан ал бүтүндөй жан дүйнөсү менен оркестрдин коштоосунда ырдап чыгат. Эң негизгиси ал кыргыз ырларын ырдоого кызыгып кумарланып жүрдү. Ал кезде Керим Турапов, Дарийка Жалгасынова ж.б. жок эле,- деп эскерет Асанкан Жумакматов.

Залкар дирижер Асанкан Жумакматовдун жетекчилиги, устаттыгы аркасында Зайцев Атайдын классикалык “Эсимде” аттуу ыры баштаган “Гүлүн”, “Ой булбулун”, “Күйдүм чогун”, Б.Эгинчиевдин “Айнагүлүн”, Б.Жандаровдун
“Сагынам”, К.Досмамбетованын “Унутпадым” ж.б. ырларды кыргыз, орус тилдеринде сөздөрүн мүмкүнчүлүгүнө жараша так, даана айтып, обондордун ыргактарын өчүрбөй артыкча жалбыртай жана ырдоого аракеттенет.

Анатолийдин андай аракети, ырчылык изденүүсү ар кыл кесиптеги, түрдүү курактагы жүздөгөн ыр сүйүүчүлөр тарабынан өзүнчө бир чоң табылга катары кабыл алынат. Академик Азиз Салиевдин сөзү менен айтканда Анатолий Зайцевдин К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин коштоосунда Атайдын “Эсимдесин”, “Күйдүм чогун”, “Гүлүн” аткарганы өтө сонун музыкалык көрүнүшкө жатат. Ал эми А.Зайцев орус ырчысы болгондуктан толкундооңуз эки эсе күчөйт.

Орус менен кыргыздын санаасын, кыялын, көркөм табитин бири-биринин тагдырынан, достугунан бөлүп кароого болбойт. Кыргыздын кесиптик өнөрүнүн түптөлүшүнө, өнүгүшүнө гана эмес элдик чыгармаларыбыздын да калк арасына кеңири жайылышына шериктеш болгондуктун далилдеринин бири ушул А.Зайцевдин ырдаган ырлары эмеспи.

Көрүнүктүү композитор Владимир Георгиевич Фере К.Орозов атындагы оркестрдин репертуары, аткаруучулары жөнүндө “Советтик Кыргызстан” газетасына мындайча жазып кеткен:

“Зайцев жөнүндө айтып кетким келет. Бул Фрунзенин музыкалык окуу жайынан тарбия алган орус жигиттин үнүнүн кубатына (күчүнө) караганда анча чоң эмес тенор, бирок өтө жагымдуу. Ал кыргыз ырларын кыргыз тилинде укмуштай кумарлануу менен мүнөздөрүн, маңыздарын, стилин ача эң бир сонун аткарат. Бул союздук республикаларда иштеген көптөгөн орус артистери үчүн өрнөк алуучу мисал. Дагы бир айта кетүүчү нерсе Москвадагы Чайковский атындагы залда өткөн кыргыз шайырларынын концерттеринде орус, кыргыз угуучулары ырчы Зайцевди дүркүрөгөн кол чабуулар менен урматташты”.

Ошентип орус ырчысы Анатолий Зайцевдин кыргыз ырларын эки тилде жумурай журттун алдында жадырап-жайнап ырдап чыгышы өз кезегинде кыргыз, орус элдеринин ортосундагы улуу достуктун күндөн күнгө өөрчүп, өркүндөп баратканын дагы бир жолу салтанаттаган эле. Анатолий Зайцевдин жолун жолдогон, бүтүндөй чыгармачылыгын кыргыз ырларын ырдоого арнаган орус ырчысын Кыргызстандан ырымга да таппайсын. Ал эми Зайцевдин ырдап кеткен ырлары кыргыз угуучулары менен өлбөй, өчпөй жашап келүүдө.
XS
SM
MD
LG