Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Т.АКУН: АКСЫ ОКУЯСЫН БЕКНАЗАРОВ АЯГЫНА ЧЫГАРСА БОЛМОК


Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек Аксыдагы Элдик сот, алты жыл мурда болгон кандуу окуя тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна акыйкатчы Турсунбек Акун жооп берди.

-Кечээ Аксыдагы Элдик сотко эмне үчүн барбай калдыңыз, же Жалалабат облусунун губернатору Кошбай Масировго шилтеме берип жазган 24.kg маалымат агенттигинин “аксылыктар Турсунбек Акунду районго киргизбей жана сөз бербей турган чечимге келди” деген маалыматы туурабы?

-Бул маалымат толугу менен калп. Мен акыйкатчы болуп шайланганда эле биринчи Аксыга барайын дегем. Бирок Чехияга барып, бир жума убактым кетип калгандыктан улам бул жерде аябагандай көп аппараттык иштер чогулуп кеткенине байланыштуу бир жумадан кийин барайын деп чечип бара албай калдым. Колум бошогон жок. Ал эми кечээги маалымат толугу менен калп. Ал атайын мага карата душман адамдардын чыгарган сөзү. Эч качан аксылыктар менин жолумду тоскон эмес, биртууган катары кабыл алып жүргөн жана кабыл ала берет. Мен кийинки апталарда барам.

-Сиз Аксыдагы кандуу окуяга күбө болуп, ошол жерде болгонсуз. Кечээ Элдик сотто экс президент Аскар Акаев менен азыркы президент Курманбек Бакиев менен бирге 41 адам күнөөлүү деп аталды. Сиз ошолордун арасынан кимисинин күнөөсү көп, кимиси көптүн бири болуп кетти деген ойдосуз?

-Мен азыр конкреттүү деле токтолбоюн. Негизи ошол алты жылдан бери Аксы окуясына күнөөлүү адамдарга тиешелүү сот болуп, ошолордун күнөөсү боюнча тиешелүү чечим чыгарып койсо болмок, Акаевдин убагында деле, азыркы президенттин убагында деле. Тилекке каршы ошондой болбой калды. Акаев дагы убагында чечкиндүү чечим чыгара албай койду, азыркы бийлик дагы.

Мына ошол эле Ракишев, ошол эле Калыбаевдер соттолбой ушул убакытка чейин жүрүшөт. Башкалар бошонуп кетишти. Ошол эле Токобаев, Дубанаевдер дагы тиешелүү жазасын алган жок. Ошон үчүн мен ойлойм эл дагы жөн эле Элдик сотко барган жок да. Албетте элдин пикири менен эсептешпей койгонго болбойт. Элдик соттун чечимин моралдык жактан эсепке алсак болот. Бирок жалпыга белгилүү болгондой юридикалык күчү жок. Бирок кандай болгон күндө дагы ошол эле Карыпкулов, Кудайбергенов жазаланбай калды. Эгерде толук жазасын алганда эл мындай нерсеге барбайт эле.

-Сиз буга чейин президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын жетекчиси болуп турдуңуз, азыр акыйкатчы оурнга келдиңиз. Ушул Аксы окуясынын аягына чыгышына кандайдыр бир деңгээлде салым кошоюн деген үмүтүңүз барбы?

-Мен былтыр президент Бакиев менен барганда колумдан келген аракеттин бардыгын көрдүк, президентти алып бардык. Келери менен иштин аягына чейин чыкпай жаткан үчүн Конгантиевди алмаштырды. Анын ордуна Элмурза мырзаны койду. Эми ачыгын айтканда президент Бакиевди деле мен ал такыр эле күнөөсү жок дегенден алысмын. Аксы окуясына катышы жок дегенден алысмын.

Бирок ошондой болсо дагы ошол президент Аксы окуясын аягына чыгарайын деп мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровду койбоду беле, аягына чыгар деп. Ал аягына чыгаруунун ордуна, 6-7 ай иштеди, саясат менен алпурушуп туруп албадыбы. Акаевдин артынан түшкөнгө караганда, өзүнүн жердештери үчүн аягына чыгарып койсо болмок да. Же Акаевдин артынан түшүп жарыткан жок, же азыркы тергөөнү жарыткан жок. Анан бир жактуу айта бергендин дагы чеги болот да, туурабы? Бакиевди күнөөлөгөндүн дагы чеги болот, аны мен актабайм. Бирок ошол сотту уюштуруп жаткан Бекназаров аягына чыгарып койсо болот эле да.

-Ушул Аксы окуясы болгондон кийин мурунку бийлик кандуу окуянын чыгышына Турсунбек Акундун түздөн түз катышы деп айтканы белгилүү. Азыр деле ушундай ойдо жүргөн адамдар жок эмес. Ушундан улам сизде окуянын чыгышына, же бейкүнөө адамдардын окко учушуна кандайдыр бир деңгээлде күнөөм бар деген ой жокпу?

-Аксы окуясына катышы бар, ошого тиешелүү адамдардын бардыгынын катышы бар. Күнөөм жок, же эч кандай тиешем жок деп эч ким айта албайт. Мени билесиңер, Аксыдан келгенден кийин мен өзүм катышкандыктан балдар каза болгонун эстеп, менин ыйлап жиберген жактарым дагы болгон. Журналисттер дагы ошону туура эмес түшүнгөн. Кимдин күнөөсү жок, ким ушуну ачык айта алат? Бирок элди жаман оюбуз менен чыгарган жокпуз да. Азимбекти бошотуп алалы, аксылыктардын тилектерин орундаталы, Үзөңгүкууш калып калсын деп, пикетке чыккандан башка жол жок болчу да. Эмне кылышы керек эле? Бизде ошол жерден Боспиектен элди атып салат деп эч кимдин оюна келген эмес да. Эгерде оюна келсе, балдарды өлтүрө турганын алдын ала билсек биз андай иштерге барбайт элек да. Ким билет? Биз Кудай эмес экенбиз да.

-Мына 24-март күнү ыңкылап деп майрамдала турган болду. Муну сиз колдойсузбу?

-Мен толугу менен колдойм. Мен өмүрүмдүн 15 жылын ошол ыңкылапка арнап келгем. Ошол иш 24-март, 2005-жылы ишке ашты. Ал эми ыңкылап эмес, мамлекеттик төңкөрүш дегендерге толугу менен каршымын. Алар ошол биздин мамлекетти көрө албагандыктан, же болбосо азыркы бийликти көрө албагандыктан, азыркы бийликте тургандарга ичи тардыктан айтып айтып жаткан сөз.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG