Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:27

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ: БИЙЛИК АЛМАШМАЙЫНЧА АКСЫ ЧЫНДЫГЫ АЙТЫЛБАЙТ


17-мартта Жалалабат облусунда “Аксы окуясы” боюнча Элдик соттун кеңешмеси өттү. Аксылык жабырлануучулардын демилгесинин негизинде Аксы окуясынын алты жылдыгына карата уюштурулган элдик сотко аксылыктардан тышкары оппозициялык саясатчылардын, укук коргоочулардын өкүлдөрү катышты. Элдик сотко расмий өкүлдөр келген жок. Элдик сот мурдагы жана азыркы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев баш болгон 41 адамды Аксы окуясына түздөн-түз күнөөлүү деп тапты. Аксылыктардын мындан аркы аракети тууралуу экс-депутат, "Асаба" партиясынын лидери Азимбек Бекназаров кабарчыбызга ой-пикирин билдирген.

-Сиздер мамлекеттик сотко ишенбей, элдик сот менен чекит коебуз деп билдиргенсиздер мурда. Мындан ары бийликтен кандай кадам күтөсүздөр?

- Биз эч кандай кадам кыла албайбыз, бул жабырлануучулардын укугу. Биз саясатчылар баа гана беребиз. Айыпкерлерди кылмыш жообуна тартууну жабырлануучулар гана талап кыла алат. Жабырлануучулар расмий бийликке бул иштердин баарын убактылуу токтотуп койгула деп кайрылышты.
Эми кандай чечим кылат, ал расмий бийликтин иши.

- Аксы окуясын саясий курал катары колдонуп келатат деп сизди айыптап келатышат. Мындан ары кандай болот?

- Эми мен Аксынын депутаты катары бул ишти көтөрүп келгем. Азыркы күндө мен депутат болбой калдым. Эми бул ишти Аксыдан чыккан депутаттар милдеттүү түрдө көтөрүшү керек. Жабырлануучулар эмне десе, кандай чечим кабыл алса, мен ошол жээкте боломун, анткени алар мен үчүн жабырланышкан.

- Аксы окуясынын келип чыгышына Үзөңгүкууш маселеси жана сизди камакка алуу себепкер болгону айтылып келатат. Сиз ревкомдун жетекчиси катары Аксы окуясы аягына чыгыш үчүн дагы кандай аракеттерди кыласыз?

- Бийлик алмашмайынча мындан эчтеке чыкпайт. Элди чарчатат, жабырлануучуларды уят кылат, кичине акча берет дагы кайра акча бердик деп оюнчук кылат. Мына бүгүн элдик сот болуп атат, а губернатор келип алып, үйлөргө барып миң сомдон берип жүрөт. Бул бийликтин эки жүздүүлүгү да. Булардын мындай кадамдары кайра элдин жинин келтирет.

Жаңы бийлик келсе бул жабырлануучуларга акча бербей эле акыйкаттыкты орнотсо болот. Көптөрү айтпай атат, менин үстүмөн арызданган Бүкеева революциядан кийин келип, ким аны алдаганын, Майрам Акаева менен арак ичкенин, эже-сиңди болуп жүрөлү дегенин, Бекназаровго каршы арыз жазып бер, аны жакында талкалайбыз дегенинен бери, Осмонакун аны Бишкекке алдырып "Ысыккөл" мейманканасына жайгаштырганынан бери, прокурор аны кызмат машинеси менен ташып жүргөнүн, депутат Сарпашев жол киресин бергенинен бери жазып берген. Бирок ошол иш эмдигиче жылбайт, токтоп турат. Өткөн сотто Кудайбергенов бул ишти Абышкаев заказ берген деп көрсөтмө берди. Абышкаев болсо өз кезегинде Карыпкуловду айтат. Мына ушулардын баарын топтоп, чогуу караш керек.

Биздин эл кеменгер, керек болсо кечирип деле кое берет. Анткени Акаев жазасын алды да, качкын президент аталып укукм-тукумуна чейин жаманатты болду. Андан көрө беш жыл отуруп чыкса, эч ким деле аны күнөөлөбөйт болчу. Азыркы президент дагы ушундай тагдыр күтүп калса, мындан өткөн жаза жок. Андан көрө бул президент эртерек саясий баа берип, тергөөдөн качпай өзүнүн "Тайфун" боюнча кол койгонун ачык айтып чыгышы керек. Мына ошондо гана бул иш аягына чыгат.

XS
SM
MD
LG