Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:50

18-МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргызстандык маалымдоо каражаттары 1929-жылдын 18-март күнү, Нарын кантонунун Кытай менен чектеш жергесинде «Ташраб» деген уникалдуу тарыхый эстеликтин ачылгандыгы туурасында жазып чыкты. Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясынын ачкачылык жарыялаган 5 кызматкери 2006-жылдын 18-мартында үч күнгө уланган акцияны токтотушту.

Кыргызстандык маалымдоо каражаттары 1929-жылдын 18-март күнү Нарын кантонунун Кытай менен чектеш жергесинде «Ташраб» деген уникалдуу тарыхый эстеликтин ачылгандыгы туурасында жазып чыкты. Буга чейин илимге белгисиз эстелик Атбашы тоосунун арасында орун алгандыгы малым болду. Уникалдуу эстеликтин 40 бөлмөдөн тураары белгиленип, кыска аралыкта чара көрүлбөсө тарыхый мурас таштандыга айлана тургандыгы кабарланган. Маалымдоо каражаттарынын белгилөсүнө ылайык жергиликтүү калк эстеликти сакташтын ордуна, аны мал сарайга айландырышкан.

Кыргызстан президенти Аскар Акаев 2004-жылдын бул күнү Европа биримдигинин тышкы байланыштар боюнча комиссары Кристофер Паттенди кабыл алды. Эки тараптуу сүйлөшүү маалында кызматташууну арттыруу жана аталган биримдиктин Бишкектеги өкүлчүлүгүн ачуу зарылчылыгы белгиленди.

Чуулгандуу парламенттик шайлоодон кийин жер-жерлерде кырдаал курчуп, 2005-жылдын 18-март күнү нааразылык акциясына чыккандар Ош областынын мамлекеттик администрациясын басып алышты.

Кыргызстандагы 2005-жылкы парламеттик шайлоо жалаң эле кыргыз коомчулугун эмес, чет элдик мамлекеттердин да бүйүрүн кызыткан. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янгдын өлкөдөгү саясий кырдаалга арналган доклады интернетте жарыяланып, ал коомчулукту эки анжы пикирге кириптер кылды. Буга байланыштуу Кошмо Штаттардын Бишкектеги элчилиги 18-март күнү атайын билдирүү таратып, интернеттеги маалымат жасалма документ экендигин белгиледи.

Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясынын ачкачылык жарыялаган 5 кызматкери 2006-жылдын 18-мартында үч күнгө уланган акцияны токтотушту. Ачкачылык акциясына чыгышкандар кыргыз радиосунун жетекчиси Байма Сутенованы кызматтан кетиришин талап кылышкан жана ал оюн бийликке жеткирүүнү көздөшкөн.

«Журналисттердин эмгек укугуна» арналган семинар 2003-жылдын 18-март күнү Нарын шаарында өткөрүлдү. Семинар Кыргызстандын журналисттер профсофсоюзу тарабынан уюштурулуп, анда маалымдоо каражат кызматкерлеринин эмгек укугун коргоо маселелери талкууланды.

Борбордук Азиядагы туризмди өнүктүрүү маселесине арналган симпозиум 2005-жылдын 18-март күнү Ташкент шаарында ишин баштады. Симпозиумду уюштуруу демилгеси Япония өкмөтү тарабынан көтөрүлүп, анын ишине Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Япониянын мамлекеттик уюмдары менен ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты.
XS
SM
MD
LG