Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:06

АКШдагы ФИНАНСЫЛЫК КРИЗИС ДҮЙНӨЛҮК БАЗАРГА ДҮРБӨЛӨҢ САЛДЫ


Үстүбүздөгү жума АКШдагы финансылык кризис тереңдеп баратканы тууралуу жаңы маалыматтар менен башталды. АКШ доллары еврого карата дагы арзандай түшүп, мунай менен алтындын баасы жаңы рекорддук чекти багындырды. Эксперттер Американын Борбордук банкы 1930-жылдардагы “Улуу депрессиядан” бери кабыл алынбаган айрым чукул чараларды колдонууга аргасыз болгонун айтышууда.

Чийки мунайдын бир баррелинин баасы дүйшөмбүдө 110 АКШ долларынан ашты, өткөн сентябрь айында эле ал 70 доллардан төмөн эле. Алтындын бир унциясы Нью-Йорктогу биржада 1020 доллардан өйдө көтөрүлдү, сентябрда бир унция 700 долларга барабар болчу. Дүйшөмбүдө Европа, Азия жана АКШнын фондулук биржаларында алдыңкы компаниялардын акциялары арзандай түштү.

АКШда финансылык кредит системасы кептелген кризистен улам банктар бири-бирине карыз берүүдөн баш тарта баштады. Өткөн аптада Вашингтондогу ири банктардын бири – Bear Stearns – ипотека аркылуу берилген насыяларын кайтара албай, кризиске учураганын жарыялаган. Натыйжада бир жума гана мурдараак миллиарддаган долларга бааланган инвестициялык банк болгону 236 млн долларга сатылды. АКШнын улуттук валюта жана финансылык чөйрөсүн тескеген Федералдык резерв системасы 30 жылдан бери колдонбогон чарага барып, жекшембиде банктарга насыя берүүнүн үстөк пайызын мурдагы 3 жарымдан 3,25 пайызга төмөндөттү. Федералдык резервдин бул кадамы ызы-чууну азайтууну көздөгөнү менен, тескерисинче, инвесторлорду ого бетер чочутту, - дейт “Ройтерс” агенттигинин финансылык серепчиси Эрик Буррохс.

- АКШнын Федералдык резерви азыр “Улуу депрессия” жылдарынан бери алгачкы ирет банктарга берилген насыялардын мөөнөтүн узартууда. Кырдаал өтө олуттуу, бул кадамдар инвесторлорду тынчыткандын ордуна алардын кооптонуусун гана күчөтүүдө.

Ырасмий Бэйжин АКШда калктын керектөө талабы кескин кыскарса, Америкага товарынын көбүн сатып жан багып келаткан Кытай экономикасы үчүн катуу сокку болоорун эскертти. Айтор, ушу тапта көпчүлүк АКШ жетекчилиги эл аралык финансылык кырдаалды турукташтырыш үчүн кандай кадамдарга барат деп күтүп турган чак.

Президент Жорж Буш өткөн аптада билдирүү жасап, АКШ күчтүү долларга кызыкдар, эл аралык экономиканы колдош үчүн тийиштүү чаралар көрүлөт деп телеканалдардан чыгып сүйлөдү эле, жума күнү Нью-Йорктогу экономикалык клубга барып, америкалыктар үчүн доллардын курсу төмөн болгону пайдалуу деп айтканы жарыяланды. Жекшембиде АКШнын Мамлекеттик казна башчысы Генри Поулсон экономика бат эле оңолот деген маанайда билдирүү жасады:

- Биздин финансылык мекемелерибиз күчтүү. Биздин финансылык системабызга бүткүл дүйнө суктанат. Бардыгы жаңылануу менен ийкемдүү иштейт. Кырдаалды тез эле жөнгө салабыз деп ишенем.

АКШнын казна башчысы финансы чөйрөсүндөгү кризис тез эле оңолооруна ишенип турганы менен, көпчүлүк эксперттер пессимисттик маанайда болууда. Шейшембиде Федералдык резерв системасы банктарга берилчү насыянын үстөк пайызын дагы бир аз кыскартаары болжолдонууда. Адистер андай кадам АКШ долларынын андан ары төмөндөшүн шарттайт деген пикирде.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG