Ататүрк сейил багында үйлөр мыйзамсыз курулуп жатканы өткөн жылы май айында ал паркка президент Курманбек Бакиевдин капыс сапарынан кийин ашкере боло баштаган. Президенттик администрациянын кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия парк зонасынан Жер кодексин бузуу менен үй курууга участоктор 2000-жылдан баштап бериле баштаганын жана ушул кезге 120дан ашуун участок берилгенин аныктап чыккан.
Жер алып, үй салгандар катарында Жогорку Соттун мурунку төрагасы Курманбек Осмонов баш болгон жалаң жогорку кызматтарда иштеген кызматкерлер бар экени президенттик администрациянын коллегиясында айтылган. Алардын катарында Темирбек Акматалиев, Кубулбек Мамыров, Осмонакун Ибраимов, Александр Костюк, Апас Жумагулов, Болот Абилдаев, Өмүрбек Кутуев сыяктуу мурунку бийликтин лөктөрү бар. Бирок парктан жер ыңкылаптан кийин да бөлүнгөн. Кийинки мезгилде жер алгандардын катарында мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңештеги «Мекен» депутаттык тобунун депутаттары бар. Алар Искендербек Гаипкулов, Рашид Тагаев, Зия Жамалдинов, Айтибай Тагаев жана башкалар. Азыркы кезде Эсеп палатасынын төрагасы болуп калган Гаипкулов жерге ээ боло электигин «Азаттыкка» билдирди:
-Ал жерден жер алмак тургай, бизге жер көрсөтүп бериле элек. Болгону бизге чечим чыккан болчу. Жер көрсөтүү боюнча иш жүргүзүлө элек. А чечим кайсы жерге чыкканын биз так билбейбиз. Чечимде Ататүрктөн, же башка жерден берилди деп жазылбайт. Болгону мыйзам чегинде 7 сотыхтан жер берилсин деп чыккан. Андан кийин архитектура жерди көрсөтүп бере элек.
Ал эми мурунку кезде жер алган Курманбек Кубатбеков жери боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.
Ататүрк сейил багынан жер мыйзамсыз берилгендигине байланыштуу ал участокторду кайтаруу үчүн Октябрь райондук акимчилиги сотко кайрылган. Октябрь райондук жана Бишкек шаардык соту жерлер мыйзамсыз бөлүнгөн деген чечим чыгарган. Бирок жер ээлери Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Жогорку Сот 18-мартта арызды караган. Анын чечими тууралуу Октябрь райондук акимчилигинин аппарат башчысы Темир Эмилов буларды кабарлады:
-Жогорку Сот ишти карап, терең иликтеп чыгуу үчүн биринчи сот инстанциясына кайра жиберди.
Ошентип Жогорку Сот ишти кайрадан артка кайтарды. Президенттик администрациянын коллегиясы да бир жактуу чечим кабыл ала алган эмес эле. Шаар мэри Данияр Үсөнов белгилегендей Ататүрк паркынан жер алгандар оңой кишилер эмес.Алардын баары депутаттар, мурунку ички иштер министрлери, улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилери, өкмөт мүчөлөрү жана башка таасирлүү адамдар.
Ошондуктан аткаруу бийлиги да, сот бийлиги да алардан чочулап, мыйзамдуулукту орнотуудан тайсалдап, ысык чокту бири-биринин колуна ыргытып жаткан кези.