Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Т.КАКЧЕКЕЕВ: АКСЫ ОКУЯСЫ САЯСИЙ КУРАЛГА АЙЛАНДЫ


Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек Аксыдагы алты жыл мурда болгон окуяны айрым саясатчылар бизнеске айландырып алды, деген пикирдеги саясат таануучу Токтогул Какчекеев “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-Токтогул мырза, Аксы окуясынын чыгышынын алты жылдыгы белгиленип, күнөөлүүлөрдү аныктоо максаты менен Элдик сот өтүп жатса сиз Аксы окуясы саясий бизнеске айланды деген пикириңизди айттыңыз. Буга негиз болчу аргументтериңиз кандай?

-Мен ушундай баа бергенимдин себеби мына мамлекетке каршы чыгып, өзүнүн оюн, пикирин талашып, набыт болгон балдардын арбактарын 6 жылга чейин тынчытпай, жыл сайын ушундай иштерди чыгарып атат. Ошонун толкунунда бир топтору депутат, башкы прокурор болду. Иштен түшкөн сайын кайра эле козгоп атат. Кыргызча дагы, мусулманча дагы өлгөн адам кунун алгандан кийин бата берип туруп кетсин деп айтыш керек. Анан аны талпактай сүйрөп эле, тигиндей-мындай кылыш болбойт. Туура, мамлекеттин чоркок кызматкерлери ок атып, туура эмес күчтү пайдаланганы далилденди, бир эмес 3-4 жолу соттолду. Эми мунун баарын тең эске алып эле, жыл сайын айта берсек, анда Манастын дагы кунун алчу жол болуп калат да.

-Анткен менен мурдагы бийлик деле аксылыктар өкмөткө каршы чыгып, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч алып келди деп кесе айткан эмес. Тескерисинче, эл алдында бири-бирин кинелеп, актанууга аракет кылган. Сиздин оюңузча, демек бул мамлекеттик бийликтин алсыздыгынан улам аягына чыкпай келатабы?

-Мамлекеттин бийлигиндеги чоркок, мамлекеттик ишти билбеген, мыйзамдын баасын сезбеген адамдар ар бир катаал иштерди спекуляциялык иш менен пайда табаарлык, чайкоочулук менен чечилип атат. Ошондуктан эл арсар болуп, чын-төгүнбү деген ой менен буктурмага барып атат. Ошондуктан мамлекет бүгүнкү күндө коркоктугунан, ишти билбестигинен, тууганчылыктан, регионалдык сезимден бири-бирин колдоп, чын-чынына келгенде мамлекеттин аброюн түшүрүп, эртеңки күндө оппозиция болобу, же ушундай иштер болобу, керек болсо басмачылык кыймыл болобу, ошолорду колдогондун жолунда туруп атпайбы.

-Сиз башында Азимбек Бекназаров башкы прокурор жана Жогорку Кеңеште комитетти жетектеп турган кезинде Аксы окуясын аягына чыгарган жок деп кинелеп жатасыз. Бекназаров бизге берген интервьюсунда тергөөнү аягына чыгарууга бийлик башындагылар жол берген жок деп айтты. Мамлекеттик машинага каршы күрөшүүгө бир адамдын күчү менен эрки жетеби же Бекназаровду тушаган башка жагдайлар сизге белгилүүбү?

-Ар бир коркок, же кандайдыр шылтоо издеген адам мени басмырлап атат дейт. Андай болсо Бекназаров айтышы керек, баланча президент, баланча сот, баланча адам мени тепкилеп өлтүрөм деп коркутуп аткандыктан мен барган жокмун деп. Эгерде чын эле аксылыктардын арбагын сыйлап, ошолордун өмүрү Бекназаров үчүн кыйылса, анда ал айтышы керек болчу, өлтүрсөңөр өлтүргүлө, бирок мен барбайм, тапкан маалыматтын баары чечилиш керек, жол ушундай деп айтып, эшикти тээп басып кетсе Бекназаровду бирөө эмне камап коймок беле.

-Бирок ал башкы прокурор болуп турган кезинде ишти аягына чыгарайын деп мурда жабылып калган тергөө иштерин кайра ачып, жаңы жагдайларды издеп табууга аракет кылбады беле. Бул эмнени билдирет?

-Бекназаровдун колунда башкы прокурор болуп турганда милиция, КГБ, бүт органдар турган. Эгерде чын-чынына келгенде саясий эрк болгондо Бекназаров ушул жолду таап, жогорку билимдүү юрист адам болгондон кийин ошолордун баарын чектеп, анан жыйынтык чыгарар эле да. Анан бирөөгө эле шылтап койгон болбойт. Бүгүнкү күндө Кыргызстан инспекторлордун мамлекети болуп калды. Анткени бирөө жооп кайтырууга даяр эмес, анткени ушинтип бири-бирине шылтай беришет. Ошондуктан бул жерде саясий сүткорлук болуп атат.

-Саясат таануучу катары айтсаңыз, азыркы бийлик Аксы окуясынан кандай сабак алышы керек жана акыркы кезде кайра ачылган кылмыш иштерин кантип аягына чыгарыш керек?

-Бул иш туурабы, же туура эмеспи көпчүлүгү саясий жол менен чечилип калды. Мамлекеттик башчылардын буйругун аткарган пагон тагынган адамдар күнөөлөнбөйт. Бул дүйнөлүк практика. Экинчи жагынан чын эле одоно бузулса жеке күнөөлөнөт. Үчүнчүдөн, бийлик өзү жазган мыйзамды өзү талап койгон тартипти сактамайынча эч ким сактабайт дагы, жыл сайын пермаменттик кагышуулар, миңдеген батальон түзгөн адамдар бийликке, бекер токочко колун сунуп тартипти унутуп коюп мыйзамды жокко чыгарып өз ишин кыла берет.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG