Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!


17-19-март күндөрү Жалалабат, Ош облустарынын тоолуу аймактарында, Бишкек-Ош автожолунун 120-137, 197-265 чакырым аралыктарында жана Каракулжа-Алайку, Алабука-Канышкыя жолдорунда кар көчкү жүрүшү күтүлүүдө.

18-мартта Ош, Жалалабат, Баткен облустарынын тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

18-мартта Кыргызстанда мезгил-мзгили менен жамгыр жаайт. Тоолорго кар түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +1...+6, күндүз +7...+12 градус.
Таласта түнкүсүн 0...+5, күндүз +6...+11 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +2...+7, күндүз +13...+18 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн 0...+5, күндүз +7...+12 градус болот.
Нарында түнкүсүн -1...+4, күндүз +3...+8 градус.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +3...+5, күндүз +9...+11 градус.

XS
SM
MD
LG